Алптар, генийлер, таланттар! Кыргыз киносунун үлкөндөрүнүн экрандагы ирмемдери
Алптар, генийлер, таланттар! Кыргыз киносунун үлкөндөрүнүн экрандагы ирмемдери
Sputnik Кыргызстан
Ар бир тармактын өзүнүн гүлдөгөн доору болот. Кыргызстандагы кино тармагынын биз тамшанып айтып бүтө албаган өнүккөн учуру Советтер Союзуна туш келген. Ал... 17.11.2024, Sputnik Кыргызстан
Анткен менен азыркы Кыргызстанда да бир топ кинокартиналар жаралып, көрөрмандардын арзуусунда. Бирок баары бир "кыргыз керемети" кайталангыс болуп калгандай....17-ноябрь — өлкөнүн кинематографисттеринин кесиптик майрамы, Кыргыз киносунун күнү.Төмөндө Кыргызстандын гениалдуу, таланттуу режиссерлору жараткан фильмдердеги улуу, алп, уникалдуу актер, актрисалардын кинодогу ирмемдерин окурмандарга тартуулайбыз.
Ар бир тармактын өзүнүн гүлдөгөн доору болот. Кыргызстандагы кино тармагынын биз тамшанып айтып бүтө албаган өнүккөн учуру Советтер Союзуна туш келген. Ал учурда "кыргыз керемети" аталып, кыргыз киносу эң жогорку деңгээлге чыккан.
Анткен менен азыркы Кыргызстанда да бир топ кинокартиналар жаралып, көрөрмандардын арзуусунда. Бирок баары бир "кыргыз керемети" кайталангыс болуп калгандай....
17-ноябрь — өлкөнүн кинематографисттеринин кесиптик майрамы, Кыргыз киносунун күнү.
Төмөндө Кыргызстандын гениалдуу, таланттуу режиссерлору жараткан фильмдердеги улуу, алп, уникалдуу актер, актрисалардын кинодогу ирмемдерин окурмандарга тартуулайбыз.
Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева. Алар элеттик жубайлардын ролун аткарган. Геннадий Базаровдун "Көчө" кинокартинасынан бир көрүнүш.
Кыргыздын шедевр кинокартиналарынын бири — "Бакайдын жайыты". Төлөмүш Океев бул киного кыргыз театрынын дөө-шааларын чакырган. Бакайдын ролунда Кыргыз эл артисти, СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов.
Баралына келип, таланты тапталган эки мыкты. СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова Төлөмүш Океевдин "Улан" фильминде, Ысык-Көл, 1977-жыл.
Толгонай жакындарын согуш жалмаган, бирок миң кайгыны былк этпей көтөргөн кайраттуу, ичтен сызганы менен каардуу да боло билген ЭНЕ. Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолу" киносундагы актриса Бакен Кыдыкеева.
Кыргыз Республикасынын эл артисти Орозбек Кутманалиев "Бөрү зындан" фильминде. Бул тасма тууралуу кезегинде Советтер Союзунда бир топ талкуу, алкоо, мактоо болгон.
Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов. Режиссёр Дооронбек Садырбаевдин "Акбаранын көз жашы" тасмасына тартылып жаткан учур. Ош облусу, 1988-жыл.
СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев "Көздүн кареги" тасмасында, 1975-жыл. Режиссеру — Геннадий Базаров.