00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кыргызстан адаптирует бизнес-правила под нормы ЕАЭС и цифровую экономику
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте “Жаңы ысымдар” эл аралык театр фестивалы өтөт
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
«Ала-Тоо резортто» аукциондун экинчи этабы башталды — жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, этно шаарча, ресторандар курулат
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Дипломдук ишти стажировка менен алмаштыруу сунушталууда: Кыргызстандагы студенттер үчүн жаңы эрежелер
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Мафия» тасмасы: «Стоп кадр» программасында криминалдык дүйнө ачылат
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Дипломдук ишти стажировка менен алмаштыруу сунушталууда: Кыргызстандагы студенттер үчүн жаңы эрежелер
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча "алтын" сертификаттын ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, мамлекет башчы Садыр Жапаров бардык бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин бул ийгилиги менен куттуктап, жыл сайын Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган балдардын саны өсүп жатканын белгиледи. "Бүгүнкү күндө 58 бүтүрүүчү "алтын" сертификат алды. Эми эмгегиңиздин үзүрүн көрөсүңөр. Бул сонун, куттуктайм!", - деди Садыр Жапаров. Мамлекет башчысы эң жогорку балл алган балдардын ийгилиги балдардын өздөрүнүн гана эмес, мугалимдеринин, ата-энелеринин да ийгилиги экенин баса белгиледи.
Кыргызстандан Россияга дарбыз экспорттоло баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргызстандан Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Тула шаарларына коон жана дарбыз экспорттоло баштады. Учурда министрлик тарабынан түшүмдү Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспортто үчүн Аксы районунун дыйкандарына ар тараптан жардам көрсөтүү максатында жүк ташуучу транспорт менен камсыздоо уюштурулуп, аталган өлкөлөрдүн базарларына сатууга көмөк көрсөтүлүүдө. Белгилей кетсек, Аксы районунда жалпы 2 242 гектар аянтка жашылча-жемиш эгилген. Анын ичинде 1991 гектар жерге дарбыз, 251 гектар жерге коон тигилген. Дарбыз жана коонду экспорттоону каалаган дыйкан , айыл чарба министрлиги аларга кайрылуу керектигин билдирип, жооптуу кызматкерлердин байланыш номерлерин жарыялады.
Бишкекте жаңы №25 жана №175 автобус каттамдары иштеп баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттамдар шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилген. №25 автобус Ала-Тоо конушунан чыгып, Ак-Ордону аралап, Ахунбаев көчөсү менен Кара-Жыгачка чейин барат. Күн сайын 22 автобус каттамга чыгат. Ал эми №175 автобус Жаштар кварталынан чыгып 8-кичи район, "Орто-Сай", "Мадина" базарларынан өтүп Жибек Жолу менен Маевка айылына чейин барат. Күн сайын 20 автобус линияга чыгат.
Кытайдын бажы кызматкерлери өзгөчө контрабандистти кармашты. Кытайда аэропортто эркек киши жүздөн ашуун жыланды шымына салып алып өтүүгө аракет кылган учурда колго тушкон. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмаларга таянуу менен "РИА новости" жазды. Ал алты баштыкка салынган сойлоочулар менен аба майдандын жашыл коридорунан кадимкидей эле өтүп бара жатканда кармалган. Ал мындай кадамга эмне себептен барганы маалыматта айтылган эмес. Жүргүнчү биологиялык ветеринардык көзөмөл мыйзамын бузганы жана бул үчүн жоопко тартылары белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0