00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:58
1 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Балдардын хирургиялык ооруларынын кескин өскөнү эмне менен байланыштуу?
23:06
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Салык кызматы 8 айда 3 миллиард 199 миллион сом мүлк салыгын чогултту. Бул тууралуу аталган түзүмдөн кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 379 миллион сомго көп. "Чогултулган каражаттын 845 миллион сомун кыймылдуу, ал эми 1 миллиард 251 миллион сомун кыймылсыз мүлк салыгы түздү. Жер салыгы боюнча жыйымдар 1 миллиард 102 миллион сом болду", — деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга жана үй жанындагы, короо-жай жана бак чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктаган.
Бишкекте Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун 30 жылдык мааракеси белгиленди. Анда эстеликке гүл коюлуп, Кыргыз улуттук филармониясында гала-концерт өттү. Коомдун төрагасы Марат Кутанов белгилегендей, уюм 30 жыл ичинде бир топ иштерди жасады. Айтымында, жаштарды патриоттукка тарбиялоого багытталган көптөгөн иш-чаралар, лекциялар өткөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков коомдун 30 жылдыгы мааракелик иш-чара гана эмес, кайраттуулукту, өжөрлүктү көрсөткөн адамдарды эскерүү жана ыраазычылык билдирүү күнү экенин кошумчалады.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстандын футболчуларына 2:3 эсебинде утулуп калды.Беттеш 2026-жылы боло турган дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында өттү. Алдыда улуттук команда Иран, Өзбекстан, Түндүк Корея, БАЭ жана Катар курама командалары менен дагы 8 оюн өткөрөт. Буга чейин “ак шумкарлар” ирандыктарга жеңилип калган. Президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башында турган аткаминерлер оюнга стадиондон күбө болушту.
АКШ позициясын өзгөртүп, жакынкы апталарда Киевге Россиянын аймактарына сокку урууга салган тыюусун алышы мүмкүн. Бул тууралуу Times гезити жазды. Маалыматта тыюуну алууга америкалык администрациянын көпчүлүк мүчөсү ыктап калганы, анткен менен эми Ак үйдүн калган кызматкерлерин жана АКШ президенти Жо Байденди ынандыруу маселеси турганы айтылат. Шейшемби күнү Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби АКШ мурдагыдай эле Украина Куралдуу күчтөрүнүн Россиянын тереңине сокку уруусун колдобой турганын билдирген. Анын айтымында, Америка Жо Байдендин Британия премьери Кир Стармер менен Украинанын Батыш берген куралды колдонуусу тууралуу сүйлөшүү планына карабай ушундай позицияда. Ал эми журналист Джулигрейс Бруфке АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Макколго таянуу менен Украинага барган Мамдепартамент башчысы Энтони Блинкен шаршемби күнү АКШ Россияга сокку уруу үчүн Киевге "Атакмс" ракеталарын колдонууга уруксат берерин билдиргенин кабарлады. Басылма Улуу Британия менен Франция алыска атылуучу ракеталардын Россия аймагына сокку уруу үчүн пайдаланылышын колдой турганын белгилеген, анткен менен Киев техникалык себептерден улам АКШнын уруксатын күтүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0