Кызыл-Омпол мүмкүнчүлүгү боюнча Кумтөрдөн кем калбастыгын айтышты
12:20 18.11.2024 (Жаңыртылды: 12:22 18.11.2024)
© Фото / пресс-служба кабинета министров КРКызыл-Омпол кениндеги титаномагнетиттин үлгүсү. Архив
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Жазылуу
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кызыл-Омпол кени мүмкүнчүлүгү жагынан Кумтөрдөн кем калбайт. Бул туурасында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргыз геология кызматынын директору Нарынбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде айтты.
© Sputnik / Самрат КарачевЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргыз геология кызматынын директору Нарынбек Сатыбалдиев
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргыз геология кызматынын директору Нарынбек Сатыбалдиев
© Sputnik / Самрат Карачев
"Кызыл-Омпол — кендердин уникалдуу комплекси. Ал жакта жер кыртышында чачырап жаткан, негизинен кум жана шагыл катмарларындагы беш жана топтолгон, түптөгү дагы беш кен бар. Мүмкүнчүлүгү абдан кенен, ошондуктан комплекстүү көп минералдуу, көп металлдуу топтом дейбиз. Негизги минерал — титаномагнетит. Аны менен катар эле ванадий, цирконий, фосфор, уран менен торий бар", — деди Сатыбалдиев.
"Кыргыз алтынга" быйыл июлда геологиялык чалгын жана казуу иштерин жүргүзүүгө лицензия берилген. Компания долбоорду жана техникалык-экономикалык негиздемелерди, чалгындоолор боюнча тиешелүү документтерди иштеп чыгат.
"Геологиялык-экономикалык мүмкүнчүлүгү боюнча уникалдуу бул объект Кумтөр долбоорунан кем болбойт деп күтүп жатабыз", — деп белгилеген министрдин орун басары.
Кызыл-Омполдун мүмкүнчүлүгү боюнча суроолорго жооп берип жатып, көбүрөөк чалгындалган Таш-Булак тилкеси экендигин жана кору 50-60 метр тереңдикте эле жатканын айтты. Булар 1,5 миллион тонна титаномагнетит, андан сырткары, уран, торий сыяктуу элементтер экендигин белгиледи.
"Таш-Булак совет доорунда чалгындалганда эле кен жаткан тереңдик 200 метрге чейин жетерин айтышкан. Бүгүнкү күндө кору (азырынча — ред.) 50 метрге чейинки жерде жатканын тастыкташты. Анын запасы кеминде 4-5 эсе, ал эми Кызыл-Омпол сыяктуу тилкелерде 10 эсе өсөрү күтүлүп жатат. Дүйнөлүк масштабдан алганда да, бул — ири кен", — деди Сатыбалдиев.
Изилдөөлөр жүргүзүлүп, министрлер кабинетинин башчысы анын мүмкүнчүлүгү 80 миллиард долларга чукулдаганын айткан. Балким андан аркы изилдөөлөрдө бул сандар көбөйүшү мүмкүн.
Министрдин орун басары азырынча казуу иштери жасала электигин, тиешелүү долбоорду даярдап жана бекитиш керектигин айтты.
Сатыбалдиев ири кенди иштетүү республиканын экономикасы үчүн пайдалуу экендигин, экспорт дарамети арбып, салык базасы өсүп, иш орундар көбөйөрүн айтты.