00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:58
2 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда кинону бизнес катары карасак болобу?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Ош — Ноокат автожолунун жаңыланган жана кеңейген бөлүгү ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.Маалыматка ылайык, ачылыш аземге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев катышкан. Ош облусунун жетекчиси 2025-жылы Ош — Баткен — Раззаков автожолунун калган бөлүгүн асфальттоо пландалып жатканын белгиледи. Ноокат шаарын аралап өткөн жолдун 34-40-чакырымы төрт тилкелүү болуп салынып, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуар куруу иштери аяктады. Аны менен катар Абшыр-Сай жана Чили-Сай көпүрөлөрү толугу менен жаңыдан курулду. Ал эми Кыркол-Сай көпүрөсүн куруу иштери 80 пайыз аяктап калганы кошумчаланды.
Борбор калаада Чүй проспектинин Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык. Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынан бул көчөнү кесип өткөн көчөлөрдө да Фрунзеден Киев көчөсүнө чейин унаалар үчүн чектөө бар экенин белгилешти.Мунун баары борбордук аянтта Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата парадга даярдыкка байланыштуу жасалган. Иш-чаранын өзү эртең, 1-ноябрда, болмокчу. Жолдор параддан кийин гана ачылат.
Нурлан Мотуев кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө. "16-октябрь күнү соцтармакты мониторингдөө учурунда nurlan_motuev_official деген колдонуучу улуттук азчылыктарга карата терс ой-пикирин билдирген видео жарыялаганы аныкталган. Анда ал бир улуттун өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган", — деп жазылат маалыматта. Экспертиза жүргүзүлгөн материалдарда улуттар аралык касташуунун лингвистикалык белгилери камтылганы айтылды. 55 жаштагы блогер кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
АКШ менен Европа биримдиги Грузияда өткөн парламенттик шайлоого таасир этүү үчүн бардыгын жасады, бирок өлкө эли мындай басымдарга карабастан өз тандоосун жасады. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды. Ал мындай жыйынтыктар Грузия жана анын жарандары өздөрүнүн көз карандысыз, эгемендүү мамлекетинин ички иштерине тышкы таасирлерди чектөө чечимин кабыл алгандыгынан улам келгенин белгилеген. Грузияда парламенттик шайлоо 26-октябрда өттү. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Россия менен мамилени сактоону жактаган жана Россияга каршы чектөөлөргө каршы чыккан "Грузин кыялы" 53,93 пайыз добушка ээ болгонун жарыялаган. Мындан тышкары, парламентке 37,78 пайыз добуш алып дагы төрт оппозициялык партия өткөн. Оппозиция өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын бул жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0