https://sputnik.kg/20241204/bajden-trampka-muraska-ehmne-kaltyryp-zhatat-1090602034.html
Карааны алыстап бараткан гегемония. Байден Трампка мураска эмне калтырууда
Карааны алыстап бараткан гегемония. Байден Трампка мураска эмне калтырууда
Sputnik Кыргызстан
Sputnik баяндамачысы өзөктүк чырдын чыгуу тобокелчилиги күч болуп турганына карабай АКШ учурда эл аралык жана регионалдык коопсуздук системасынын бекемдигин... 04.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-04T20:04+0600
2024-12-04T20:04+0600
2024-12-04T20:21+0600
дүйнөдө
акш
россия
коопсуздук
согуш
сирия
терроризм
жоопкерчилик
жо байден
дональд трамп
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/02/1090553710_504:222:2602:1402_1920x0_80_0_0_8af523f6a5909154e2bc0de0f0e66333.jpg
Үстөмдүктүн кыйроосуПрезидент Жо Байдендин администрациясынын жүргүзгөн саясаты эл аралык мамиленин тарыхында АКШнын "кансыз согуштан" бери эңсеген глобалдуу үстөмдүккө ээ болууга жанталашкан мезгили катары калат. Биполюстук дүйнөнүн акыркы өкүлдөрүнөн болгон Жо Байден ошол жылдардын конфронтациялык риторикасын кайра жаратып тим болбостон, геосаясий атаандаштарын алсыратуу үчүн аймактык чыр-чатактарды шарттап турду. Байден үчүн Россияны жөн эле кас эмес, эң каардуу идеологиялык душман көргөнү таң калычтуу деле эмес. Доору бүтүп бара жаткан президент СССР деген өлкөнүн жок экенин унутуп деле калышы мүмкүн. Бирок жамааттык Батыштын кынтыксыз гегемониясына негизделген дүйнө тартибинин биротоло орногонун көрө албастыгын Байден деле түшүнүп турат.Согушка суусапАнткен менен Жо Байден Pax Americana — Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин батыш мамлекеттеринин башында турган америкалык дүйнөнүн кайратынан кетип алсыраганына күбө болууга жетишет. Дал ушул америкалык дүйнө АКШнын гана кызыкчылыгын көздөп, глобалдуу үстөмдүккө умтулууга негиз түзүп берген эреже менен нормаларды, институттарды түптөгөн. Дүйнөлүк коомчулуктун каршылыгы, Глобалдуу Түштүктүн экономикалык салмагынын жогорулашы, Россия менен Кытайдын алакасынын бекемделиши батыш мамлекеттерин олуттуу кризиске кептеди. Бул кризисти жамааттык Батыш үстөмдүк кыла албаган дүйнөлүк тартиптин трансформациясына коошуп жашап кетүү зарылчылыгы шарттаган.Мындан тышкары, АКШнын кызыкчылыгы күч болуп турган Глобалдуу Түштүк, Азия-Тынч океаны региону, Жакынкы Чыгыш менен Европадагы өнөктөштөрү эски институттар менен келишимдердин деградацияланышынан улам өз ара ымаланын жаңы механизмдерин иштеп чыгышы керек болот.Pax Americana режиминин кыйроосун ири согуш же регионалдык чыр-чатактар гана жайлата алат, анткени ушул учурда гана союздаштардын башы биригип, кызматташуунун жаңы формалары түзүлөт да АКШнын аскер-өнөр жай комплексине, жалпы экономикасына буйрутмалар арбыйт. Бийликтен кетип жаткан Байден жаңы администрацияга Россия менен дүйнөлүк согуш баштоо тобокелчилигин мурастоодо: украин чыры, Жакынкы Чыгыштагы абал, Израиль менен Ирандын тирешүүсү, Түштүк Кавказдагы олку-солкулук, Борбор Азиядагы террорчулук кооптуулугу жана Азия-Тынч океаны регионундагы чыңалуу буга далил.Глобалдуу жаңжалдын босогосундаУчурдагы президенттин "Согуш партиясы" дүйнөнү чоң тобокелчиликке кептеди, Байден кызматка жаңы келгенде кырдаал туруктуураак эле. Украинага Россиянын тереңдеги аймактарына ATACMS ракеталары менен сокку урууга уруксат берүү кырдаалды оорлоштурууга жасалган батыл кадам. Аны жасагандар Россияны жооп иретинде сокку урууга чагым кылып, аны кийин "дүйнө жүзүн аласалдыра турган коркунуч" деп, натыйжада "бул кооптуулуктарга каршы туруу үчүн" НАТО, андан кийин башка мамлекеттерди тартууга ниеттенип жатышат.Россиянын жооп бербей жатышын алсырады деп түшүнүү туура эмес, орто аралыкка атылуучу "Орешник" баллистикалык ракетасынын кое берилиши РФтин мүмкүнчүлүгүнөн кабар берди. Азыр "Орешник" менен теңтайлаша турган, ага жооп берүүгө алы жеткен курал дүйнөдө жок. Аны Украинанын "чечимдер кабыл алынуучу борборлоруна" сокку уруу үчүн пайдалануу менен Россия күчүн көрсөтүп эле тим болбостон, Украинанын аймагындагы бардык бутаны абадан коргонуу каражаттарынын технологиялык мүмкүнчүлүгүнө карабай жок кыла аларын айтты. Эгер Батыш чырды ырбата берсе аралык кеп эмес экенин дагы бир ирет эскертти: Россия колундагы курал-жарагын дүйнөнүн бардык жерине жеткирүүгө дараметтүү.Эгер аскердик жаңжалдын масштабы кеңее турган болсо Американын амбициясы үчүн Европанын аймагы садага чабылары анык болуп калды. Азыр бул "милдетти" Украина аткарууда. Согуштун курчуп кетүү тобокелдиги дегеле болуп көрбөгөндөй чоң болуп турганда да адамзатты жок кылып кое турчу коркунучтарды ооздуктап, эл аралык коопсуздукка кепилдик бере турган жалгыз күч Россиянын стратегиялык өзөктүк каражаттары экенин ишенимдүү айтууга болот.Тукум курут менен эл аралык жихаддын шыкакчыларыАдамзат глобалдуу өзөктүк согуштун босогосунда турганына карабастан АКШ эл арадык жана регионалдык коопсуздуктун иштеп жаткан бардык режимине "тийишип" көрүүдө, кудум тагдыр чеччү артыкчылыктарды кайтарып бере турган жылчык издеп жаткандай. БУУнун Коопсуздук кеңеши Израилдин Газа секторундагы кыргыны менен Ливандагы аскердик операциясын жыл бою токтото алган жок. Натыйжада миңдеп саналган адам өмүрү кыйылып, инфтраструктура талкаланып, палестиналык ХАМАС жана ливандык "Хезболла" кыймылдарынын жетекчилери каза болду.Байдендин администрациясы Израиль менен "Хезболланын" жарашуусун да өзүнө ыйгарып, эми Сирияда "эл аралык жихаддын" фронтун ачууда. Өзүн "сириялык оппозиция" деп атаган топтун курамындагы согушкерлер Алеппо шаарын басып алууга катышты, арасында Борбор Азия мамлекеттеринен баргандар да бар экени айтылууда. Сирияда террорчулар күчтөнүп, көпкө чейин тынчтык бербей турган болсо Россия менен Борбор Азия мамлекеттеринде дымып жаткан күчтөрдүн жанданып кетиши мүмкүн экенин да эстен чыгарбоо кажет.Сириядагы 10 жыл мурунку окуялардын кайталанып, террорчулардын очогона айлануусу бир евразиялык мейкиндиктеги Жакынкы Чыгыш менен Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч жаратат. Байдендин администрациясы террорчулардын Алеппого кириши "аябай таң калтырганын" айтканы менен "көңүл көтөрөр жаңылык" болгонун божомолдосок болот. Анткени террорчулардын баскынчылыгы Россия менен Ирандын Сириядагы кызыкчылыгына доо кетирип, Украинага тартылган россиялык аскерлерди алаксытууга багытталышы мүмкүн. Жалпы жонунан мунун баары АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чек араларды өзгөртүү боюнча долбоору жанданганын көрсөтүп турат, ага региондогу союздаштары, НАТО жардам берүүдө. Эгер Сириядагы кризис созулуп кете турган болсо террордук кооптуулук Сахель менен Түндүк Африкага жылат деп божомолдоого негиз жаралат. Ал эми мунун кесепети жалпы эл аралык коопсуздук системасын бир топко чейин бүлгүнгө учуратып коеру айкын.Тынчтык орнойбуСаясатчылар менен эксперттердин басымдуу бөлүгү дүйнөдөгү абалды, өзгөчө Украина менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жакшыртат деп Дональд Трамптын администрациясына үмүт артууда. Анткен менен Трамптын согуш отун токтотуу боюнча шайлоо алдындагы убадалары менен билдирүүлөрү биринчи кезекте Американын элине багытталарын, эл аралык коомчулуктун пикири акыркы кезекте эске алынарын түшүнүү керек. Трамптын коопсуздуктун глобалдуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча айткандары 2017-жылы "Ислам мамлекети" террордук уюму жок кылынганы тууралуу билдирүүсүнө окшош. Америкалыктар ынанышкан, ал эми Сириядагы жумуштун баарын жасаган Россиянын пикирин эч ким уккан эмес. Азыр да ошол сыяктуу болушу мүмкүн, мындан улам Трамптын "дүйнө жүзүндө тынчтык орнотуу" убадасына этияттык менен кароо керек. Жок дегенде президенттигинин биринчи жылында иш-аракетине жөн гана баам салып туруу зарыл. Коопсуздукка таасирин тийгизе ала турган Россия, Кытай жана башка мамлекеттердин жетекчиликтеринин билдирүүсүндө да ушул саясат байкалып турат.Коопсуздук маселесин тереңирээк карай келсек, учурда ЖККУ менен ШКУ жоопкерчилигиндеги зона дүйнөдөгү коопсуздуктун туруктуу мейкиндиги болуп турат, бул уюмдарга кирген мамлекеттердин милдети ошол туруктуулукту сактоо болуп саналат. Астанада жакында эле болуп өткөн ЖККУнун саммити уюмдун мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун тобокелчиликтерин жакшы түшүнүп, бул багытта кызматташууну күчөтүүгө кызыкдар экенин көрсөттү. ЖККУ алкагында союздаштыкты бекемдөө эл аралык саясий абал олку-солку болуп турганда регионалдык коопсуздукту сактай турчу жападан жалгыз механизм экени анык болуп турат.
https://sputnik.kg/20241010/izraildin-zhakynky-chygyshta-kozdogonu-ehmne-1089359316.html
https://sputnik.kg/20241029/briks-buunun-akyrky-umutu-zhana-zhany-dujno-tuuraluu-1089839974.html
акш
сирия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Эсен Усубалиев
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1b/1078957312_752:104:2065:1417_100x100_80_0_0_d0c395fa0e0ea633e996fddfe3473d5e.jpg
Эсен Усубалиев
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1b/1078957312_752:104:2065:1417_100x100_80_0_0_d0c395fa0e0ea633e996fddfe3473d5e.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/02/1090553710_419:194:2450:1717_1920x0_80_0_0_34360c7fd65bc194718ebacae768c69a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Эсен Усубалиев
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1b/1078957312_752:104:2065:1417_100x100_80_0_0_d0c395fa0e0ea633e996fddfe3473d5e.jpg
дүйнөдө, акш, россия, коопсуздук, согуш, сирия, терроризм, жоопкерчилик, жо байден, дональд трамп, колумнистика, колумнисттер
дүйнөдө, акш, россия, коопсуздук, согуш, сирия, терроризм, жоопкерчилик, жо байден, дональд трамп, колумнистика, колумнисттер
Карааны алыстап бараткан гегемония. Байден Трампка мураска эмне калтырууда
20:04 04.12.2024 (Жаңыртылды: 20:21 04.12.2024) Sputnik баяндамачысы өзөктүк чырдын чыгуу тобокелчилиги күч болуп турганына карабай АКШ учурда эл аралык жана регионалдык коопсуздук системасынын бекемдигин улам сынап көрүп, электен өткөн "эл аралык жихад" схемасын иштетүүдө деген пикирде.
Президент Жо Байдендин администрациясынын жүргүзгөн саясаты эл аралык мамиленин тарыхында АКШнын "кансыз согуштан" бери эңсеген глобалдуу үстөмдүккө ээ болууга жанталашкан мезгили катары калат. Биполюстук дүйнөнүн акыркы өкүлдөрүнөн болгон Жо Байден ошол жылдардын конфронтациялык риторикасын кайра жаратып тим болбостон, геосаясий атаандаштарын алсыратуу үчүн аймактык чыр-чатактарды шарттап турду. Байден үчүн Россияны жөн эле кас эмес, эң каардуу идеологиялык душман көргөнү таң калычтуу деле эмес. Доору бүтүп бара жаткан президент СССР деген өлкөнүн жок экенин унутуп деле калышы мүмкүн. Бирок жамааттык Батыштын кынтыксыз гегемониясына негизделген дүйнө тартибинин биротоло орногонун көрө албастыгын Байден деле түшүнүп турат.
Анткен менен Жо Байден Pax Americana — Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин батыш мамлекеттеринин башында турган америкалык дүйнөнүн кайратынан кетип алсыраганына күбө болууга жетишет. Дал ушул америкалык дүйнө АКШнын гана кызыкчылыгын көздөп, глобалдуу үстөмдүккө умтулууга негиз түзүп берген эреже менен нормаларды, институттарды түптөгөн. Дүйнөлүк коомчулуктун каршылыгы, Глобалдуу Түштүктүн экономикалык салмагынын жогорулашы, Россия менен Кытайдын алакасынын бекемделиши батыш мамлекеттерин олуттуу кризиске кептеди. Бул кризисти жамааттык Батыш үстөмдүк кыла албаган дүйнөлүк тартиптин трансформациясына коошуп жашап кетүү зарылчылыгы шарттаган.
Мындан тышкары, АКШнын кызыкчылыгы күч болуп турган Глобалдуу Түштүк, Азия-Тынч океаны региону, Жакынкы Чыгыш менен Европадагы өнөктөштөрү эски институттар менен келишимдердин деградацияланышынан улам өз ара ымаланын жаңы механизмдерин иштеп чыгышы керек болот.
Pax Americana режиминин кыйроосун ири согуш же регионалдык чыр-чатактар гана жайлата алат, анткени ушул учурда гана союздаштардын башы биригип, кызматташуунун жаңы формалары түзүлөт да АКШнын аскер-өнөр жай комплексине, жалпы экономикасына буйрутмалар арбыйт. Бийликтен кетип жаткан Байден жаңы администрацияга Россия менен дүйнөлүк согуш баштоо тобокелчилигин мурастоодо: украин чыры, Жакынкы Чыгыштагы абал, Израиль менен Ирандын тирешүүсү, Түштүк Кавказдагы олку-солкулук, Борбор Азиядагы террорчулук кооптуулугу жана Азия-Тынч океаны регионундагы чыңалуу буга далил.
Глобалдуу жаңжалдын босогосунда
Учурдагы президенттин "Согуш партиясы" дүйнөнү чоң тобокелчиликке кептеди, Байден кызматка жаңы келгенде кырдаал туруктуураак эле. Украинага Россиянын тереңдеги аймактарына ATACMS ракеталары менен сокку урууга уруксат берүү кырдаалды оорлоштурууга жасалган батыл кадам. Аны жасагандар Россияны жооп иретинде сокку урууга чагым кылып, аны кийин "дүйнө жүзүн аласалдыра турган коркунуч" деп, натыйжада "бул кооптуулуктарга каршы туруу үчүн" НАТО, андан кийин башка мамлекеттерди тартууга ниеттенип жатышат.
Россиянын жооп бербей жатышын алсырады деп түшүнүү туура эмес, орто аралыкка атылуучу "Орешник" баллистикалык ракетасынын кое берилиши РФтин мүмкүнчүлүгүнөн кабар берди. Азыр "Орешник" менен теңтайлаша турган, ага жооп берүүгө алы жеткен курал дүйнөдө жок. Аны Украинанын "чечимдер кабыл алынуучу борборлоруна" сокку уруу үчүн пайдалануу менен Россия күчүн көрсөтүп эле тим болбостон, Украинанын аймагындагы бардык бутаны абадан коргонуу каражаттарынын технологиялык мүмкүнчүлүгүнө карабай жок кыла аларын айтты. Эгер Батыш чырды ырбата берсе аралык кеп эмес экенин дагы бир ирет эскертти: Россия колундагы курал-жарагын дүйнөнүн бардык жерине жеткирүүгө дараметтүү.
Эгер аскердик жаңжалдын масштабы кеңее турган болсо Американын амбициясы үчүн Европанын аймагы садага чабылары анык болуп калды. Азыр бул "милдетти" Украина аткарууда. Согуштун курчуп кетүү тобокелдиги дегеле болуп көрбөгөндөй чоң болуп турганда да адамзатты жок кылып кое турчу коркунучтарды ооздуктап, эл аралык коопсуздукка кепилдик бере турган жалгыз күч Россиянын стратегиялык өзөктүк каражаттары экенин ишенимдүү айтууга болот.
Тукум курут менен эл аралык жихаддын шыкакчылары
Адамзат глобалдуу өзөктүк согуштун босогосунда турганына карабастан АКШ эл арадык жана регионалдык коопсуздуктун иштеп жаткан бардык режимине "тийишип" көрүүдө, кудум тагдыр чеччү артыкчылыктарды кайтарып бере турган жылчык издеп жаткандай. БУУнун Коопсуздук кеңеши Израилдин Газа секторундагы кыргыны менен Ливандагы аскердик операциясын жыл бою токтото алган жок. Натыйжада миңдеп саналган адам өмүрү кыйылып, инфтраструктура талкаланып, палестиналык ХАМАС жана ливандык "Хезболла" кыймылдарынын жетекчилери каза болду.
Байдендин администрациясы Израиль менен "Хезболланын" жарашуусун да өзүнө ыйгарып, эми Сирияда "эл аралык жихаддын" фронтун ачууда. Өзүн "сириялык оппозиция" деп атаган топтун курамындагы согушкерлер Алеппо шаарын басып алууга катышты, арасында Борбор Азия мамлекеттеринен баргандар да бар экени айтылууда. Сирияда террорчулар күчтөнүп, көпкө чейин тынчтык бербей турган болсо Россия менен Борбор Азия мамлекеттеринде дымып жаткан күчтөрдүн жанданып кетиши мүмкүн экенин да эстен чыгарбоо кажет.
Сириядагы 10 жыл мурунку окуялардын кайталанып, террорчулардын очогона айлануусу бир евразиялык мейкиндиктеги Жакынкы Чыгыш менен Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч жаратат. Байдендин администрациясы террорчулардын Алеппого кириши "аябай таң калтырганын" айтканы менен "көңүл көтөрөр жаңылык" болгонун божомолдосок болот. Анткени террорчулардын баскынчылыгы Россия менен Ирандын Сириядагы кызыкчылыгына доо кетирип, Украинага тартылган россиялык аскерлерди алаксытууга багытталышы мүмкүн. Жалпы жонунан мунун баары АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чек араларды өзгөртүү боюнча долбоору жанданганын көрсөтүп турат, ага региондогу союздаштары, НАТО жардам берүүдө. Эгер Сириядагы кризис созулуп кете турган болсо террордук кооптуулук Сахель менен Түндүк Африкага жылат деп божомолдоого негиз жаралат. Ал эми мунун кесепети жалпы эл аралык коопсуздук системасын бир топко чейин бүлгүнгө учуратып коеру айкын.
Саясатчылар менен эксперттердин басымдуу бөлүгү дүйнөдөгү абалды, өзгөчө Украина менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жакшыртат деп Дональд Трамптын администрациясына үмүт артууда. Анткен менен Трамптын согуш отун токтотуу боюнча шайлоо алдындагы убадалары менен билдирүүлөрү биринчи кезекте Американын элине багытталарын, эл аралык коомчулуктун пикири акыркы кезекте эске алынарын түшүнүү керек. Трамптын коопсуздуктун глобалдуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча айткандары 2017-жылы "Ислам мамлекети" террордук уюму жок кылынганы тууралуу билдирүүсүнө окшош. Америкалыктар ынанышкан, ал эми Сириядагы жумуштун баарын жасаган Россиянын пикирин эч ким уккан эмес. Азыр да ошол сыяктуу болушу мүмкүн, мындан улам Трамптын "дүйнө жүзүндө тынчтык орнотуу" убадасына этияттык менен кароо керек. Жок дегенде президенттигинин биринчи жылында иш-аракетине жөн гана баам салып туруу зарыл. Коопсуздукка таасирин тийгизе ала турган Россия, Кытай жана башка мамлекеттердин жетекчиликтеринин билдирүүсүндө да ушул саясат байкалып турат.
Коопсуздук маселесин тереңирээк карай келсек, учурда ЖККУ менен ШКУ жоопкерчилигиндеги зона дүйнөдөгү коопсуздуктун туруктуу мейкиндиги болуп турат, бул уюмдарга кирген мамлекеттердин милдети ошол туруктуулукту сактоо болуп саналат. Астанада жакында эле болуп өткөн ЖККУнун саммити уюмдун мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун тобокелчиликтерин жакшы түшүнүп, бул багытта кызматташууну күчөтүүгө кызыкдар экенин көрсөттү. ЖККУ алкагында союздаштыкты бекемдөө эл аралык саясий абал олку-солку болуп турганда регионалдык коопсуздукту сактай турчу жападан жалгыз механизм экени анык болуп турат.