БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) тарабынан Казыбек Мамбетимин уулунун өмүрү менен чыгармачылыгына арналган "Казыбек казалчы" китеби түрк тилине которулуп, бүгүн Бишкек шаарында бет ачары болду.Эскерте кетсек, 2022-жылы КР маданиятына эмгек сиңирген артист Токтобек Асаналиев түзүп чыккан "Казыбек казалчы" китеби жарык көрүп, Ат-Башынын Босого жайлоосунда акындын 120 жылдыгы өткөрүлгөн.Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында өткөн иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы, КР эл акыны Султан Раев, Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору Абдылдажан Акматалиев, КР эл жазуучусу Бактыбек Максүтов, УИА мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунов, Казыбек казалчы боюнча алгачкы илимий эмгек жазып чыйыр салган филология илимдеринин доктору Мээрим Көлбаева баштаган илимпоз, окумуштуулар, адабиятчылар катышты.Өмүрү, тарых-таржымалы өтө оор өткөн, чыгармачылыгын эч бир түрмө, эч бир репрессия өчүрө албаган Казыбек казалчы тууралуу айткан Раев акындын ырлары элге сиңип кеткенин белгиледи.Академик Абдылдаев Казыбек казалчынын тилине токтолду. Ырларына текстологиялык изилдөө жүргүзүү, илимий жактан ачып берүү маселелери алдыда турганын билдирди.Иш-чарада казалчынын өмүрү жана чыгармачылыгын жайылтуу, ырларын окутууну бүгүнкү күндүн талабына ылайыкташтыруу маселеси да көтөрүлдү. Бет ачардын соңунда өзүнө сөз менен эстелик тургузуп кеткен Казыбек казалчынын чыгармачылыгын ар тараптан ачып берүү боюнча сунуш, пикирлер айтылды.
Жаңы китептин бет ачары күз айларында Түркиянын Анкара шаарында да өтөрүн айтышты.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) тарабынан Казыбек Мамбетимин уулунун өмүрү менен чыгармачылыгына арналган "Казыбек казалчы" китеби түрк тилине которулуп, бүгүн Бишкек шаарында бет ачары болду.
Эскерте кетсек, 2022-жылы КР маданиятына эмгек сиңирген артист Токтобек Асаналиев түзүп чыккан "Казыбек казалчы" китеби жарык көрүп, Ат-Башынын Босого жайлоосунда акындын 120 жылдыгы өткөрүлгөн.
Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) тарабынан Казыбек Мамбетимин уулунун өмүрү менен чыгармачылыгына арналган "Казыбек казалчы" китеби түрк тилине которулуп, бүгүн Бишкек шаарында бет ачары болду

Эскерте кетсек, 2022-жылы КР маданиятына эмгек сиңирген артист Токтобек Асаналиев түзүп чыккан "Казыбек казалчы" китеби жарык көрүп, Ат-Башынын Босого жайлоосунда акындын 120 жылдыгы өткөрүлгөн

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында өткөн иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы, КР эл акыны Султан Раев, Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору Абдылдажан Акматалиев, КР эл жазуучусу Бактыбек Максүтов, УИА мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунов, Казыбек казалчы боюнча алгачкы илимий эмгек жазып чыйыр салган филология илимдеринин доктору Мээрим Көлбаева баштаган илимпоз, окумуштуулар, адабиятчылар катышты.
Өмүрү, тарых-таржымалы өтө оор өткөн, чыгармачылыгын эч бир түрмө, эч бир репрессия өчүрө албаган Казыбек казалчы тууралуу айткан Раев акындын ырлары элге сиңип кеткенин белгиледи.
"Казыбек казалчынын артында туяк калган жок, бирок сөз калды, ыр калды. Ошол сөзүн, ошол ырын жыйнап, китепке топтоп, аны эми түрк дүйнөсүнө таанытып жатканыбыз — Казыбек казалчынын рухунун алдында таазимибиз. Түрк тилинде чыккан китептин кыргызчадан айырмачылыгы — үчтөн бир бөлүгү архивдик материал экени, бул китепте кыргызчасында чыкпаган материалдар бар. Албетте, котормочулардын чоң тобу иштеди. Түркияда китеп чыккандан кийин жерге каны тама электе тарайт экен, китепканаларга, университеттерге таратылып берилди. Кандидаттык иш коргогондор, илимпоздор бар экен, аларга майдай эле жакты. Буюрса күз айларында Анкарада да чоң масштабда бет ачарын өткөрөбүз. Казыбек казалчыны бүтүндөй түрк дүйнөсү таанышы керек", — деди Раев.
Академик Абдылдаев Казыбек казалчынын тилине токтолду. Ырларына текстологиялык изилдөө жүргүзүү, илимий жактан ачып берүү маселелери алдыда турганын билдирди.
Иш-чарада казалчынын өмүрү жана чыгармачылыгын жайылтуу, ырларын окутууну бүгүнкү күндүн талабына ылайыкташтыруу маселеси да көтөрүлдү. Бет ачардын соңунда өзүнө сөз менен эстелик тургузуп кеткен Казыбек казалчынын чыгармачылыгын ар тараптан ачып берүү боюнча сунуш, пикирлер айтылды.