Президенттин "Эл үмүтү" стипендиясын 22 улан-кыз ала турган болду. Тизме
Жазылуу
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча комиссия биринчи окуу жылына 22 талапкерди жактырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган комиссия экинчи окуу жылга алты арызды жактырган.
Жактырылгандардын тизмеси:
1.
Асел Абдурахманова — Жонс Хопкинс университети, "Коомдук саламаттык сактоо" программасы боюнча магистратура;2.
Айтбүбү Абдыибраева — Ноттингем университети, "Компьютердик илим жана жасалма интеллект" программасы боюнча магистратура;3.
Мира Жолдошалиева — Вестерн университети, "Бизнес-аналитика" программасы боюнча магистратура;4.
Мээрим Канатова — Пенсильвания университети, "Окутуучу илимдер жана технологиялар" программасы боюнча магистратура;5.
Айгерим Карыбекова — Колумбия университети, "Технологиялардын менеджменти" программасы боюнча магистратура;6.
Бермет Касымова — Карнеги Меллон университети, "Архитектура" программасы боюнча магистратура;7.
Айгерим Курманбекова — Берклидеги Калифорния университети, "Маалыматтык башкаруу жана системалар" боюнча магистратура;8.
Асел Төрөгулова — Карнеги Меллон университети, "Продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн интеграцияланган инновациялар" программасы боюнча магистратура;9.
Турумбекова Турсунай Алмазбековна – Дьюк университети, "Маалымат илими жөнүндө" программасы боюнча магистратура;10.
Бакыт Алимжанов — Эдинбург университети, "Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү каржылоо жана инвестициялар" программасы боюнча магистратура;11.
Ислам Аязбаев — Чикаго университети, "Мамлекеттик саясат" программасы боюнча магистратура;12.
Элида Кыдырова — Минесота университети, "Коомдук илимдер жана менеджмент" программасы боюнча магистратура;13.
Стамбекова Айпери Азатбековна – Оксфорд университети, "Айлана-чөйрөнү өзгөртүү жана башкаруу" программасы боюнча магистратура;14.
Севара Тажибаева — Гарвард университети, "Дизайн, инновация жана технология тармагында окутуу" программасы боюнча магистратура;15.
Камила Тиленбаева — Нью-Йорк университети, "Корпоративдик укук" программасы боюнча магистратура;16.
Нуржамал Ырысбекова — Бостон университети, "Долбоордук менеджмент" программасы боюнча магистратура;17.
Алина Осмонова — Чикаго университети, "Экономикалык саясат" программасы боюнча магистратура;18.
Жибек Кыдырова — Лейден университети, "Укук жана маалыматтык технологиялар" программасы боюнча магистратура;19.
Алымкан Жеенбекова — Гумбольдт атындагы Берлин университети, "Фольклористика" адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;20.
Мээржан Канатбекова — Вена техникалык университети, "Кванттык эсептөө" адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;21.
Салижан Кылычбеков — Оксфорд университети, "Кванттык программалоо" адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;22.
Асель Момошова — Кембридж университети, "Жер экономикасы" адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы.Экинчи окуу жылы үчүн алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди:
1.
Адель Асаналиева — Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;2.
Салия Асанова — Берклидеги Калифорния университети, "Маалыматтык менеджмент жана системалар" программасы боюнча магистратура;3.
Жаңылай Тураткан кызы — Дьюк университети, "Дисциплиналар аралык маалымат илимдери" боюнча магистратура;4.
Нуршат Абабакиров — АКШ, Колумбия университети, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;5.
Хилола Якубжанова — Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;6.
Исламбек Ашырмаматов — Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.Эске салсак, бул стипендияга жыл сайын 50 орун бөлүнөт. Анын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 20, экономикалык багыттар боюнча — 10, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча — 10, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн 10 стипендия каралган. Ага документтерди кабыл алуу 1-майдан башталган.