00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
50 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстан математика, физика, химия, англис тили боюнча Сингапурдун китептери менен окуй баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Ведомство Сингапурдун Marshall Cavendish басмасынан математика (алгебра, геометрия), табигый илимдер (табият таануу, физика, химия, биология), англис тили предметтери боюнча иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстерге мөөнөтсүз лицензия алынганын кабарлады. Министрлик бул китептер англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которулуп жатканын айтып, эки тилдеги китептер эки жылда даярдалып, жетиштүү нускада басыларын кошумчалады.
Кыргызстанда ири, орто жана чакан бизнести жетектеген айымдардын саны өстү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Монголияда өткөн «Жашыл келечек жолунда» аталыштагы аялдардын Дүйнөлүк форумунда билдирди. Жылдыз Полотова “Айлана-чөйрөнү коргоо ишмердүүлүгүн активдештирген лидер аялдар” темасында сөз сүйлөп, акыркы 30 жылда Кыргызстанда гендердик теңчилик жаатында олуттуу өзгөрүүлөр болгонун айткан. «Бизнесте, саясатта жана жетекчилик кызматтарда аялдардын саны байкаларлык өстү. Акыркы бир нече жылда аялдар жетектеген чакан ишканалардын саны 21% га, орто ишканалар 16% га өстү. Ал тургай ири ишканаларда аялдар лидерлик кызматтарды ээлешет, бул жөнүндө 22% га өсүш күбөлөндүрөт. ", - деген ал. Бирок Кыргызстанда мамлекеттик жогорку кызматтарда аялдардын саны аздыгы айтылып келет. Бул маселел Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, бир да облустун, райондун же шаарды жетектеген аял жоктугу айтылган.
Эгемендүүлүк күнүндө жаңы Ак үйдүн салтанаттуу ачылыш аземи болот. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.Бишкектин түштүгүндөгү имаратты курууга эки жылдан ашык убакыт кетти. Жаңы имарат "Ынтымак – Манас Ордо" деп аталат. Участоктун жалпы аянты — 25,78 гектар. Объект Чыңгыз Айтматов проспектиндеги "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курулду. Азырынча мамлекет башчынын администрациясы менен министрлер кабинети качан көчөрү белгисиз.
Андрей Стенин атындагы фотожурналистика боюнча Х эл аралык сынактын уюштуруу комитети быйылкы жеңүүчүлөрдү 3-сентябрь күнү Россиянын жаңы тарых мамлекеттик музейинде өтө турган салтанаттуу аземде жарыялайт. Ушул эле иш-чарада баш байгенин ээси аталмакчы. Сынактын эл аралык калыстар тобу бул жылы 36 мамлекеттен жөнөтүлгөн эки миңден ашуун эмгектин ичинен Бангладеш, Улуу Британия, Испания, Индия, Кытай, Мьянма, Россия, Сирия жана Түштүк Африка Республикасынан 32 фотографтын сүрөттөрүн тандап алган. Жеңүүчүлөрдүн эмгектери Россиянын жаңы тарых мамлекеттик музейинде (Москва, Тверская көчөсү, 21) сентябрдын аягына чейин көргөзмөгө коюлат. Салтанаттуу азем менен бирге сынак лауреаттарынын сүрөттөрүнүн салтка айланган турнеси да башталат. Эл аралык роуд-шоу Эфиопия, Сербия жана Аргентинанын галереялык аянтчаларында мерчемделди, эл аралык турненин географиясы мындан да кеңее бермекчи. ЖМК өкүлдөрү үчүн accreditation@ria.ru сайтып иштеп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0