https://sputnik.kg/20241029/briks-buunun-akyrky-umutu-zhana-zhany-dujno-tuuraluu-1089839974.html
БРИКС ааламды өзгөртүүдө. БУУнун акыркы үмүтү жана жаңы дүйнө тартиби
БРИКС ааламды өзгөртүүдө. БУУнун акыркы үмүтү жана жаңы дүйнө тартиби
Sputnik Кыргызстан
БРИКС саммити — дүйнө тартибин трансформациялоо процессинин бир бөлүгү, ал эми анын Казанда өткөрүлүшү Россиянын тышкы саясатынын ийгилигин, ошондой эле... 29.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-29T19:05+0600
2024-10-29T19:05+0600
2024-10-29T19:05+0600
дүйнөдө
россия
брикс
саммит
саясат
экономика
буу
реформа
колумнистика
аналитика
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/18/1089731186_0:0:3036:1708_1920x0_80_0_0_95bb0f310babff6acf5081fb6df8aff9.jpg
Жаңы архитектуранын контуруКазанда дүйнөлүк масштабдагы башкы окуя — Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка, Египет, Эфиопия, Иран, Сауд Арабиясы жана БАЭ мүчө болгон БРИКСтин XVI саммити ийгиликтүү жыйынтыкталды. Россиянын уюмдагы төрагалыгы абдан майнаптуу өттү дегенге негиз жетиштүү: бул жыл аралыгында саясий диалог, коопсуздук, соода жана финансы, банк чөйрөсү, өнөр жай, маданият, илим, технология жаатында кызматташууну камтыган 200дөй иш-чара болду.Мунун баары БРИКСтин эле кадырын арттырып тим болбостон өз ара алаканын келечектеги архитектурасынын контурун даана көрсөттү.Батыштын өзүн-өзү обочолонтуусуБуга чейинки ийгиликтер, өзгөчө акыркы учурдагы талыбаган мээнеттин натыйжасында Казанда өткөн БРИКС саммити эл аралык мамилелердин тарыхына бурулуш жасаган окуя катары кирет: Евразия жана Глобалдуу Түштүк өлкөлөрү алдыңкы позицияга чыгып, бул бүтүндөй адамзаттын келечегин аныктамакчы. Мындай шартта евроатлантикалык дүйнө соңуна чыгып, сахнадан түшөрүн же жагдайга ыңгайлашарын убакыт көрсөтөт.Ушу тапта БРИКС башка мамлекеттер менен алака куруп жатат, буга Батыштын эч кандай тиешеси жок. Бирикме Батышка каршы эмес, бирок анын ажаан жана теңсинбеген саясатынан улам Батыш БРИКСтин алкагындагы процесстерге кошулган жок. Саммитке 22 мамлекеттин президенттери, БУУнун баш катчысы башында турган 35 мамлекеттин жогорку делегацияларынын келиши Россияны обочолонтуу боюнча идеянын таш-талканын чыгарды.Эл аралык мамиленин жаңы, адилеттүү жана инклюзивдүү системасын түзүү процессинен четтеп, изоляцияда калганын жамааттык Батыштын сезген-сезбегенин айтуу азырынча оор. Кайсы бир тарапка артыкчылык берилбеген, чечим тең укукта кабыл алынган реалдуулукка ыңгайлашуу, албетте, татаал болот. Демек, БРИКС мамлекеттери бул процессти шашпай, пикир келишпестикти алдын алып, этап-этабы менен ишке ашыра алат.Анткен менен "конфронтация менен ультиматум" азырынча дипломатиянын ажырагыс бөлүгү болуп турат. БУУнун негизги структураларындагы кризис диалог менен өз ара түшүнүшүүнү да кыйла оорлотууда. Ошентсе да БРИКС — БУУ менен эл аралык укук системасын дүйнө тартибинин негизги элементи катары караган кызматташууга ачык аянтча.Үстөмдүккө кеткен дооБатыштын, негизинен АКШ менен Евробиримдиктин эл аралык саясий коопсуздук маселелерин БУУдан кыйгап өтүп чечкен саясаты кансыз согуштан кийинки бир полюстуу дүйнө түзүлүшүн кыйроого кептеген тажрыйба болуп калды. БУУ уставына, эл аралык укукка, тынчтыкты сактоодогу Коопсуздук кеңешинин ролуна кол шилтеп коюу азыркы эл аралык мамиленин башкы көйгөйү болуп саналат.Батыштын түшүнүгүндө бул "эрежеге негизделген тартип" болуп саналып, ал эми иш жүзүндө "менин тартибим, менин эрежем" дегенди билдирет. Албетте, БУУнун мурунку ролу мындай тартипке сыя албайт, анын реформасы дагы АКШ менен анын союздаштарынын пайдасына жүргүзүлүшү керек имиш. Мисалы, туруктуу мүчө катары Германия менен Японияны киргизүү сунушун батыш коомчулугунун эл аралык саясий чечимдерди кабыл алуу системасындагы үстөмдүгүн бекемдөө аракети катары баалаш керек.Көп тараптуулуктун кайра жаралуусуБУУнун башкы органы болгон Коопсуздук кеңешин реформалоо көптөн бери эл аралык алаканын күн тартибиндеги маселе болуп келет. БРИКСтин катышуучулары Йоханнесбургда өткөн былтыркы саммитинде да Коопсуздук кеңешин Африка, Азия жана Латын Америка мамлекеттеринин (негизинен Бразилия, Индия жана ТАР) эсебинен кеңейтүү зарылдыгын айтышкан. Казанда өткөн саммиттин жыйынтыгы менен кабыл алынган декларацияда мүчө өлкөлөр демократиялуулукту, майнаптуулукту жогорулатуу үчүн "БУУну, ошондой эле Коопсуздук кеңешин баштан-аяк реформалоону" колдой турганы жана Коопсуздук кеңешинде өнүгүп жатат деп көрсөтүлгөн мамлекеттердин санын көбөйтүүгө чакырышканы айтылат.Россия президенти Владимир Путин "БРИКС+/аутрич" форматындагы жыйында сүйлөп жатып БУУнун глобалдуу финансылык структураларын жана өнүктүрүү институттарын реформалоо зарылдыгы тууралуу айтты. "Акыркы он жылдыкта дүйнөлүк экономикада өнүгүп жаткан мамлекеттердин салмагы кыйла артты, бирок бул Эл аралык валюта фондунун, Дүйнөлүк банктын жана башка өнүктүрүү банктарынын башкаруу системасында эч эске алынган жок", — деди РФ лидери. Демек, БРИКС Чыгыш жана Глобалдуу Түштүк мамлекеттеринин кызыкчылыгы корголгон жалгыз эл аралык аянтча болуп калганын көрүүгө болот. Мында бул өлкөлөрдүн кызыкчылыгы кээде БУУдагыдан да майнаптуураак эске алынып жаткандай.Албетте, БРИКС БУУну алмаштырууну көздөбөйт, бирок бирикменин дүйнөлүк саясатка жана эл аралык коопсуздукка таасиринин өсүп жатканын саммитке келген баш катчы Антониу Гуттериш да тана алган жок. Гуттериш бул сапары менен БУУнун азыркы кырдаалда эмнеге артыкчылык берерин көрсөтүп, Украинанын сынына, Израилдин нон-грата персонасы деп атаганына караган жок.Акыркы үмүтБУУнун жана анын баш катчысынын кадыры азыр болуп көрбөгөндөй төмөн экенин эч ким жокко чыгара албайт. Буга Батыштын так бир максатты көздөгөн саясаты да, баш катчынын өзүнүн чекиликтери да себеп. БУУ ушу тапта БРИКСке глобалдуу көпчүлүктүн кызыкчылыгын туу тутуп, уюмду сактап калууга жана адилеттүү реформаланышына кепилдик берүүгө жөндөмдүү жападан жалгыз күч катары үмүт артып жатышы да мүмкүн.БУУнун кадыр-баркынын түшүп, Коопсуздук кеңешинин тикелей милдеттерин аткаруудагы чабалдыгынан улам Газа сектору менен Ливанда аскердик операциясын улантып жаткан Израилдин соккулары жоопсуз калууда. Палестинанын 1967-жылдагы чек арасы менен БУУга тең укуктуу мүчө болушун БРИКСтин колдоосу тынчтык орнотууга негиз болуп бере алат. Бирок дүйнө тартиби түп-тамырынан өзгөрмөйүнчө Жакынкы Чыгышта, дегеле жалпы планетада тынчтыктын орношу күмөн.Дүйнөнүн эртеңиБРИКС саммитин оор учурга карабастан Россиянын тышкы саясатынын ийгилиги деп саноого болот. Дүйнөлүк көпчүлүк уюмдун саясаттагы, коопсуздук менен экономикадагы, маданий жана гуманитардык тармактагы демилгелерин ынтаа менен колдоп жатканы айдан ачык болуп калды. Ошентсе да саммиттин маанисин, Казань декларациясын, өлкө башчыларынын билдирүүлөрүн дүйнө тартибин трансформациялоонун узакка созулчу процессинин бир бөлүгү катары кароо кажет.
https://sputnik.kg/20241028/kytajda-putindin-zhenishi-tuuraluu-ajtyldy-1089807076.html
https://sputnik.kg/20241025/putin-22-iret-liderler-menen-kol-alyshty-1089751434.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Эсен Усубалиев
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1b/1078957312_752:104:2065:1417_100x100_80_0_0_d0c395fa0e0ea633e996fddfe3473d5e.jpg
Эсен Усубалиев
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1b/1078957312_752:104:2065:1417_100x100_80_0_0_d0c395fa0e0ea633e996fddfe3473d5e.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/18/1089731186_108:0:2839:2048_1920x0_80_0_0_48a1f2119848d3cb40170de5df9f750d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Эсен Усубалиев
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1b/1078957312_752:104:2065:1417_100x100_80_0_0_d0c395fa0e0ea633e996fddfe3473d5e.jpg
дүйнөдө, россия, брикс, саммит, саясат, экономика, буу, реформа, колумнистика, аналитика, колумнисттер
дүйнөдө, россия, брикс, саммит, саясат, экономика, буу, реформа, колумнистика, аналитика, колумнисттер
БРИКС ааламды өзгөртүүдө. БУУнун акыркы үмүтү жана жаңы дүйнө тартиби
БРИКС саммити — дүйнө тартибин трансформациялоо процессинин бир бөлүгү, ал эми анын Казанда өткөрүлүшү Россиянын тышкы саясатынын ийгилигин, ошондой эле Батыштын аны обочолонтуу саясаты кыйраганын көрсөттү.
Жаңы архитектуранын контуру
Казанда дүйнөлүк масштабдагы башкы окуя — Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка, Египет, Эфиопия, Иран, Сауд Арабиясы жана БАЭ мүчө болгон БРИКСтин XVI саммити ийгиликтүү жыйынтыкталды. Россиянын уюмдагы төрагалыгы абдан майнаптуу өттү дегенге негиз жетиштүү: бул жыл аралыгында саясий диалог, коопсуздук, соода жана финансы, банк чөйрөсү, өнөр жай, маданият, илим, технология жаатында кызматташууну камтыган 200дөй иш-чара болду.
Мунун баары БРИКСтин эле кадырын арттырып тим болбостон өз ара алаканын келечектеги архитектурасынын контурун даана көрсөттү.
Батыштын өзүн-өзү обочолонтуусу
Буга чейинки ийгиликтер, өзгөчө акыркы учурдагы талыбаган мээнеттин натыйжасында Казанда өткөн БРИКС саммити эл аралык мамилелердин тарыхына бурулуш жасаган окуя катары кирет: Евразия жана Глобалдуу Түштүк өлкөлөрү алдыңкы позицияга чыгып, бул бүтүндөй адамзаттын келечегин аныктамакчы. Мындай шартта евроатлантикалык дүйнө соңуна чыгып, сахнадан түшөрүн же жагдайга ыңгайлашарын убакыт көрсөтөт.
Ушу тапта БРИКС башка мамлекеттер менен алака куруп жатат, буга Батыштын эч кандай тиешеси жок. Бирикме Батышка каршы эмес, бирок анын ажаан жана теңсинбеген саясатынан улам Батыш БРИКСтин алкагындагы процесстерге кошулган жок. Саммитке 22 мамлекеттин президенттери, БУУнун баш катчысы башында турган 35 мамлекеттин жогорку делегацияларынын келиши Россияны обочолонтуу боюнча идеянын таш-талканын чыгарды.
Эл аралык мамиленин жаңы, адилеттүү жана инклюзивдүү системасын түзүү процессинен четтеп, изоляцияда калганын жамааттык Батыштын сезген-сезбегенин айтуу азырынча оор. Кайсы бир тарапка артыкчылык берилбеген, чечим тең укукта кабыл алынган реалдуулукка ыңгайлашуу, албетте, татаал болот. Демек, БРИКС мамлекеттери бул процессти шашпай, пикир келишпестикти алдын алып, этап-этабы менен ишке ашыра алат.
Анткен менен "конфронтация менен ультиматум" азырынча дипломатиянын ажырагыс бөлүгү болуп турат. БУУнун негизги структураларындагы кризис диалог менен өз ара түшүнүшүүнү да кыйла оорлотууда. Ошентсе да БРИКС — БУУ менен эл аралык укук системасын дүйнө тартибинин негизги элементи катары караган кызматташууга ачык аянтча.
Батыштын, негизинен АКШ менен Евробиримдиктин эл аралык саясий коопсуздук маселелерин БУУдан кыйгап өтүп чечкен саясаты кансыз согуштан кийинки бир полюстуу дүйнө түзүлүшүн кыйроого кептеген тажрыйба болуп калды. БУУ уставына, эл аралык укукка, тынчтыкты сактоодогу Коопсуздук кеңешинин ролуна кол шилтеп коюу азыркы эл аралык мамиленин башкы көйгөйү болуп саналат.
Батыштын түшүнүгүндө бул "эрежеге негизделген тартип" болуп саналып, ал эми иш жүзүндө "менин тартибим, менин эрежем" дегенди билдирет. Албетте, БУУнун мурунку ролу мындай тартипке сыя албайт, анын реформасы дагы АКШ менен анын союздаштарынын пайдасына жүргүзүлүшү керек имиш. Мисалы, туруктуу мүчө катары Германия менен Японияны киргизүү сунушун батыш коомчулугунун эл аралык саясий чечимдерди кабыл алуу системасындагы үстөмдүгүн бекемдөө аракети катары баалаш керек.
Көп тараптуулуктун кайра жаралуусу
БУУнун башкы органы болгон Коопсуздук кеңешин реформалоо көптөн бери эл аралык алаканын күн тартибиндеги маселе болуп келет. БРИКСтин катышуучулары Йоханнесбургда өткөн былтыркы саммитинде да Коопсуздук кеңешин Африка, Азия жана Латын Америка мамлекеттеринин (негизинен Бразилия, Индия жана ТАР) эсебинен кеңейтүү зарылдыгын айтышкан. Казанда өткөн саммиттин жыйынтыгы менен кабыл алынган декларацияда мүчө өлкөлөр демократиялуулукту, майнаптуулукту жогорулатуу үчүн "БУУну, ошондой эле Коопсуздук кеңешин баштан-аяк реформалоону" колдой турганы жана Коопсуздук кеңешинде өнүгүп жатат деп көрсөтүлгөн мамлекеттердин санын көбөйтүүгө чакырышканы айтылат.
Россия президенти Владимир Путин "БРИКС+/аутрич" форматындагы жыйында сүйлөп жатып БУУнун глобалдуу финансылык структураларын жана өнүктүрүү институттарын реформалоо зарылдыгы тууралуу айтты. "Акыркы он жылдыкта дүйнөлүк экономикада өнүгүп жаткан мамлекеттердин салмагы кыйла артты, бирок бул Эл аралык валюта фондунун, Дүйнөлүк банктын жана башка өнүктүрүү банктарынын башкаруу системасында эч эске алынган жок", — деди РФ лидери. Демек, БРИКС Чыгыш жана Глобалдуу Түштүк мамлекеттеринин кызыкчылыгы корголгон жалгыз эл аралык аянтча болуп калганын көрүүгө болот. Мында бул өлкөлөрдүн кызыкчылыгы кээде БУУдагыдан да майнаптуураак эске алынып жаткандай.
Албетте, БРИКС БУУну алмаштырууну көздөбөйт, бирок бирикменин дүйнөлүк саясатка жана эл аралык коопсуздукка таасиринин өсүп жатканын саммитке келген баш катчы Антониу Гуттериш да тана алган жок. Гуттериш бул сапары менен БУУнун азыркы кырдаалда эмнеге артыкчылык берерин көрсөтүп, Украинанын сынына, Израилдин нон-грата персонасы деп атаганына караган жок.
БУУнун жана анын баш катчысынын кадыры азыр болуп көрбөгөндөй төмөн экенин эч ким жокко чыгара албайт. Буга Батыштын так бир максатты көздөгөн саясаты да, баш катчынын өзүнүн чекиликтери да себеп. БУУ ушу тапта БРИКСке глобалдуу көпчүлүктүн кызыкчылыгын туу тутуп, уюмду сактап калууга жана адилеттүү реформаланышына кепилдик берүүгө жөндөмдүү жападан жалгыз күч катары үмүт артып жатышы да мүмкүн.
БУУнун кадыр-баркынын түшүп, Коопсуздук кеңешинин тикелей милдеттерин аткаруудагы чабалдыгынан улам Газа сектору менен Ливанда аскердик операциясын улантып жаткан Израилдин соккулары жоопсуз калууда. Палестинанын 1967-жылдагы чек арасы менен БУУга тең укуктуу мүчө болушун БРИКСтин колдоосу тынчтык орнотууга негиз болуп бере алат. Бирок дүйнө тартиби түп-тамырынан өзгөрмөйүнчө Жакынкы Чыгышта, дегеле жалпы планетада тынчтыктын орношу күмөн.
БРИКС саммитин оор учурга карабастан Россиянын тышкы саясатынын ийгилиги деп саноого болот. Дүйнөлүк көпчүлүк уюмдун саясаттагы, коопсуздук менен экономикадагы, маданий жана гуманитардык тармактагы демилгелерин ынтаа менен колдоп жатканы айдан ачык болуп калды. Ошентсе да саммиттин маанисин, Казань декларациясын, өлкө башчыларынын билдирүүлөрүн дүйнө тартибин трансформациялоонун узакка созулчу процессинин бир бөлүгү катары кароо кажет.