00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
50 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Билим берүү министрлиги балдарды 1-класска жашаган жери боюнча (факт боюнча) онлайн-каттоо 30-августка чейин жүрөрүн эске салды. Баласын мектепке каттай элек ата-энелер mektep.edu.gov.kg платформасына кирип, тиешелүү документтерди тиркеп, жашаган дареги кайсы мектепке туура келсе ошол билим берүү жайына каттай алат. Белгилүү болгондой, 28-августка карата республика боюнча балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу 126 миң 578 бала катталган. Ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 459 бала, Жалал-Абад облусунда – 2 480, Чүй облусунда – 22 107, Бишкек шаарында – 16 738 жана Баткен облусунда 12 110 бала катталган. Баланы мектепке ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлдөр гана каттай алары эскертилди.
Эл аралык экологиялык экспедиция Кыргызстандын эң бийик чокулары болуп саналган Ленин менен Хан-Теңирге чыгат. Бул тууралуу Альпинизм федерациясы билдирди.Ага ылайык, альпинисттер тоолуу аймактардагы таштанды көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруп, экотуризм идеяларын жайылтууну көздөшүүдө. "Таза Ала-Тоо" долбоору элдин көңүлүн тоолуу аймактардагы таштанды көйгөйүнө буруу максатында иштелип чыккан. Маалыматта альпинисттер тоолордогу эскирген аркандарды, желимдерди жана башка альпинисттик таштандыларды тазалашары айтылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы өрт кырсыгынын алдын алуу максатында атайын рейд жүргүзүүдө. Ага Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, салыкчылар жана милиция кызматкерлери да тартылды. Бул ирет текшерүү Ден Сяопин, Алыкулов көчөлөрүндө жана Ак-Ордо конушунда өттү. Анда өрт коопсуздук эрежеси сакталбай, күйүүчү-майлоочу майлар желим бөтөлкөлөргө куюлуп жол жээктеринде сатылып жаткандыгы аныкталды. Рейддин жыйынтыгында жалпысынан 565 литр күйүүчү май конфискацияланды. Ал эми сатып жаткан жарандарга административдик чаралар көрүлмөкчү. ӨКМ мыйзамсыз май сатуу адам өмүрүнө кооптуу экендигин, өрт чыкса жолдогу унааларга жана жакын жайгашкан үйлөргө коркунуч туудурарын айтып келет.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери жер-жерлерде зыянкечтерге, илдеттерге жана ооруларга карата дыйкан фермерлерге консультацияларды берип, окууларды өткөрүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул ирет мындай окутуулар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылында уюштурулду. Анда адистер дыйкан жана багбандары менен мөмөлүү бак-дарактардын, кара өрүктүн карантин зыянкечи бологон тыт калканчысына жана башка зыянкеч, илдеттерге каршы күрөшүү боюнча окуу семинар өткөрдү. Семинарга Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, айыл аймак башчылары, Жалал-Абад облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0