00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
18:57
2 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
13:05
25 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ачык кеп
Эми бир дагы бала документсиз калбайт. Кыргызстан балдарды каттоодо жаңы программаны ишке киргизди
23:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
23-сентябрда, Кыргыз тили күнү жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 35 жылдыгы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти. Маалыматка караганда, иш-чара саат 10:00дө башталып, ага президенттин администрациясы, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин өкүлдөрү, окуу жайлардын профессорлору, коомдук ишмерлер катышары күтүлүүдө. "Мааракеде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар тапшырылат", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган китептердин көргөзмөсү уюштурулуп, иш-чараны "Ырдайлы кыргыз ырларын" концерттик программасы жыйынтыктамакчы.
Кыргыз тилин жеңил үйрөнөм дегендер үчүн "Кыргызча оңой" / "Easy Kyrgyz" мобилдик колдонмосу иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия билдирди.Иш-чараны ачкан комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев программа заман талабына жараша үйрөнүүгө жеңил болуп иштелип чыкканын белгилеген. Долбоордун жетекчиси Данияр Карабаев келген конокторго колдонмону көчүрүп катталуу жолдорун түшүндүрүп, интерактивдүү оюндарды өткөргөн. Колдонмодо кыргыз тилин орус тили аркылуу же англис тили аркылуу жеңил үйрөнүү шарты каралганы белгиленди. Тиркеме Android жана iOS системаларында жеткиликтүү.
ЕАЭБ БУУнун Башкы Ассамблеясында байкоочу статусун алууну пландаштырууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев БУУнун башкы катчысынын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча орун басары Ли Цзюньхуа менен сүйлөшүп жатканда айтты. Жолугушуу БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде өткөн. "Биз бул багытта иштөө үчүн зарыл болгон күч-аракетти жумшоого даярбыз", — деген Сагинтаев. Ал ЕЭК БУУнун туруктуу өнүгүү боюнча күн тартибине өзгөчө көңүл бурарын кошумчалаган. Тактап айтканда, ЕАЭБ жөнүндө келишим жана башка негизги документтер БУУнун туруктуу өнүктүрүүнүн 17 максатынын бардыгын камтыйт.
75 жыл ичинде НАТО тынч жана коркунучсуз тартипти түзүүгө салым кошкон жок. Тескерисинче, ал коопсуздук дилеммаларына себепчи болууда. Мындан улам уюм кызматтан кетип жаткан башкы катчы менен бирге "отставкага" кетиши керек. Бул тууралуу Кытайдын Global Times мамлекеттик басылмасынын жазганына таянып, РИА Новости кабарлады. Белгилей кетсек, НАТОнун азыркы баш катчысы Йенс Столтенбергдин кызматтык мөөнөтү аяктап баратат. 1-октябрда Брюсселдеги НАТОнун штабында ал кызматын Нидерландиянын мурдагы премьер-министри Марк Рюттеге расмий өткөрүп бермекчи. Макаланын авторлору 75 жылдык тарыхында НАТО Европаны да, дүйнөнү дагы тынч, коркунучу жок жашоо менен камсыз кылбаганын, тескерисинче, альянсты кеңейтүү менен коопсуздук дилеммаларына себепчи болуп жатканын белгилешкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0