Атасы Мамбетимин ошол жердин колунда бар адамдарынан болгон экен. Диний сабаты бар ата баласы Казыбекти эс тарткандан баштап арабча кат таанытып, окуганды үйрөтүп, ислам дини боюнча да билим-түшүнүгүн калыптандырат.
Ал кезде бойго жетип калган казалчы Казыбек:
Миң тогуз жүз жыйырма
Тогузунчу жылында
Бай-манап деп айдалып,
Буйрук менен кез болдук,
Бул өңдөнгөн кыйынга.
Кармаган, тапкан буюмдан
Калбады бирөө ырымга, — деп тагдырынын оор мүшкүлү башталганына өкүнүп жазат.
Түрмөдө жатып да калемин таштабаган Казыбек:
Түрмөнүн шордуу азабын,
Тирүүлөй тартып жатамын.
Теңдиги жок өкүмат,
Тескери сурак жасадың…
Терезеден карасам,
Теректин башы чайпалат.
Жашыл килем салынып,
Жаз келген түрү байкалат.
Алыста жүргөн шордууга,
Кандай куш кабар айта алат? – сыяктуу саптарын жазат.
Эл тагдырын чечип, жаңы бийликти орнотуп жүргөн атка минерлердин арасында керт башын карапайым элдин кызыкчылыгынан, анын келечегинен өйдө коюп, бийлик башындагыларга жагынып-жакшы көрүнүш үчүн эптеп кыйкым таап, тигини-муну каралап, далай бейкүнөөлөрдү сүргүнгө айдатып, жигин чыгарбай жок кылдырган бузукулар да болгон. Эзүүчү тап катары бай-манаптардын шары менен эркин ой жүгүртө билген, аман жүрүшсө, акылы, эмгеги, билими менен элге көп пайда алып келе алышмак улуу инсандар да жок кылынган. Сталиндик репрессия кырк миң кыргызстандыкты түрмөгө салып, сүргүнгө айдап, бир нече миңин атуу аркылуу өлүм жазасына тарткан. Алардын бири Казыбек казалчы болгон…
1934-жылы туулган жерине кайрылып келе жаткан жеринен аны Каракол тарапта сыртта чек арада тургандар кармап алышат. Бир топ суракка алынып, Казыбекти өлүм жазасына тартуу жөнүндө өкүм чыгат. Эмне себеп менен экени азыр белгисиз, бирок эки ай өткөндөн кийин баягы өлүм жазасы жөнүндө чечим өзгөртүлүп, ал он жылга кесилип кетет.
Түрмөдө жатып, Казыбек өзүнүн ак жеринен кесилгенин айтып ыр түрүндө арыз жазган дешет. Аны райкомдо катчы болуп иштеп жүрүп түрмөгө түшкөн Карабеков деген орусча билген жигит которуп, жогору жакка жиберишет. Бирок, тилекке каршы, ал кат тийиштүү жерге жетип, жооп келгенче Казыбектин көзү өтүп кеткен экен.
Белгилүү себептер менен Казыбек Мамбетимин уулунун өмүр таржымалы, жазган ырлары, анын өлгөн күнү-жылы жөнүндө расмий маалыматтар убагында болгон эмес. Бирок аны көрүп-билип, кошо жүрүп ырын угуп, чеберчилигин баалаган замандаштарынын эскерүүлөрү анын басып өткөн жолуна азын-оолак нур бергенсийт. Экинчи жагынан, аларда ар кандай карама-каршылыктар да кездешет.
Мисалы, Казыбектин казалдарын көп жыл бою эл оозунан жыйнап, кагазга түшүрүп келген Болотбек Исабеков Казыбек 1943-жылы түрмөдөн аман-эсен чыгып, бирок жолдо, Өзгөндүн Мырза-Аке айылына жеткенде көз жумган деп айтат.
Бирок Казыбек менен түрмөдө бир отурган, кийин Нарын (мурдагы Тянь Шань) районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында жашаган Макеев Төлөмүш Казыбек бошонуп келип, Мырза-Акеде көз жумганын такыр төгүнгө чыгарган. Анын эскерүүлөрү боюнча, 1936-жылы январда кесилгендерди Ташкенттин Чирчик курулушуна жөө айдап барган. Ошол эле жылдын жай айларында Казыбек ооруп калып, бир нече күндөн кийин көз жумган. Сөөгү ошол жерде көмүлгөн.
Казыбек каза болгондо 42 эле жашта болчу экен. Ал өзү ырдагандай: "Баш-аягы тополоң боло калган дүнүйө. Бирден өтүп бирөөгө, кала келген дүнүйөдө" ырчынын өлүмү тууралуу тастыкталган айкын маалымат сакталган эмес.
Казыбектин жалгыз кызы Таажыгүл 1937-жылы Кашкарда каза болуптур. Эркек балдары эрте өлүп, Казыбектен тукум калган жок дешет аны билгендер. Эл арасында айтылып калган жана айрым бир архивдик даректерде сакталган маалыматтар Казыбек Мамбетимин уулунун өмүрү жөнүндө ушундай кыска гана кабар берет.
Бирок ошого карабай, Казыбек жашап өткөн жерлерде анын ырларын көкүрөгүнө сактап, анын көркөм сөзгө бай чыгармаларын бир муундан бир муунга калтырып жүргөн, анын талантын чындап кадырлай билгендер аз эмес.
Казыбек аргасыз жерин таштап качып, сүргүнгө айдалып, түрмөдө жаткан кезде да өз элин, салтын, мекенинин бийик тоо, тунук сууларын, эркин оттоп жүргөн аркар-кулжаларын, бийикте учкан куштарын булбулдай тилине салып ырдаган.
Жылжытып жылкы айдаган,
Чыңыртып кулун байлаган.
Көк өзөн жайлоо, көк конуш,
Көркүнө чыгып жайнаган…
Ал жерден жамгыр үзүлбөйт,
Атылып турат чагылган…
Кымызын ичип, козу жеп,
Мырзалар ичик жамынган.
Азырка чейин эл арасында ырдалып, ал тургай, оркестрдин коштоосу менен опера ырчылары сахнадан аткарып жүргөн «Ой, тообо» аттуу ыр Казыбектики экенин билген киши аз.
Акыркы кездердеги маалыматтарга ылайык, казалчы Казыбектин 1930-жылы Кытайга качып барган кездеги өз оозунан жазып алынган казалдары Кыргызстанга келди. Көрсө, Казыбек Какшаалда Абдыш Молдакун уулу аттуу кишинин үйүндө турган экен. 1932-жылы ошол Абдыш Казыбектин чыгармаларын фарси тилинде жазып алыптыр. Анын жазгандарынын аягында "1935-жылы 16-июлда жазылып бүткөн" деген жазуу бар.
Абдыш өз уулу Айтакунга ошол өзү жазып калган Казыбектин казалдарына баа берип, баркын түшүнөр маал келгенде кыргыз жерине жеткирип берүүнү тапшырып кеткен экен.
Айтакун Абдыш уулу атасынын айткан керээин аткарып, Казыбектин өз оозунан жазылып алынган ырларынын араб тамгасы менен чыгарылган китебин Кыргызстанга алып келип, Казыбек жөнүндө маалымат топтоп, элге таанытсам деп аракет кылып жүргөн ырчы Токтобек Асаналиевге тапшырган.
Кыязы, качандыр бир кезде учугу жоголуп, эл арасында чала калган Казыбек Мамбетимин уулунун чыгармалары менен окурмандар дагы тааныша алат көрүнөт.