00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
50 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылатУкраинанын министрин Польшадан кууп чыгууну талап кылып жатышатСадыр Жапаров бир убакта өлкөнүн ар аймагындагы 100 объектини ачтыалдыда кененирээкБүгүн, 30-август күнү, Кыргызстандын ар аймагында курулган 100 объект бир маалда ачылып, салтанатка президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Мамлекет жетекчиси Чүй облусунун Кемин районундагы "Терек-Таш" клинкер заводунун ачылышында сүйлөгөн. Жапаров Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объект куруунун алкагында бир катар жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык объектилердин ачылышы Кыргызстан үчүн тарыхый жактан өтө маанилүү учур экенин белгиледи. Президенттин айтымында, "Терек-Таш" клинкер заводу менен бирге Кадамжайда Исфайрам-1, Ноокатта Курак-Тектир чакан ГЭСтери, Ат-Башыда "Кара-Булак" соода-логистикалык аймагы, эт комбинаты, Нарында "Миң-Булак" курулуш материалдар ишканасы, Жайылда "Жунда" мунай заводу, Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруучу завод, Сузакта мунайды кайра иштетүүчү завод, Чаткалда алтын иргөөчү фабрика жана башка ушуга окшогон бир катар өндүрүш ишканалары, ошондой эле жаңы мектеп, мектептерге кошумча имараттарды, бала бакчаларды, спорт залдарды расмий ачуу каралган.
Эртең, 31-августта, Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда борбор калаанын "Ала-Тоо" аянты жана бир катар көчөлөрү автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.Чектөө кире турган көчөлөрдүн тизмеси: Чүй простпектинин Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү; Фрунзе көчөсүнүн Эркиндик проспектинен Тоголок Молдого чейинки бөлүгү; Орозбеков менен Раззаков көчөлөрүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүктөрү; Ибраимов көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү; Чыңгыз Айтматов, Манас проспекти, Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрү да маал-маалы менен жабылып турат.
Интернет айдыңында Бишкек шаарынын асманында дрон менен тартылган, жаркырап күйүп турган сүрөттөр тарады. Аккуланы минип, кылычын байланган Манас баатырдын, боз үйдүн, комуздун жана жакында эле Париж Олимпиадасынан жеңип келген спортчулардын элесин берген бул жаңычылдык элдин суктануусун жаратып жатат.Бишкектин асманынан ошондой эле рун жазууларын, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын чагылдырган сүрөттөрдү да көрүүгө болот. Борбор калаа ушул тапта Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына кызуу даярданып жатат.
Польша сейминин депутаты Януш Ковальский Украинанын ТИМ башчысы Дмитрий Кулебаны нон грата адамы деп жарыялоону талап кылды. Бул туурасында РИА Новости билдирди. Депутат пикирин Х социалдык тармагына жазган. Кулеба Польша эли кабылган Волынь кыргыны тууралуу сөз кылган. Польша парламентинде сүйлөп жатып, дипломат Киев Варшавага ал окуяларда курман болгондордун сөөгүн эксгумация кылууга тоскоолдук кылбоо чечимин кабыл алганын айткан. Бирок аны менен кошо эле "украиналыктардын элесин тарыхта калтыруу" зарылдыгын билдирген. Муну менен ал жакында эле Польшада "Украиналык козголоңчу армиянын" аскерлеринин эстелиги алынгандыгын кыйытты, ал өлкөлөр арасындагы мамилени сууткан. Ковальский министрди мындай сөзүнөн улам тарыхты бурмалагысы келген ревизионист деп атады.
Жаңылыктар түрмөгү
0