00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
50 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Күн башат
Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга “улуттук” макам кандай өзгөрүүлөрдү алып келет?
07:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Плюсы и минусы грудничкового плавания: стоит ли учить малыша плавать?
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Самокат, скутерлерди жөндөгөн мыйзам качан иштеп баштайт? Депутат менен маек.
09:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Октябрдан тарта пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо коэффициенти 1,18 өлчөмүндө бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 29-августтагы № 534 токтомунда айтылган. Маалыматка ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга, 1000 сомдон кем эмес көбөйтүлөт. Ошондой эле кошумча-алымчалары менен пенсиянын минималдуу көлөмү 6900 сомдон кем болбошу керектиги айтылган. Эске салсак, бул пенсияны көтөрүүнүн экинчи этабы. Биринчи этабы 1-июлда ишке кирип, анда эң минималдуу пенсия 3 500 сом болгон.
Быйыл кышында электр энергия тартыштыгы болбойт. Алдын алуу үчүн тийиштүү иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу көп. Учурда 12 миллиард 635 миллион метр куб суу бар. Муну менен катар эле Таалайбек Ибраев быйыл суунун көп чогулганы менен электр энергиясын керектөөнүн көлөмү дагы жыл сайын көбөйүп жатканын белгиледи. "Жыл сайын электр энергиясын керектөө 4-6 пайызга өсүп жатат. Былтыр 12,4 миллиард киловатт-саат электр энергиясын колдонсок, быйыл бул көрсөткүч 17,8 миллиардды түздү. Быйылкы кышка даярдык тууралуу айтсам, электр энергиясынын тартыштыгы жаралбайт", — деди Ибраев. Ал ошондой эле өлкөдөгү энергетика тармагына ири инвестицияларды тартуу үчүн орчундуу иштер аткарылып жатканын белгиледи.
Асан Жанышов грек-рим күрөшүнөн 20 жашка чейинки спортчулардын арасында дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Испанияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээлеп, алтын медалга ээ болду.Асан Жанышов 87 килограмм салмак боюнча грузиялык, швециялык жана румыниялык спортчуларды жеңип финалга чыккан. Чечүүчү беттеште азербайжандык балбанды утуп алтын медалга ээ болду.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Александр Сырский аскерлерге Курск АЭСине кирип барып, жардыргыч орнотуу тапшырмасын берген. Бул туурасында РИА Новости каршылаш тараптын десанттык-камалоочу 82-бригадасынын туткунга түшкөн аскери Михаил Шкода айтканын жазды. Туткундун айтымында Сырский диверсияны жасоого НАТО адистеринин катыштыгы бардыгын кошумчалаган. Ал кеткенден кийин аскерлер командирлеринен бул станциянын аларга эмне үчүн керектигин сурап башташкан. "Ал жакка жарылгыч орнотуп, Россияга күтүүсүз белек жасайбыз" деди. "Кандай жарылгыч, ал жактан баарыбыз жарылып, радиациядан көз жумабыз" дедик. Бизди дароо чыгарып кетишерин, ал арада россиялык аскерлер келип, аймакты кайра тартып аларын, андан кийин гана бомба аралыктан жардырыларын айтышты. Украина Россияны өздөрү жардырды деп күнөөлөй турганын түшүндүрүштү", — деп айтып берген Шкода. Эскерте кетсек, 2024-жылдын 6-августунда саат 5:30да Украинанын Куралдуу күчтөрү Курск облусун басып алуу ниети менен чабуул жасап, россиялык аскерлер тарабынан токтотулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0