Гутерриш Борбор Азияны эмне максат менен кыдырууда? Сапарга сереп
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГенеральный секретарь ООН Антониу Гутерриш
Жазылуу
Sputnik колумнисти эл аралык укуктун принциптерине таянып, БУУнун салмак-баасын түшүнгөн аянтчалардагы диалог аталган уюмдун толук кандуу иштөөсүн эле камсыздабастан, анын мындан аркы өнүгүүсүнө да өбөлгө болуп бере алат дейт.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин Кыргызстанга жасаган сапары соңуна чыкты. Ал өлкө башчысы Садыр Жапаров менен бир катар маселелерден тышкары Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу ниетин жана уюмду реформалоону талкуулады. Сүйлөшүүлөрдөн кийин бейрасмий жолугушуу болуп, Жапаров Гутерришке комуз тартуулап, калпак кийгизди.
Борбор Азияга жасалган экинчи сапар
Борбор Азия мамлекеттери дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонунда, Казакстанда өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алдында регионго БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш келди. Турне Өзбекстан менен Кыргызстандан башталды. Андан ары баш катчы Астанага барып ШКУ саммитине катышат да, сапарын Тажикстан жана Түркмөнстан менен аяктайт. Эксперттер визиттин чыныгы максатын биринен бири аша боолголоп жатышат, анын ичинде ШКУ саммитинин маани-маңызы, суу маселеси, транспорттук долбоорлор, эл аралык террорчулук да бар. Анткен менен эл аралык саясаттагы айрым окуяларды кандай болсо ошондой кабыл ала билүү да керек. Мисалы, Гутерриш баш катчы болуп шайлангандан кийин Борбор Азияга 2017-жылы да келип, анда да ШКУ саммитине катышкан, суу, энергетика, террорчулук, коопсуздук маселелерин талкуулаган. Анда да региондун мамлекеттери талкууга даярдыгын билдирген эле.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНеформальная встреча президента Садыра Жапарова и Генерального секретаря ООН Антониу Гутерриша
Дүйнөнүн эртеңине кам уруп...
БУУнун баш катчысы Кыргызстанда "тарыхтагы эң оор кризиске кабылган" Газа секторундагы абалга көңүл буруп, адам өмүрүн алып жаткан жаңжал токтошу керектигин билдирди. БУУ Ливандагы кырдаалга да, өлкөнү экинчи Газага айландырышы мүмкүн болгон тирешүүнүн уланып жатканына да тынчсызданууда. Албетте, турне соңуна чыга элек, демек, мындай "тынчсыздануулардын" дагы далайын угабыз.
Экинчи жагынан Гутерриш бир катар кескин билдирүүлөрдү жасады. Бул баш катчынын тарыхта из калтыруу ниети тууралуу кабар берет же региондогу мамлекеттердин маанайын карап, Евразия өлкөлөрү ыктаган экономикалык жана финансылык өзгөрүүлөр жаатында тилектеш катары көрүнүү аракети сыяктуу кабылданат. Алсак, Гутерриш Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калыптанган дүйнөлүк финансы системасын сындады. Анын айтымында, азыр дүйнөлүк коомчулуктун алдында Бреттон-Вудс жана Ямайка макулдашууларынын негизинде түзүлгөн финансы системасын жаңысы менен алмаштыруу маселеси турат.
Гутерришти да түшүнсө болот — дүйнө түзүлүшүнүн биополярдык системасы кыйрагандан кийин БУУ акырындап эл аралык саясатта таасирин жогото баштады. Буга биринчи кезекте дүйнөлүк үстөмдүгүнө каршы чыккандын баарын токтотууга белсенген жамааттык Батыш себеп болду. Азыр деле Вашингтондон улам кыймылдай албай турган БУУ Израилге таасир эте албай, Газада палестин элинин кырылышын токтотууга дарамети жетпей келет. Ансыз да доллар дүйнөлүк резервдик валюта катары салмагын жоготуп турганда БУУ баш катчысынын кескин билдирүүлөрү эч кандай кооптуулук жаратпайт, кесепети дээрлик болбойт. Анын үстүнө Гутерриш азыр экинчи мөөнөтүн иштеп жатат, баш катчы болгону эки гана мөөнөт иштей алат.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНеформальная встреча президента Садыра Жапарова и Генерального секретаря ООН Антониу Гутерриша
Дипломатия сабактары
Кыргызстан прагматикалык тышкы саясаттын ыкмаларын мыкты өздөштүрдү. Өлкө жетекчилиги Кыргызстандын абалын чыңдоо жана дүйнөлүк саясатта статусун жогорулатуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдонуу керектигин жакшы түшүнөт. Гутерриштин өлкөнү "чапкан атка" салыштыруусун, "суу державасынан" "энергетикалык державага" айланышы тууралуу айтканын, тынчтыктын символу катары сыпаттоосун, ошондой эле БУУнун мүчөсү катары бардык милдеттерин так аткарганы тууралуу кооз сөздөрү өлкө бийлиги тарабынан муюп кабыл алынды.
Анткен менен Жапаров Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу ниетин так билдирди. Республиканын амбициялуу максаттары муну менен эле чектелип калган жок, планында гидроэнергетика, электр энергиясын өндүрүп, аны Түштүк Азияга экспорттоо (CASA - 1000), транспорт байланышы (Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу) жана "жашыл" долбоорлорду пайдалануу менен тышкы карызды реструктуризациялоо маселелери камтылган. Бул жааттан алып караганда, Кыргызстан үчүн эл аралык колдоонун бардык түрү, өзгөчө БУУнуку өтө маанилүү.
Баш катчы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоо боюнча өлкөнүн позициясын түшүндүрүп берди. Кыргызстандын көз карашында эгер республика туруктуу эмес мүчөлүккө кабыл алынса, болчу реформага салым кошо алат. Жалпы жонунан БУУ баш катчысынын сапары дүйнөлүк коомчулук БА мамлекеттерин эл аралык процесстерге катыштырууга кызыкдар болуп жатканын чагылдырып турат. Бул Кыргызстан жана башка чакан мамлекеттер үчүн дүйнөлүк өнүгүүгө байланышкан чечимдерди кабыл алууда маанилүү роль ойноо үчүн олуттуу мүмкүнчүлүк.
БУУнун келечеги
Борбор Азиянын бардык эле мамлекеттери БУУнун Коопсуздук кеңешин чакан жана орто өлкөлөрдүн эсебинен кеңейтүү реформасын колдойт. Россия да БУУнун эл аралык системасындагы маанилүү органдын ишине Глобалдуу Түштүк өлкөлөрүн тартуу туура деп эсептеп, кеңеш курамын Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттеринин эсебинен кеңейтүүгө каршы эмес.
Ал эми АКШ менен Батыш Коопсуздук кеңешинин курамын Германия, Индия, Япониянын эсебинен кеңейтүүнү сунуштап келишет, тизмеге Бразилия да кошулушу мүмкүн. Германия менен Япония БУУнун Коопсуздук кеңеши Экинчи дүйнөлүк согуштан калган мурас катары реформага муктаж экенин 20 жылдан бери айтып келет. Эки өлкөнүн Коопсуздук кеңешке кирери күмөн, бул дагы реформанын бир варианты. Анткен менен Коопсуздук кеңешин реформалоо жакын арада боло койбой турган өтө татаал жана көп деңгээлдүү процесс экени да талашсыз. Ошол эле учурда мамлекеттер БУУну реформалоо боюнча орток пикирге келгичекти Коопсуздук кеңеши планетадагы тынчтык менен туруктуулук үчүн жооп берген башкы механизм катары калышы керектиги да айкын.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНеформальная встреча президента Садыра Жапарова и Генерального секретаря ООН Антониу Гутерриша
Сөз соңу
БУУ баш катчысынын турнеси уюмдун көп көйгөйдү чече албай калганындай эле так бир максатты көздөбөйт чыгар. Айтылган кооз сөздөрдүн таасири, балким, чоң эле болгондур, бирок өлкө жетекчилиги тышкы саясаттагы приоритетти даана, так белгилей алды, мындан улам дипломатиялык "сизиң-бизиң" Кыргызстанга олуттуу таасир этери арсар.
Ошентсе да эл аралык саясий көз караштан алып караганда, Гутерриштин сапары эл аралык коомчулуктун көңүлүн Борбор Азиядагы көйгөйлөргө — суу жана энергетикалык ресурстарды майнаптуу пайдалануу, азык-түлүк коопсуздугу, террорчулук жана эксремизим маселелерине бурдурары да чындык.
ШКУ саммити уюм алкагындагы кызматташуунун конкреттүү багыттарын аныктайт, эл аралык укук принциптерине таянып, БУУнун маани-маңызын жакшы түшүнгөн дал ушул ШКУ, ЕАЭБ, БРИКС, КМШ, ЖККУ сыяктуу уюмдар Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу иштөөсүн эле камсыздабастан, анын мындан аркы өнүгүүсүнө да өбөлгө болуп бере алары шексиз.