00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
В КР ужесточили ответственность за нарушения при хранении персональных данных. Кого могут наказать?
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Россиянын академиясынан билим алган кыргыз аткаминерлери. Мэрлер эмнени окуп келишти?
09:03
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Права под защитой? Омбудсмен — о самых острых жалобах кыргызстанцев
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ишкерликти колдоо. Мамлекет аял ишкерлер менен чакан жана орто бизнести колдоого алат. Долбоордун шарты
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Зарплаты выше, планка тоже: что даёт нацстатус вузу культуры и искусств
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Пушкиндин чыгармалары кайсы заман болбосун актуалдуу, тили да түшүнүктүү
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
On air
16:04
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Белгилүү комузчунун уулу, Жекшен Карамолдоев согушка кенже лейтенант наамы менен катышкан
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
On air
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстанда сумонун келечеги барбы — биринчи жолу кыздар курамасы дүйнө чемпионатына катышат
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Новые правила аренды: что грозит тем, кто сдает жильё «по доверенности»
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, туугандары боюнча талкууларга комментарий берген. Буга чейин мамлекет башчынын инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын колун шаан-шөкөт менен сураган видео тараган. Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы колдонулуп, соцтармакта кызуу талкуу жараткан. Өлкө башчы маегинде келечектеги күйөө баласын сынга алып, президенттин жакындары башкаларга үлгү болушу керектигин белгилеген. "Күлгөнгө күлө жетем" деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем. Эми өз башыма келип олтурат. Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм", — деген Жапаров. Өлкө башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учактар өз баасын актап, жаңыларын алуу үчүн ижарага берүүгө уруксат берилгенин айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында кытайлык компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Кабарга ылайык, Жапаров ТВЕА компаниясынын президенти Чжан Синь жана Кытайдын улуттук ядролук корпорациясынын төрагасынын орун басары Лу Течжун менен жолукту. Өкмөт башчы ТВЕА компаниясын Кыргызстанга кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү үчүн иштешүүгө чакырган. Тактап айтканда, электр унааларын кубаттоочу ыкмаларды ишке киргизүү жана орнотуу тууралуу кеп болгон. Жыйынтыгында "Кара-Талаа участкасына жалпы кубаттуулугу 400 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндөгү" инвестициялык долбоорго кол коюлганы белгиленди.
25-июнда Бишкекте биологиялык коопсуздук маселелери боюнча ведомстволор аралык орус-кыргыз консультациялары өттү. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, дипломаттар Кыргызстан менен Россиянын аймагындагы биологиялык коркунучтарга баа берген докладдары менен алмашкан. Мындан тышкары, аталган тармакта коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык меморандумду ишке ашыруу каралган. Жолугушууда Россия менен Кыргызстан биологиялык коопсуздукту камсыздоого бирдиктүү көз карашта экенин тастыкташты. Ошондой эле Биологиялык жана уулуу куралга тыюу салуу жөнүндө конвенциянын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуу белгиленди.
Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов менен Пентагондун башчысы Ллойд Остин телефон аркылуу сүйлөшүүдө Украинадагы жаңжал боюнча пикир алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, баарлашуу америкалык тараптын демилгеси менен уюштурулган. "Белоусов Украинанын Куралдуу күчтөрүн америкалык курал-жарак менен камсыздоо уланып жатканына байланыштуу кырдаалдын мындан ары курчуп кетүү коркунучун эскертти. Мындан башка дагы маселелер талкууланды", — деп айтылат маалыматта. Шейшембиде CNN телеканалы аткаминерлерге шилтеме кылып Ак үй Украинада аскердик подрядчыларды жайгаштырууга салынган тыюуну алууга ниеттенип жатканын билдирген. Жо Байден мындай чечимди кабыл ала электиги, бирок колдосо демилге быйыл эле ишке ашырылары белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0