https://sputnik.kg/20240719/1087149638.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын... 19.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-19T09:00+0600
2024-07-19T09:00+0600
2024-07-19T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/07/13/1087149506_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_569c712d3de500c6d5b4a51c92186aea.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 12-июнунда кабыл алынган. Анда жер участокторун кошпогондо, рекреация объекттерин чет өлкөлүк жактарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга жеке менчикке берүүгө багытталган түзөтүүлөр каралган. Рекреация объекттери катары пайдаланылган жер участоктору Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте убактылуу пайдаланууга берилет. Буга чейин кабыл алынган жарлыкка ылайык, пляждык аймактарга кирүүгө эч кандай чектөөлөр коюлбайт. «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамдын демилгечилери депутаттар Балбак Түлөбаев, Эльмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков. Демилгечилер бул мыйзам Кыргызстандын туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк рыногуна чыгышына жана Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүүгө өбөлгө болорун билдиришкен.
2024-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жашоо минимуму 8 144 сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Бул көрсөткүч үч ай ичинде 375 сомго жогорулаган, ал эми өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 467 сомго өскөн 2023-жылдын экинчи кварталында 7 677 сом болчу. Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Баткен облустарында байкалган. Ал эми эң азы Чүй регионунда экени айтылат. Мындан тышкары, эмгекке жөндөмдүү курактагы жарандардын жашоо минимуму 9 125 сом, пенсионерлердики 7 252 сом, балдардыкы 6 893 сом деп белгиленген.
Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы 196 гектар аянтты ээлеген карьерди мамлекеттин балансына кайтаруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМК билдирди.Баалоого ылайык, бул кендин рыноктук баасы 1 миллиард 782 миллион 656 миң сомду түзөт. УКМКнын маалыматына караганда, кен алтын рудасын аныктоо максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн мыйзамсыз иштетилген. Жер тилкесин берүү процедурасы жүргүзүлбөй, тиешелүү уруксат кагаздары жок болуп чыккан. Учурда кенди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңсе, АКШ зарылдык жаралбаса согуштарга катышпайт жана коопсуздук жаатында финансылык милдеттенмелерин аткарбаган союздаштары үчүн акчаны ыксыз төлөбөйт. Бул туурасында Кошмо Штаттардын вице-президенттигине талапкер Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости жазды. "Биз балдарыбызды согушка жөнөтүшүбүз керек болгондо гана жиберебиз. Эгерде биз сокку урсак, анда аны катуу урууга даяр болобуз", — деген Вэнс республикачылардын съездинде. Ал Американын союздаштарынын коопсуздук үчүн жоопкерчилигин бөлүшүүсүнө мезгил жеткендигин да белгилеген.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 95 тыйынга 1 евро 92 сом 96 тыйынга 1
Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 12-июнунда кабыл алынган. Анда жер участокторун кошпогондо, рекреация объекттерин чет өлкөлүк жактарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга жеке менчикке берүүгө багытталган түзөтүүлөр каралган. Рекреация объекттери катары пайдаланылган жер участоктору Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте убактылуу пайдаланууга берилет. Буга чейин кабыл алынган жарлыкка ылайык, пляждык аймактарга кирүүгө эч кандай чектөөлөр коюлбайт. «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамдын демилгечилери депутаттар Балбак Түлөбаев, Эльмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков. Демилгечилер бул мыйзам Кыргызстандын туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк рыногуна чыгышына жана Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүүгө өбөлгө болорун билдиришкен.2024-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жашоо минимуму 8 144 сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Бул көрсөткүч үч ай ичинде 375 сомго жогорулаган, ал эми өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 467 сомго өскөн 2023-жылдын экинчи кварталында 7 677 сом болчу. Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Баткен облустарында байкалган. Ал эми эң азы Чүй регионунда экени айтылат. Мындан тышкары, эмгекке жөндөмдүү курактагы жарандардын жашоо минимуму 9 125 сом, пенсионерлердики 7 252 сом, балдардыкы 6 893 сом деп белгиленген.Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы 196 гектар аянтты ээлеген карьерди мамлекеттин балансына кайтаруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМК билдирди.Баалоого ылайык, бул кендин рыноктук баасы 1 миллиард 782 миллион 656 миң сомду түзөт. УКМКнын маалыматына караганда, кен алтын рудасын аныктоо максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн мыйзамсыз иштетилген. Жер тилкесин берүү процедурасы жүргүзүлбөй, тиешелүү уруксат кагаздары жок болуп чыккан. Учурда кенди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңсе, АКШ зарылдык жаралбаса согуштарга катышпайт жана коопсуздук жаатында финансылык милдеттенмелерин аткарбаган союздаштары үчүн акчаны ыксыз төлөбөйт. Бул туурасында Кошмо Штаттардын вице-президенттигине талапкер Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости жазды. "Биз балдарыбызды согушка жөнөтүшүбүз керек болгондо гана жиберебиз. Эгерде биз сокку урсак, анда аны катуу урууга даяр болобуз", — деген Вэнс республикачылардын съездинде. Ал Американын союздаштарынын коопсуздук үчүн жоопкерчилигин бөлүшүүсүнө мезгил жеткендигин да белгилеген.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 95 тыйынга 1 евро 92 сом 96 тыйынга 1
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/13/1087149506_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2f2fbabef6058b04e95f63e508d086b0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио