БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Караколдо "Ломоносов мектеби" илимий-окуу комплексинин расмий ачылышы болуп өттү. Билим берүү мекемеси Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.Москва мамлекеттик университетине караштуу мектеп 660 окуучуга ылайыкташкан. Долбоорду ишке ашыруу үчүн буга чейин РКӨФ 1,5 миллион доллар бөлгөн.Мектепте жергиликтүү да, Россиядан "Чет өлкөдө орус мугалими" программасы боюнча келген мугалимдер да сабак бермекчи.
Мектепте жергиликтүү да, чет элдик мугалимдер да сабак бермекчи.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Караколдо "Ломоносов мектеби" илимий-окуу комплексинин расмий ачылышы болуп өттү. Билим берүү мекемеси Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Москва мамлекеттик университетине караштуу мектеп 660 окуучуга ылайыкташкан. Долбоорду ишке ашыруу үчүн буга чейин РКӨФ 1,5 миллион доллар бөлгөн.
Москва мамлекеттик университетине караштуу мектеп 660 окуучуга ылайыкташкан. Долбоорду ишке ашыруу үчүн буга чейин РКӨФ 1,5 миллион доллар бөлгөн.
"Мектеп алгачкы окуучуларын сентябрда эле кабыл алган. Ал жакта балдар чет тилдерин жана табигый илимдерди тереңдетип үйрөнүү менен мыкты дүйнөлүк стандарттарга ылайык окутулат. Бул жакта робототехника, программалоо, шахмат, хореография жана башка ийримдер бар", — деп айтылат маалыматта.
Мектепте жергиликтүү да, Россиядан "Чет өлкөдө орус мугалими" программасы боюнча келген мугалимдер да сабак бермекчи.