9-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир ФедоренкоКүзгү аба ырайы. Архив
Күзгү аба ырайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2024
Жазылуу
9-ноябрга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча күн ачык турат. Айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +2…+7, Талас аймагында +1…+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7…+12, Ысык-Көл өрөөнүндө +4...+9, Нарын жергесинде +5…+10 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +9…+11 градуска чейин көтөрүлөт.
Автоунаа сел учурунда жолдо бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2024
Жаан-чачындан улам сел, жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон аймактардын картасы
Жаңылыктар түрмөгү
0