00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:56
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Мындан ары коррупционерлер айып төлөп кутулуп кете албайт, сөзсүз түрмөгө отурат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Кадамжай райондук бөлүмүнүн ачылышында билдирди. Анын айтымында, коррупция менен күрөш тынымсыз жүрүүдө, бирок аны түп-тамырынан жок кылууга мүмкүн болбой жатат. Ташиев коррупционерлерге каршы мыйзамдар катаал болушу керектигин белгилеп, УКМК бул багытта мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү даярдаганын айтты. "Мындан ары коррупционерлер түрмөдөн кутулбайт. Мурда бул кылмышты жасагандар тергөө менен кызматташып, кылганын мойнуна алып, айып төлөп мыйзамдын чегинде абактан кутулчу. Бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра кызматка илешип алышчу. Эми андай болбойт. Эгер коррупционердин кылмышы далилденсе ал сөзсүз түрмөгө түшөт. Жок дегенде жазанын жарымын абакта отурушу керек. Андан тышкары, кайра мамлекеттик кызматка кайтып келбеши керек. Ошондой эле жакындары, туугандары мамлекеттик кызматка алынбашы зарыл. Коррупционер өзүн ойлобосо, бала-чакасын, ата-энесин ойлосун", — деди УКМК төрагасы. Ошондой эле ал сунушталган мыйзамда абакта отура турган мөөнөтү мурункудай эле калганын, бирок моралдык басым күчөтүлгөнүн кошумчалады.
"Коопсуз шаар" системасы өлкөнүн бардык аймагына киргизилет. Бул тууралуу ИИМ башчысы Улан Ниязбеков билдирди.Ал ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн-кеңешмесинде кечээ президент "Коопсуз шаар" тутумун Ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүп берүү жөнүндө" жарлыкка кол койгонун эске салды. "Жарлыктын негизинде республиканын бардык аймактарына "Коопсуз шаар" тутумун жайылтып, элибиздин туруктуу коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо милдетин так аткарышыбыз керек", — деди ИИМ башчысы. Ошондой эле ал системаны иштетүү үчүн тиешелүү даярдыктарды көрүүнү жер-жерлердеги ички иштер башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырды.
ЕАЭБдеги өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4,8 пайызга өстү. Бул тууралуу 2024-жылдын январь-июль айларынын отчетунда айтылган. Маалыматка ылайык, эң көп өсүш Арменияда, Беларуста жана Кыргызстанда катталды.өсүш Арменияда — 15,7%; Беларуста — 7,5%; Россияда — 4,8%; Казакстанда — 2,9%; Кыргызстанда — 8% түздү.
Президент Жо Байдендин администрациясы Россияга карата майнаптуу санкция киргизе албагандыгын АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Дарелл Исса айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Соңку 3,5 жыл аралыгында майнап бере турган санкцияларды сала алган жокпуз", — деген ал.Иссанын пикиринде, россиялык энергоресурстардын дүйнөлүк рынокко чыгышын чектөө Москвага каршы иштеген бирден-бир санкция болуп турат. Анткен менен АКШ муну жасай алган жок.Ал арада Россия бир нече жолу ага салынган жана бүгүнкү күнгө чейин күчөп жаткан санкциялардан чөгөлөп калбастыгын айткан жайы бар. Москва киргизген чектөөлөрү максатына жетпей калганын мойнуна алууга Батыштын эрки жетпей жаткандыгын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0