"Буудан болуп таскак салып өтөрмүн!.." Касым Тыныстановдун илимдеги жолу
"Буудан болуп таскак салып өтөрмүн!.." Касым Тыныстановдун илимдеги жолу
Sputnik Кыргызстан
1924-жылы Кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү калыбына келген. Бул максатты ишке ашырууда жанын аябай күрөшкөндөрдүн арасында кыргыз тил илиминин түптөөчүсү Касым... 29.11.2024, Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Касым Тыныстановдун өмүр жолун иликтеген тарых илимдеринин доктору Асыл Болпонованы кепке тартты.— Касым Тыныстановдун сабаты кандайча жоюлган?— 1901-жылы 10-сентябрда Жети-Суу облусунун Пржевальск уездинин Чок-Тал болуштугунун Чырпыкты айылында төрөлгөн. Атасы Тыныстан Маркатаев дыйкан болгон, араб арибин билчү экен. Касымга да үйрөткөн. Адегенде Тыныстанов орус-тузем мектебин көздөп, өтпөй калат. Андан соң Пржевальскидеги (азыркы Каракол) өзбек тилиндеги жаңы методиканы колдонгон мусулман мектебине кирет. Сабактан кийин ар кимге жалданып иштеген экен. 1915-жылы атасы Тыныстан Сазановка кыштагындагы (азыркы Ананьево) орус-тузем мектебинин интернатынын жетекчисине пара берип, уулун өткөзөт. Бул мектептин программасын Россиянын көрүнүктүү педагогдору жана коомдук ишмерлери түзгөн. Окуучулар орус тили, арифметика, география, тарых жана чет тилдерин үйрөнчү. Орус тилинде документация түзгөндү да окушкан. Маркатаев баласына орто билим берүү үчүн бир жылдык кирешесин сарптаган экен. Тилекке каршы, Касым бул мектепти аяктай албай калган. 1916-жылы Үркүн башталып, үй-бүлө Чыгыш Түркстанга качат. Ал жерден башка качкын кыргыздар сыяктуу далай кордукту көрүп, 1918-жылы Кыргызстанга кайтат.— Илимге карай жолу кандайча башталган экен?— Касым Тыныстанов Чыгыш Түркстандан кайткан соң азыркы Ак-Суу районунун Тепке айылындагы таякелери менен чогуу жашап калат. Турмуштун айынан көрүнгөндүн колунда малай болот. Бирок көкүрөгүндөгү түпкү максаты окууну улантуу эле. Бир тууган таякеси Пржевальск уездинин милициясынын жетекчиси Садыбакас Султангазиев көп жардам берет. 1919-жылы күздө Касым Каркыра-Кегенди аралап, Алматыга жөө кетет. Андан ары Ташкентке окууга жөнөйт. Ал жерден Кыргыз-Казак агартуу институтуна өтөт. Ошол учурда Касымга окшоп кыргыздын жаштары Москва же Ташкенттен билим алууну көксөгөн. Бул тарыхый учурду кыргыз адабиятынын классиги Мукай Элебаев "Зарыгам" аттуу ырында так чагылдырган. Атактуу тилчи Кусейин Карасаев белгилегендей, Тыныстановдун чыгармачылык жолу ушул институтта башталат. Ал убакта кыргыз тилинде гезит-журнал жок эле, Касымдын алгачкы чыгармалары казак тилдүү басылмаларга жарыяланат. Мындан тышкары, айрым гезит-журналдарды редакциялачу экен. Ошол эле маалда интернатта сабак берет.1920-жылы майда аны казак тилинде чыккан "Жаңа Өрис" (Жаңы мейкиндик) гезитинин редакциясынын бөлүм башчылыгына чакырышат. Бир жылдан кийин ооруп калып Караколго кайтат да, драматургия жанрында күчүн сынайт. Караколдо Касым кыргыздын ичинен алгачкы болуп театралдык труппа уюштурат. Муну менен Тыныстанов улуттук театрдын башатын түптөдү десек болот. 1932-жылы ал мындай тажрыйбасын "Академиялык кечелерди" уюштуруу учурунда пьесаларды койгондо колдонот. Ошол эле убакта Касым эне тилди жана кыргыздын оозеки чыгармачылыгын изилдей баштайт. Казак тилинде чыккан "Ак жол" гезити, "Жас-Кайрат" жана "Сана" журналдарынын кабарчысы болуп эмгектенет. 1923-жылдан баштап Касым илимий комиссиянын кыргыз бөлүмүндө иштеп баштайт. 1924-жылы июнда Тыныстанов Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун (ККАО) илимий комиссиясы тарабынан Караколдогу жергиликтүү калктын ичинен мугалимдерди даярдоочу курстарга жалпы билим берүү предметтери боюнча лектор катары жиберилет. Буга чейин кыргыз мугалимдери Верный (азыркы Алматы) шаарында кыска мөөнөттүк курстарда казак тилинде окуган. Ал курсту 63 кыргыз аяктайт. Пишпек жана Пржевальск шаарларында алгачкы педагогикалык курстар 1919-жылы жайында ачылган. 1925-жылы февралда Тыныстанов ККАОнун академиялык борборунун катчылыгына дайындалат. Ошол эле убакта Москвада СССР элдеринин борбордук басылмасы "Касымдын ырлары" аттуу жыйнагын 10 миң нускада чыгарат. Бул жыйнакка Тыныстановдун казакча 12 ыры, кыргызча 21 ыры жана "Жаңыл-Мырза" аттуу поэмасы кирген. Кийин ошол китептеги казак тилинде жазылган "Алачу" ыры тагдырына терс таасирин тийгизди. Алаш кыргыз менен казактын түпкү аталарынын бири экен.— Илимий комиссиядагы ишмердүүлүгү кандай болгон?— 1924-жылы апрелде Түркстан Автоном Республикасынын эл агартуу наркоматынын астындагы мамлекеттик илимий кеңеш Кара-Кыргыз илимий-методикалык комиссиясын уюштурат. Милдети Кыргызстанда тарых, этнография, адабият, басылма багытында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү эле. Ошол эле жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түптөлөт. Калктын басымдуу бөлүгүнүн сабатсыздыгы чоң көйгөйгө айланат. Адистер жокко эсе эле. Кийин жогорудагы комиссия Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун агартуу бөлүмүнүн академиялык борбору деп аталып калды. Адегенде бул борбордун жетекчилигине илимпоз агартуучу, мамлекеттик ишмер Ишеналы Арабаев дайындалган. Анда кыргыздын каймактары Базаркул Данияров, Константин Юдахин өңдүү улуттук интеллигенциянын өкүлдөрү иштеген. Арабаев үч ай сайын борбордун жасаган жумушу тууралуу маалымат берип турган. Архивде сакталып калган маалыматка таянсак, Арабаев кеңсе, материал жана жабдыктын жоктугу, кесипкөй адистердин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөрдү айткан. Пишпекте илимий кадр жана методисттер жетишпегендиктен Академиялык борбор аргасыздан Ташкентте калган. Буга карабастан комиссия "Кыргыз тили боюнча хрестоматия", "Ленин жөнүндө поэма" жана "Алиппе" китептерин чыгарышкан. Бул китептерге Тыныстановдун котормолорунан орус жазуучусу Иван Крыловдун тамсилдери жана Коммунисттик партиянын гимни "Интернационал" кирген. Бул китептерди Ташкентте "Түркстан" мамлекеттик басылмасы басып чыгарган. Академиялык борбор 300гө жакын географиялык термин иштеп чыкканы маалым. Андан тышкары, бул илимий комиссиянын күчү менен кыргыздын туңгуч гезити "Эркин-Тоо" 3000 нуска менен төрт барак болуп жаңыча иштелген араб арибинде жарык көргөн."Эркин Тоо" гезити элдин аң-сезимин ойготууда зор роль ойноду. Ошол эле убакта "Манас" эпосун жыйноого абдан көңүл бурулат. 1925-жылы 25-августта илимий комиссиянын төрагалыгына Касым Тыныстанов дайындалып, орто мектептер үчүн методикалык көрсөтмөнүн негизинде окуу программалары иштелип чыккан, бухгалтердик курстар менен милиция үчүн коом таануу боюнча программа даярдалган.1925-жылы 5-декабрда ККАОнун аткаруу комитетинин президиуму Фрунзеде музей ачуу тууралуу токтом кабыл алат. Мындан улам илимий комиссия Кыргызстандагы музейлер менен башка мамлекеттик түзүмдөрдө сакталган экспонаттарды иретке келтире баштайт. Ошол учурда Каракол жана Жалал-Абадда жергиликтүү бюджеттен каржыланган эки зоологиялык музей бар эле. 1926-жылы жайында Академиялык борбор советтик кол башчы Михаил Фрунзенин музейин ачкан. 1898 жана 1916-жылдардагы кыргыздардын көтөрүлүшү тууралуу материал чогултуу үчүн алыскы райондорго атайын экспедициялар жиберилген. Музейлерде Кыргызстандын тарыхын изилдөө үчүн илимий китепкана уюшулуп, илимий комиссия өзүнүн фондунан китептерди берген. Башка шаарлардан да алынып, 1927-жылы эки миңге жакын китеп топтолгон. Ошол эле жылы илимий комиссия кыргыз тилинде беш китеп чыгарган. Орустун революциячыл ырлары "Өзгөрүштүн ырлары" деген ат менен китеп болуп элге тартууланган.— Тарыхчылар Кыргызстандын латын арибине өтүүсүнө Тыныстановдун ролу чоң деп баса белгилешет...— 1925-жылы майда Пишпекте илимий-педагогикалык съезд өткөн. Ага чейин Кыргыз автоном облусунун жооптуу кызматкерлеринин кеңеши латын арибине өтүү боюнча кеңеш өткөрүп, Тыныстанов доклад окуган. Анын баяндамасынын негизинде латын арибине өтүү тууралуу протокол кабыл алынган. Тыныстанов Кыргызстан калкынын эки пайызы гана араб арибин биле турганын, бул алфавитти үйрөнүү кыргыздарга татаал экенин, 82 тамганын ар биринин жазылышынын төрт формасы бар экенин жүйө келтирген. Басмакананын ишмердүүлүгүнө жолтоо болуп жатаканын, элдин 98 пайызына башка алфавитти үйрөтүү жеңил экенин айткан. Курултайдын делегаттары латын тамгасына өтүү жөнүндө резолюция кабыл алышат. Ошол эле жылы жайында илимий комиссия Пишпек менен Ошто 400 мугалимге жаңы алфавитти үйрөтөт.1926-жылы Бакуда түрк таануучулардын курултайы өтүп, анда түрк тилдүү эдердин латын арибине өтүшү боюнча маселе талкууланган. Жыйынга Базаркул Данияров менен Касым Тыныстанов катышат. Касым латын алфавитине өтүүнүн зарылдыгы жөнүндө доклад окуган. Бакудагы курултай түрк тилдүү калктардын маданий турмушунда зор роль ойноду.1926-жылы 2-декабрда Кыргыз автономдуу облусунун V пленуму жаңы арипке өтүү боюнча комитеттин курамын бекитип, ага Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Булатов, Базаркул Данияров, Дали-Мырза Зульфибаев, Сыдык Карачев, Таш Худайбергенов баштаган мамлекеттик ишмерлер кирген. Төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков, орун басары болуп Касым Тыныстанов шайланган. Курч турган каржы маселесине карабай Тыныстанов баштаган кыргыздын алгачкы интеллигенциясы калктын сабатын жойгон. 1926-1927-жылдары бул комитеттин мүчөлөрү 1500 илимий жана техникалык термин иштеп чыккан. Тилекке каршы, Касымдын өмүрү кыска болуп калды. Антсе да өмүрүнүн аягына чейин ак дилинен кызмат кылды. Акын Алыкул Осмонов Тыныстанов тууралуу "Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү, буудан болуп таскак салып өтөрмүн!" деп бекеринен жазбаса керек. Касым Кыргызстандын тарыхында өлбөс из калтырды.
1924-жылы Кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү калыбына келген. Бул максатты ишке ашырууда жанын аябай күрөшкөндөрдүн арасында кыргыз тил илиминин түптөөчүсү Касым Тыныстанов да бар.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Касым Тыныстановдун өмүр жолун иликтеген тарых илимдеринин доктору Асыл Болпонованы кепке тартты.
— Касым Тыныстановдун сабаты кандайча жоюлган?
— 1901-жылы 10-сентябрда Жети-Суу облусунун Пржевальск уездинин Чок-Тал болуштугунун Чырпыкты айылында төрөлгөн. Атасы Тыныстан Маркатаев дыйкан болгон, араб арибин билчү экен. Касымга да үйрөткөн. Адегенде Тыныстанов орус-тузем мектебин көздөп, өтпөй калат. Андан соң Пржевальскидеги (азыркы Каракол) өзбек тилиндеги жаңы методиканы колдонгон мусулман мектебине кирет. Сабактан кийин ар кимге жалданып иштеген экен. 1915-жылы атасы Тыныстан Сазановка кыштагындагы (азыркы Ананьево) орус-тузем мектебинин интернатынын жетекчисине пара берип, уулун өткөзөт. Бул мектептин программасын Россиянын көрүнүктүү педагогдору жана коомдук ишмерлери түзгөн. Окуучулар орус тили, арифметика, география, тарых жана чет тилдерин үйрөнчү. Орус тилинде документация түзгөндү да окушкан. Маркатаев баласына орто билим берүү үчүн бир жылдык кирешесин сарптаган экен. Тилекке каршы, Касым бул мектепти аяктай албай калган. 1916-жылы Үркүн башталып, үй-бүлө Чыгыш Түркстанга качат. Ал жерден башка качкын кыргыздар сыяктуу далай кордукту көрүп, 1918-жылы Кыргызстанга кайтат.
— Илимге карай жолу кандайча башталган экен?
— Касым Тыныстанов Чыгыш Түркстандан кайткан соң азыркы Ак-Суу районунун Тепке айылындагы таякелери менен чогуу жашап калат. Турмуштун айынан көрүнгөндүн колунда малай болот. Бирок көкүрөгүндөгү түпкү максаты окууну улантуу эле. Бир тууган таякеси Пржевальск уездинин милициясынын жетекчиси Садыбакас Султангазиев көп жардам берет. 1919-жылы күздө Касым Каркыра-Кегенди аралап, Алматыга жөө кетет. Андан ары Ташкентке окууга жөнөйт. Ал жерден Кыргыз-Казак агартуу институтуна өтөт. Ошол учурда Касымга окшоп кыргыздын жаштары Москва же Ташкенттен билим алууну көксөгөн. Бул тарыхый учурду кыргыз адабиятынын классиги Мукай Элебаев "Зарыгам" аттуу ырында так чагылдырган. Атактуу тилчи Кусейин Карасаев белгилегендей, Тыныстановдун чыгармачылык жолу ушул институтта башталат. Ал убакта кыргыз тилинде гезит-журнал жок эле, Касымдын алгачкы чыгармалары казак тилдүү басылмаларга жарыяланат. Мындан тышкары, айрым гезит-журналдарды редакциялачу экен. Ошол эле маалда интернатта сабак берет.
Илимпоз Асыл Болпонованын кыргыздын алгачкы профессору Касым Тыныстанов тууралуу монографиясы. К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы.
Илимпоз Асыл Болпонованын кыргыздын алгачкы профессору Касым Тыныстанов тууралуу монографиясы. К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы.
Илимпоз Асыл Болпонованын кыргыздын алгачкы профессору Касым Тыныстанов тууралуу монографиясы. К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы.
1920-жылы майда аны казак тилинде чыккан "Жаңа Өрис" (Жаңы мейкиндик) гезитинин редакциясынын бөлүм башчылыгына чакырышат. Бир жылдан кийин ооруп калып Караколго кайтат да, драматургия жанрында күчүн сынайт. Караколдо Касым кыргыздын ичинен алгачкы болуп театралдык труппа уюштурат. Муну менен Тыныстанов улуттук театрдын башатын түптөдү десек болот. 1932-жылы ал мындай тажрыйбасын "Академиялык кечелерди" уюштуруу учурунда пьесаларды койгондо колдонот. Ошол эле убакта Касым эне тилди жана кыргыздын оозеки чыгармачылыгын изилдей баштайт. Казак тилинде чыккан "Ак жол" гезити, "Жас-Кайрат" жана "Сана" журналдарынын кабарчысы болуп эмгектенет. 1923-жылдан баштап Касым илимий комиссиянын кыргыз бөлүмүндө иштеп баштайт. 1924-жылы июнда Тыныстанов Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун (ККАО) илимий комиссиясы тарабынан Караколдогу жергиликтүү калктын ичинен мугалимдерди даярдоочу курстарга жалпы билим берүү предметтери боюнча лектор катары жиберилет. Буга чейин кыргыз мугалимдери Верный (азыркы Алматы) шаарында кыска мөөнөттүк курстарда казак тилинде окуган. Ал курсту 63 кыргыз аяктайт. Пишпек жана Пржевальск шаарларында алгачкы педагогикалык курстар 1919-жылы жайында ачылган. 1925-жылы февралда Тыныстанов ККАОнун академиялык борборунун катчылыгына дайындалат. Ошол эле убакта Москвада СССР элдеринин борбордук басылмасы "Касымдын ырлары" аттуу жыйнагын 10 миң нускада чыгарат. Бул жыйнакка Тыныстановдун казакча 12 ыры, кыргызча 21 ыры жана "Жаңыл-Мырза" аттуу поэмасы кирген. Кийин ошол китептеги казак тилинде жазылган "Алачу" ыры тагдырына терс таасирин тийгизди. Алаш кыргыз менен казактын түпкү аталарынын бири экен.
— Илимий комиссиядагы ишмердүүлүгү кандай болгон?
— 1924-жылы апрелде Түркстан Автоном Республикасынын эл агартуу наркоматынын астындагы мамлекеттик илимий кеңеш Кара-Кыргыз илимий-методикалык комиссиясын уюштурат. Милдети Кыргызстанда тарых, этнография, адабият, басылма багытында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү эле. Ошол эле жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түптөлөт. Калктын басымдуу бөлүгүнүн сабатсыздыгы чоң көйгөйгө айланат. Адистер жокко эсе эле. Кийин жогорудагы комиссия Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун агартуу бөлүмүнүн академиялык борбору деп аталып калды. Адегенде бул борбордун жетекчилигине илимпоз агартуучу, мамлекеттик ишмер Ишеналы Арабаев дайындалган. Анда кыргыздын каймактары Базаркул Данияров, Константин Юдахин өңдүү улуттук интеллигенциянын өкүлдөрү иштеген. Арабаев үч ай сайын борбордун жасаган жумушу тууралуу маалымат берип турган. Архивде сакталып калган маалыматка таянсак, Арабаев кеңсе, материал жана жабдыктын жоктугу, кесипкөй адистердин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөрдү айткан. Пишпекте илимий кадр жана методисттер жетишпегендиктен Академиялык борбор аргасыздан Ташкентте калган. Буга карабастан комиссия "Кыргыз тили боюнча хрестоматия", "Ленин жөнүндө поэма" жана "Алиппе" китептерин чыгарышкан. Бул китептерге Тыныстановдун котормолорунан орус жазуучусу Иван Крыловдун тамсилдери жана Коммунисттик партиянын гимни "Интернационал" кирген. Бул китептерди Ташкентте "Түркстан" мамлекеттик басылмасы басып чыгарган. Академиялык борбор 300гө жакын географиялык термин иштеп чыкканы маалым. Андан тышкары, бул илимий комиссиянын күчү менен кыргыздын туңгуч гезити "Эркин-Тоо" 3000 нуска менен төрт барак болуп жаңыча иштелген араб арибинде жарык көргөн.
Агартуу инспекциясынын кызматкерлеринин латын тамгасына өтүү жөнүндө 1-чи республикалык кеңешмеси. Фрунзе, 1928-жыл
"Эркин Тоо" гезити элдин аң-сезимин ойготууда зор роль ойноду. Ошол эле убакта "Манас" эпосун жыйноого абдан көңүл бурулат. 1925-жылы 25-августта илимий комиссиянын төрагалыгына Касым Тыныстанов дайындалып, орто мектептер үчүн методикалык көрсөтмөнүн негизинде окуу программалары иштелип чыккан, бухгалтердик курстар менен милиция үчүн коом таануу боюнча программа даярдалган.
1925-жылы 5-декабрда ККАОнун аткаруу комитетинин президиуму Фрунзеде музей ачуу тууралуу токтом кабыл алат. Мындан улам илимий комиссия Кыргызстандагы музейлер менен башка мамлекеттик түзүмдөрдө сакталган экспонаттарды иретке келтире баштайт. Ошол учурда Каракол жана Жалал-Абадда жергиликтүү бюджеттен каржыланган эки зоологиялык музей бар эле. 1926-жылы жайында Академиялык борбор советтик кол башчы Михаил Фрунзенин музейин ачкан. 1898 жана 1916-жылдардагы кыргыздардын көтөрүлүшү тууралуу материал чогултуу үчүн алыскы райондорго атайын экспедициялар жиберилген. Музейлерде Кыргызстандын тарыхын изилдөө үчүн илимий китепкана уюшулуп, илимий комиссия өзүнүн фондунан китептерди берген. Башка шаарлардан да алынып, 1927-жылы эки миңге жакын китеп топтолгон. Ошол эле жылы илимий комиссия кыргыз тилинде беш китеп чыгарган. Орустун революциячыл ырлары "Өзгөрүштүн ырлары" деген ат менен китеп болуп элге тартууланган.
— Тарыхчылар Кыргызстандын латын арибине өтүүсүнө Тыныстановдун ролу чоң деп баса белгилешет...
— 1925-жылы майда Пишпекте илимий-педагогикалык съезд өткөн. Ага чейин Кыргыз автоном облусунун жооптуу кызматкерлеринин кеңеши латын арибине өтүү боюнча кеңеш өткөрүп, Тыныстанов доклад окуган. Анын баяндамасынын негизинде латын арибине өтүү тууралуу протокол кабыл алынган. Тыныстанов Кыргызстан калкынын эки пайызы гана араб арибин биле турганын, бул алфавитти үйрөнүү кыргыздарга татаал экенин, 82 тамганын ар биринин жазылышынын төрт формасы бар экенин жүйө келтирген. Басмакананын ишмердүүлүгүнө жолтоо болуп жатаканын, элдин 98 пайызына башка алфавитти үйрөтүү жеңил экенин айткан. Курултайдын делегаттары латын тамгасына өтүү жөнүндө резолюция кабыл алышат. Ошол эле жылы жайында илимий комиссия Пишпек менен Ошто 400 мугалимге жаңы алфавитти үйрөтөт.
1926-жылы Бакуда түрк таануучулардын курултайы өтүп, анда түрк тилдүү эдердин латын арибине өтүшү боюнча маселе талкууланган. Жыйынга Базаркул Данияров менен Касым Тыныстанов катышат. Касым латын алфавитине өтүүнүн зарылдыгы жөнүндө доклад окуган. Бакудагы курултай түрк тилдүү калктардын маданий турмушунда зор роль ойноду.
1926-жылы 2-декабрда Кыргыз автономдуу облусунун V пленуму жаңы арипке өтүү боюнча комитеттин курамын бекитип, ага Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Булатов, Базаркул Данияров, Дали-Мырза Зульфибаев, Сыдык Карачев, Таш Худайбергенов баштаган мамлекеттик ишмерлер кирген. Төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков, орун басары болуп Касым Тыныстанов шайланган. Курч турган каржы маселесине карабай Тыныстанов баштаган кыргыздын алгачкы интеллигенциясы калктын сабатын жойгон. 1926-1927-жылдары бул комитеттин мүчөлөрү 1500 илимий жана техникалык термин иштеп чыккан. Тилекке каршы, Касымдын өмүрү кыска болуп калды. Антсе да өмүрүнүн аягына чейин ак дилинен кызмат кылды. Акын Алыкул Осмонов Тыныстанов тууралуу "Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү, буудан болуп таскак салып өтөрмүн!" деп бекеринен жазбаса керек. Касым Кыргызстандын тарыхында өлбөс из калтырды.