Кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүдө Касымбай Телтаевдин эмгеги
© Фото / из семейного архива ИбраимовыхКара-Кыргыз автоном облусун түптөгөн мамлекеттик ишмерлердин бири Касымбай Тельтаев жубайы Айым менен. 1960-жылдары
© Фото / из семейного архива Ибраимовых
Жазылуу
Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленүүдө. Бир кылым мурда, 1924-жылы 14-октябрда, Абдыкерим Сыдыков баштаган элибиздин чыгаан уулдары бут тосууларга карабастан Россиянын курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусун уюштурат. Алардын арасында Касымбай Телтаев да бар эле.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров ушул жылы 25-июлда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында "Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анда Телтаевдин да ысымы айтылган.
Тилекке каршы, бул инсан тууралуу маалымат абдан аз. 2019-жылы тарых илимдеринин доктору Зайнидин Курмановдун орус тилинде "Касымбай Тельтаев: триумф и трагедия" аттуу китеби жарык көргөн. Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түптөөгө активдүү катышкан адам тууралуу Зайнидин Курманов менен колумнист Алмаз Батилов маектешти.
© Фото / из семейного архива ИбраимовыхКара-Кыргыз автоном облусун түптөгөн мамлекеттик ишмерлердин бири Касымбай Тельтаев. 1960-жылдары
Кара-Кыргыз автоном облусун түптөгөн мамлекеттик ишмерлердин бири Касымбай Тельтаев. 1960-жылдары
© Фото / из семейного архива Ибраимовых
— Кыргызстандын тарыхында эмгеги көмүскөдө калгандар көп. Телтаев боюнча изилдөөгө кандайча киришип калдыңыз?
— 1980-жылдардын аягында Абдыкерим Сыдыков сыяктуу мамлекеттик ишмерлер тууралуу изилдөө жүргүзүп, архивден Телтаев жөнүндө маалымат таптым. Ошондон тарта изилдей баштадым. Касымбайдын үй-бүлөсү да анын жеке архивин сактап калган экен. Алынган маалыматтарга таянып, бул тарыхый инсан жөнүндө китеп жаздым. Баса, Телтаевдин кызы Рева — белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР Баатыры Султан Ибраимовдун жубайы.
Касымбай Телтаев 1886-жылы азыркы Тоң районунун Ак-Өлөң айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Телтай Семиз-Бел волостунун (азыркы Тоң району) болушу болгон экен. 1902-жылы Телтаев Караколдогу орус-тузем мектебине өтүп, 1908-жылы аны аяктаган соң атасынын чарбасында иштейт. Араб жазмасын да өздөштүрөт. 1914-жылы Каракол шаардык-уезддик башкармалыгына техникалык жумушчу болуп орношуп, кийин Каракол уездинин башкармалыгынын жетекчисинин котормочусу болуп иштей баштайт. Падышалык администрацияда тилмечтик кызмат армиядагы прапорщик наамына барабар болчу. 1916-жылдагы көтөрүлүш учурунда Касымбай кызматынан бошотулган. Куугунтук болорун билип Верный (азыркы Алматы) шаарына качып, ошол жактан "Алаш" партиясына өтөт.
— Касымбай Телтаев Батыш Кытайда калган боордошторго көмөк көрсөткөн экен.
— 1917-жылы Февраль революциясынын натыйжасында падышалык бийлик кулайт. Телтаев бул революцияны чын жүрөгү менен кабыл алат. Ошол эле жылы Пишпекте "Алаш" кыргыз-казак партиясынын филиалы негизделет. Анын жетекчилигине Жети-Суу облусунун генерал-губернаторунун котормочусу Ибрагим Жайнаков шайланат. Партияга кыргыздын каймактары: Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Сейдеахмат Чукин, Дүр Сооромбаев, Садык Мураталин, Иманалы Айдарбеков, Найзабек Тулин, Курман Лепесов, Искак Курманов, Сатаркул Жангарачев, Имаш Көбөков, Эшмамбет Кендирбаев жана Касымбай Телтаев өтүшөт. Ошол учурда Батыш Кытайга качкан кыргыздар туулган жерине кайта баштаган эле. "Алаш" партиясынын Пишпектеги филиалы кандаштарга көмөк көрсөтүп, далай кыргызды аман алып калат. Телтаев Батыш Кытайдан кыргыздарды кайтаруу боюнча Убактылуу өкмөттүн түзгөн атайын комиссиясында иштеген. Бул комиссия бөтөн жерде калган кыргыздарга каражат жана тамак-аш бөлгөн. Касымбай Чыгыш Түркстанга барып, кандаштарды Ата Мекенге көчүрүп келген.
1917-жылы "Алаш" партиясы эки ирет курултай өткөрөт. Ага кыргыздардын атынан Ишеналы Арабаев менен Дүр Сооромбаев катышкан. Россияда большевиктер бийликке келип "алаш-ордочулар" алар менен кызматташа баштайт. Ал эми Ибрагим Жайнаков коммунисттер менен кызматташуудан баш тартып, Чыгыш Түркстанга качат. 1942-жылы Гоминдан өкмөтү Ибрагим Жайнаковду Кулжа шаарында (СУАР) советтик тыңчы деп айыптап, өлүм жазасына тарткан.
Касымбай 1918-1919-жылдары Верныйда Жети-Суу облусунун юстиция бөлүмүнүн коллегиясынын мүчөсү жана котормочусу болуп иштейт. Ал Батыш Кытайдан Ата Журтуна кайта баштаган качкын кыргыздар менен казактарга бекер юридикалык көмөк көрсөткөн.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРОрус-тузем мектебинин окуучулары (солдо биринчи Иманалы Айдарбеков). Пишпек, 1890-жылдар.
Орус-тузем мектебинин окуучулары (солдо биринчи Иманалы Айдарбеков). Пишпек, 1890-жылдар.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
— Убагында "Манас" эпосун жаздырууга да катышып калыптыр...
— 1919-1921-жылдары Жети-Суу, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында административдик кызматтарда иштейт. Кыргызстанда биринчилерден болуп комсомолдун бөлүмдөрүн уюштура баштаган. Ошол эле убакта Түндүк Жети-Суу фронтунда атаман Борис Анненковго каршы согушуп, ак гвардиячылардан Лепсинск, Жаркент жана Капал шаарларын бошотууга катышкан. Кызыл Армиянын улуттук бирикмелерин түзүүгө салым кошкон. Мындан сырткары, россиялык окумуштуу-лингвисттерге манасчы Сагынбай Орозбаковдон "Манас" эпосун жаздырууга жардам берген.
— Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө Телтаевдин да салымы чоң деп айтылып келет. Ушул боюнча айтып берсеңиз?
— 1920-жылы Казакстан автоном республикасы уюшулат. Ошол учурда Түркстан АССРинин курамындагы кыргыздарды Казакстанга кошуу тууралуу маселе көтөрүлүп, Жети-Суу облусундагы кыргыздардын өкүлү Рахманкул Худайкулов Казакстандын курамына кошулууга макулдугун берип койгон. 1922-жылы мартта Жети-Суу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкерим Сыдыков менен бөлүм башчысы Ишеналы Арабаев бул чечимге каршы чыгат. Алар Түркстан АССРинин курамында кыргыздардын автономиясын түзүү жөнүндө сунуш беришет. Анткени кыргыз элинин казак калкына сиңип кетүү коркунучу жаралган эле. Буга чейин кыргыздын саясий элитасы казак эли менен тең укуктуу "Алаш" федерациясын түзүүгө гана макул болчу. Ал эми Казакстандын курамына кирүүгө караманча каршы болушкан. 1922-жылы мартта Сыдыков бүткүл Түркстан Советинин ХIII съездинде Түркстан борбордук комитетинин алдында Тоолуу Кыргыз Облусун уюштуруу жөнүндө маселени кабыргасынан коёт. Алдын ала жетекчилик анын сунушун колдойт. Ошол эле жылы 25-мартта Түркстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин секретариаты кыргыздардын өзүнчө бирикмесин уюштуруу тууралуу чечимин кабыл алат. Натыйжада 1922-жылы 1-июлда кыргыз элинин курултайын өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алынат. 1922-жылдын 15-апрелинде Жети-Суу облустук Коммунисттик партиясынын жана Аткаруу комитетинин жалпы чогулушунда Сыдыков кара кыргыздардын Тоолуу Облусун уюштуруу комиссиясынын төрагасы болуп шайланат. Комиссиянын курамына Ишеналы Арабаев жана И. Бурыгин кирет. Бирок Худайкулов кыргыздардын өзүнчө болушуна каршы чыгып, курултайдын өтүүсүнө бут тосот. Аны Ташкент жана Алматыдагы теги казак кызматкерлердин басымдуу бөлүгү колдойт. Булардын пикиринде, кыргыздар казактардын бир бөлүгү эле. Пишпектеги коммунисттер тез арада Сыдыковдун Тоолуу Облус түзүү тууралуу докладын угуп, съездге делегаттарды шайлашат. Пишпектик коммунисттер Сыдыковдун Тоолуу Облус түзүү жөнүндө сунушун колдойт. Мындан сырткары, уезддик "Красное утро" гезитине Абдыкеримдин "Кара-кыргыз элинин тарыхы тууралуу" деп аталган макаласы чыгып, анда автор кыргыздардын өзүнчө эл экенин илимий жактан далилдеген. Сыдыковдун курултай өткөрүү демилгесин Телтаев активдүү колдойт. Ал Каракол менен Нарын уезддеринен делегаттардын шайланышына жооптуу болгон.
Курултай акыры 1922-жылы 4-июнда Пишпекте өткөн. Бул кыргызстандык мекенчилдер үчүн зор тарыхый окуя эле. Жыйынга Кыргызстанда жашаган он улуттан 405 өкүл катышкан. Курултай талаш-тартыш менен башталат. Айрым делегаттардын пикири келишпей мушташкан учурлар болгон. Абдыкерим Сыдыков төрт күндөн кийин гана негизги докладын окууга мүмкүнчүлүк алат. Делегаттардын баары Тоолуу Облусту түзүү сунушун колдогон. Бирок Худайкулов тарапташтары менен Сталинге Сыдыков жана анын үзөңгүлөштөрүн каралап арыз жазып, Тоолуу Кыргыз Облусун түзүү дагы эки жылга жылып кетет. Анан репрессиялар башталат. Телтаевге да иш козголуп, партиядан чыгарылат. Худайкуловчулар аны "Алаш" партиясынын активдүү мүчөсү деп айыптаган.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРАбдыкерим Сыдыков Кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүү идеясынын башкы демилгечиси. Пишпек, 1920-жылдар.
Абдыкерим Сыдыков Кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүү идеясынын башкы демилгечиси. Пишпек, 1920-жылдар.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
— Андан аркы тагдыры кандай болот?
— Башына түшкөн мүшкүлгө карабастан Касымбай Телтаев Түп районунда мурдагы православ кечилдеринин монастырынын базасында жетим балдар үчүн интернат-мектеп уюштурат. Жазуучулар Жусуп Турусбеков, Мукай Элебаев, композитор Шейше Орозов, илимпоз Султан Арбаев өңдүү кыргыздын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери — ушул мектептен чыккандар. Андан тышкары, Касымбай ата-энеси Үркүндө каза болгон 20дан ашык жетим уул-кызды асырап алган. Телтаевдын биринчи жубайы татар кызы экен. Улуу баласы Кыдырма Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон. Экинчи уулу Акматбек 1944-жылы фронттон жарадар болуп кайткан. Касымбай экинчи жубайы Айымдан үч кыздуу болгон.
1923-жылы 20-февралда Жети-Суу облустук трибуналы Телтаевге козголгон кылмыш ишин карап чыгып, аны актайт. Бирок партиянын катарынан чыгарылган бойдон калат. Муну менен саясий карьерасына жол жабылат. 1926-1933-жылдары Касымбай Ысык-Көл, Нарын жана Фрунзеде котормочу, бөлүм башчы болуп иштейт. 1933-жылы 9-майда Ата Мекенге чыккынчылык кылды деген айып менен камалып, Ыраакы Чыгышка сүргүнгө айдалат. 1936-жылы кайтып, Токмокто заводдо иштейт. 1958-жылы 28-июлда аны Түркстан аскердик округунун аскердик трибуналы актайт. 1973-жылы 20-июлда Касымбай каза болот. Тилекке каршы, ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыбына келгени тууралуу көп сырды айтпай кетти.
2015-жылы Бишкекке Казакстандан окумуштуулардын тобу келген. Алар "Алаш" партиясы жөнүндө китеп жазып жаткан экен. Телтаев партиянын архивинде "Алаштын" эң башкы идеологу жана жетекчилеринин бири деген маалымат сакталып калыптыр. Казакстандык изилдөөчүлөр китепке Касымбай Телтаев тууралуу малыматтарды кошушкан.