00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
От Чокморова до новых звезд: будущее кыргызского кинематографа
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Полиция кишилерди атып, прокурор үн катпай... Камала Харрис жөнүндө эмне белгилүү

© AP Photo / Joe LambertiАКШнын вице-президенти Камала Харрис
АКШнын вице-президенти Камала Харрис  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2024
Жазылуу
Байден президенттик шайлоодо жолун Камала Харриске бошотуп берерин айтты. Эми демократтар анын талапкерлигин алып чыгуу үчүн августта улуттук конвенция кабыл алмакчы.
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. 21-июлда АКШ лидери Жозеф Байден президенттик шайлоодон баш тартып, жолун Камала Харриске бошотуп берерин айтты. Муну Демократиялык партиянын кызыкчылыгы менен байланыштуу деди.
Эми демократтар анын талапкерлигин алып чыгуу үчүн августта улуттук конвенция кабыл алмакчы.
АКШнын вице-президенти Камала Харрис тууралуу маалыматтарды топтоп, окурмандарга сунуштайбыз.

Балалыгы, үй-бүлөсү

Харрис 1964-жылдын 20-октябрында Окленд шаарында (Калифорния штаты) туулган. Коңшу Беркли калаасындагы Thousand Oaks мектебинде окуган. Бала чагында кара түстүү балдардын чиркөө хоруна катышып, афроамерикалыктардын Rainbow Sign балдар маданий борборунда искусство боюнча окуган.
Энеси Шьямала Гопалан эмчек рагы боюнча адистешкен окумуштуу болгон, 19 жашында Индиядан АКШга келген. Камаланы төрөгөн жылы доктордук даражаны алган. Харристин таятасы Индиянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн жогорку кызматтагы аткаминер болгон. Ал эми таянеси элеттик аялдарга контрацепция боюнча кеп-кеңеш берип, агартуучулук кылган. Камаланын атасы Дональд Харрис Ямайкада туулган, кара түстүүлөрдүн ичинен биринчилерден Стэнфорд университетинде экономикалык факультетке ишке орношкон, кийин ардактуу профессорлукка жеткен экономист болгон. Камала 12 жашка чыкканда энесинин ишинен улам Канададагы Монреалга көчөт.
Мектепти бүткөндөн кийин Харрис Вашингтонго көчүп барып, 1982-жылы афроамерикалык студенттер тарыхый жактан билим алган Говард университетине кирип, саясий илимдер жана экономика адистигин окуган. Окуу учурунда ал Федералдык соода комиссиясында жана Калифорния штатынын сенатору Алан Крэнстондун кеңсесинде тажрыйба топтоп, Улуттук архивде жана АКШнын Басып чыгаруу жана чегүү, чийме салуу бюросунда (АКШнын Каржы министрлигинин доллар банкноталарын жана финансылык документтердин бланктарын чыгаруу бөлүмү) иштеген. Харрис университетти 1986-жылы аяктаган. Андан соң Сан-Францискодгу Калифорния университетинин Гастингс юридикалык колледжинде билим алуусун уланткан. 1989-жылы анын прокурор болуп иштейм деген ишеними күч болгон.

Харристин Калифорниядагы прокурорлук иши

1990-жылы Харрис Аламеда округунда округдук прокурордун жардамчысы болуп иштей баштап, балдарга карата сексуалдык кылмыштарды иликтөө боюнча адистешкен. Сегиз жылдан кийин ал Сан-Францискодогу үй-бүлө жана балдар иштери боюнча бөлүмдүн округдук прокурорунун жардамчысы болуп дайындалып, өспүрүмдөр арасындагы сойкулукка каршы күрөшүүдөгү ийгиликтери менен белгилүү болгон.
Кошмо Штаттардын вице-президенттигине талапкер Жей Ди Вэнс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2024
Вэнс: Трамптын жеңиши АКШнын айрым союздаштары үчүн жоопкерчиликти арттырат

Сан-Францискодогу округдук прокурор

2003-жылы Харрис биринчи шайлоо өнөктүгүнөн өтүп, экинчи турда (56 пайыз добуш алып) Сан-Францисконун округдук прокурору болуп шайланган жана мурдагы жетекчиси Терранс Халлинанды жеңген. Бул кызматта Харрис Back on Track программасын иштеп чыгып, жаштарга биринчи жолу жасалган баңгизаттарга байланыштуу кылмыштар үчүн түрмөгө камоодон көрө окуп же иштеп, кадимки жашоого кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берген. Харрис Сан-Францисконун округдук прокурору катары мектепке барбай калган балдардын ата-энелерин сот жообуна тартуу демилгеси үчүн сынга алынган, бирок бул чаранын аркасында мектепке барбай калгандардын саны азайган. Мындан тышкары, полиция кызматкери Айзек Эспинозаны өлтүрүү иши дагы чоң талаш-тартыштарга себеп болгон. Прокурор кылмышкерге өлүм жазасын талап кылуудан баш тартып, аны өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм кылышкан. Ал округдук прокурор болуп иштеген алгачкы үч жылда Сан-Францискодо айып таккан өкүмдөр 52 пайыздан 67 пайызга өскөн. 2007-жылы Харрис экинчи мөөнөткө шайланган.
Харрис округдук прокурор болуп иштеп жаткандагы акыркы чуулгандуу окуянын бири полициянын баңгизат лабораториясынан кызматкердин далилдерден кокаин алып койгон окуясы болгон. Мунун айынан баңгизаттарга байланыштуу 600дөн ашуун иш жабылган. Харрис бул ишти тергөөдөн баш тартып, аны менен штаттын Башкы прокуратурасынын алектенүүсүн өтүнгөн.

Калифорниянын башкы прокурору

2011-жылы Харрис Калифорниянын башкы прокурорлугуна дайындалып, аялдардын жана кара түстүүлөрдүн ичинен көзөмөл органына келген биринчи өкүл болгон. Бул иштеги анын жетишкендиктеринин бири Open Justice деп аталган, анда полициянын отчеттуулугун жогорулатуу үчүн кылмыштуулук жана жазык сот адилеттиги боюнча статистика берилген. Штаттын башкы прокурору бир жыныстуулардын никелешүүсүн колдоп, аталган аймакта ок атуучу куралга мыйзам менен ээлик кылуу боюнча текшерүү демилгесин көтөргөн.
Харрис полиция кызматкерлери элге, анын ичинде колунда куралы жокторго ок атуу фактысына жасаган мамилеси үчүн коомчулуктун сынына кабылган. Ал Сан-Францискодо иштеген алты жылда полиция кызматкерлеринин колунан 18 адам өлгөн. Өзгөчө эки окуя ызы-чуулуу болгон. 2014-жылы 25 жаштагы Эзель Форд жана кийинки жылы адам өлтүрүүгө шектелген 26 жаштагы Марио Вудсту кармап жатканда тартип сакчылар аны көздөй 20дан ашуун ок чыгарган.

Сенаттагы Камала Харрис

2016-жылы Сенатка шайланган индоамерика тектүү биринчи аял болуп эсептелет. Ал өкмөттүк иштер жана улуттук коопсуздук, чалгын, соттук система жана бюджет боюнча комитеттердин мүчөсү болгон.
2019-жылы АКШ президенттигине ат салышкан. "Коомчулукту кайра түзүп чыгууга ниетим жок. Болгону кишилерди түн ортосунда ойготуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылам", — деген ал. Бирок жыйынтыгында саясий жарыштан чыгып, Байдендин бийлиги учурундагы вице-президенттикке талапкер болгон.
Вице-президенттикте Харрис түштүк чек арадагы миграция, шайлоо жана бойдон алдыруу укугун коргоо боюнча көйгөйлөрдү карап турган.

Украинага мамилеси

Вице-президент Харрис "адилеттүү жана бекем дүйнөнү" курууну жактай турганын, Киевди баштан-аяк колдоорун айтып чыккан. Швейцариядагы украин саммитинде Владимир Зеленский менен кеминде алты ирет кездешкен.
АКШнын вице-президенти Камал Харрис. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2024
CNN: демократ-сенаторлордун көпчүлүгү Харристин талапкерлигин колдошту
Жаңылыктар түрмөгү
0