00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган сценарийлерге сынак өтүүдөВенгрия Харристин өлкө премьери тууралуу айтканын "орунсуз" деп сыпаттадыКамчыбек Ташиев Баткендеги ипотекалык үйлөргө капсула салды. Алдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин аталган аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.Маалыматта белгиленгендей, Баткен шаарына жакынкы жылдар аралыгында 5 000 батир куруу пландалган. Учурда 2 366 батирдин курулушу башталды. Билдирүүдө шаардагы "Асман резиденс-1" турак жай комплексине 12 кабаттуу үйлөрдү куруу пландалганы белгиленген. Анда бала бакчалар, жер астындагы унаа токтотуучу жайлар жана башка зарыл болгон бардык шарттар болот. Ташиев президент ага мындагы үйлөрдүн курулушуна бөлүнгөн каражаттын уурдалышына жол бербей, тиешелүү максатта пайдаланылышын көзөмөлдөөнү тапшырганын айтты.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган толук метраждуу көркөм тасмалардын сценарийлерине сынак жарыяланды. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы маалымдады. Сынак Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата мамлекеттик буюртма боюнча тарыхый көркөм тасмаларды тартуу планынын негизинде өтөт.Сценарийлерди кабыл алуу 11-октябрда башталган, 15-октябрда саат 17:00дө токтойт. Талаптары: сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат; Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган сценарийлер гана кабыл алынат; кабыл алынган сценарийлер киностудиянын көркөм кеңешинин кароосунан өтүп, талапкердин ал тууралуу айтып берүүсү менен коштолуп, тандалат; хронометраж 90 мүнөткө ылайыкталышы керек.
Бишкекте жакында шаарды көрктөндүрүү боюнча жаңы эрежелер кабыл алынды. Анын көпчүлүк бөлүгүндө таштандыны ылгоо жана аны чыгаруу тууралуу жазылган. Шаарда таштанды челектеринин аралыгы канча болушу керектигин жана ишембиликке чыгуу эрежелерин Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде юрист Владимир Плужник айтып берди. Жаңы эрежелерге ылайык, таштанды челектер менчик ишканалардын имаратынын эле эмес, мамлекеттик уюмдардын да, көп кабаттуу үйлөрдүн да жанында орнотулушу шарт. "Эреже боюнча, парк жана скверлерде ар бир 50 метр сайын, көчөдө жана көп кабаттуу үйлөрдүн жанында ар бир 100 метр сайын таштанды челектер коюлушу керек. Турак жай ээлеринин бирикмеси кеңешип көп кабаттуу бир үй үчүн бир урна койсо болот, анткени жаңы эрежеде бул так жазылган эмес. Ал эми андагы таштанды күнүнө эки ирет тазаланышы керектиги белгиленген, демек, бирикме өз ара кеңешип кошумча каражат топтоп, анын чыгарылышын ишке ашыруусу зарыл. Жаңы эрежени сактабагандарга айып салынары жазылган", — деп түшүндүрдү юрист.
АКШнын вице-президенти жана президенттикке талапкер Камала Харристин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын дарегине карата айткан сөздөрү орунсуз. Мындай пикирин Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто РИА Новости агенттигине билдирген. "Адегенде эле бул чыр тууралуу, менин премьер-министрим тууралуу мындай кепти айтуу – чатак. Бул бир гана премьерди эмес, бүтүндөй венгр элин сыйлабастык", — деп белгилеген ал.Мындан тышкары, Сийярто "Харристин айткандары Венгрия менен АКШнын ортосундагы мамилеге кесепетин тийгизбейби?" деген суроого жооп берип жатып "бул жакшы башталыш эмес" деген.
Жаңылыктар түрмөгү
0