00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 50%дан аштыбы — кандай көйгөйлөр бар?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Альтернативная базовая защита авто – что это такое?
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Орозо пайдалуу өтүшү үчүн кандай азыктарды жеш керек?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
В КР хотят внедрить Национальную программу по перинатальному скринингу: почему это важно
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Кыргыз тилинин келечеги жана Болот Юнусалиевдин салымы
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 50%дан аштыбы — кандай көйгөйлөр бар?
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Мамлекет башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко жөнөп кеткенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.Ага ылайык, өлкө башчы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышып, жалпы дебаттарында сүйлөйт. Ошондой эле Келечек саммитинин ишине катышып, уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугары, башка да эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.Делегациянын курамындагылар: Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри; Муратбек Азымбакиев - президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; Бактыбек Аманбаев - КРдин АКШдагы элчиси; Бакыт Сыдыков – президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; Аида Касымалиева - Кыргызстандан БУУнун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү.
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Медеткан Шеримкуловдун "Жыламыш айылындагы мыйзамсыз менчиктелген мектептин ээси эмесмин" деген сөзү чындыкка дал келбейт. Мындай билдирүүнү УКМК таратты. “Анын ЖМКларда чыккан билдирүүсү колдогу документтерге дал келбейт. Тагыраагы, №1141 жерди колдонуу укугу берилген мамлекеттик акт 1998-жылдын 14-декабрында катталган. Актынын бир көчүрмөсү 1998-жылдан азыркы маалга чейин Шеримкуловдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн колунда”, — деп айтылат маалыматта. Атайын кызмат жогоруда айылган себептен улам жергиликтүү бийлик аталган имаратты өзүнүн балансына өткөрө албай келгенин кошумчалады. “Чүй облусунун Гаврилов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Шеримкуловдорго документти кайтаруу талабы менен бир нече ирет кайрылган. Соңку кайрылуу 2023-жылдын октябрь айында болгон”, — деп билдирди УКМК.Жыйынтыгында атайын кызмат 2024-жылдын 11-сентябрында 376 миллион 339 миң сомго бааланган 20 гектар аянты бар эки кабат мектептин имаратын мамлекетке кайтарып алган.
Өлкөдө 17-сентябрдан тарта бир айлык "Жүргүнчү" аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.Маалыматка ылайык, иш-чара 17-октябрга чейин болот."Жыл башынан тартып сегиз ай аралыгында өлкө аймагында жөө адамдарды коюп кетүү фактысы менен коштолгон 1 610 жол кырсыгы катталып, 1 633 жараныбыз ар кандай жаракаттарды алышкан. Анын ичинен жөө жүргөндөрдүн күнөөсү менен 142 жол кырсыгы катталып, 13 жөө киши көз жумган", — деп айтылат маалыматта.Мындан улам "Жүргүнчү" аталышындагы рейд башталып, үч күндө 261 адам кармалган. Баарына миң сомдон айып салынганы айтылды.
Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жана муниципалдык менчик башкармалыгынын, аймактык башкармалыктын өкүлдөрү Мамыров көчөсүндөгү курулуш материалдары жана унаа тетиктери сатылган базардын соодагерлери менен жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, бийлик өкүлдөрү соодагерлер менен базарды шаардын сыртына көчүрүү тууралуу сүйлөшүшкөн."Эки ай аралыгында базарлар шаар сыртына чыгарылары айтылып, кагаз жүзүндө эскертүүлөр берилди. Бул иштер шаар ичиндеги унаа тыгындарын жоюу жана инфраструктураны жакшыртуу максатында жасалууда. Июль айында Ош шаардык кеңеши шаар ичиндеги тамак-аш, курулуш, кийим-кече, жайма базарларды сыртка чыгаруу боюнча токтом кабыл алган", — деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0