00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Навигация, нефть, рынок: чем живет ЕАЭС спустя 10 лет — беседа с министром ЕЭК
10:08
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл өлкөдө 11 миң үй-бүлө көгүлтүр отко кошулат — газ берүү учурда кайсы аймактарда жүрүп жатат?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
On air
12:06
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракет программасында бардык экологиялык көйгөйлөр камтылган
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Көптөгөн балдар логопеддин жардамына муктаж. Мамлекет социалдык көйгөйдү кантип чечет
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Активное долголетие – как сохранить жизненную силу с помощью спорта
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Табигый жашаруу: Кымбат каражаттарсыз жаш жана сергек көрүнүү мүмкүнбү?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монеты из желудка, новый эндоскоп и нехватка кадров: будни главного детского медцентра Кыргызстана
18:07
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
“Качан турмушка чыгасың?” тасмасы — жалган мамиледен чыныгы сүйүүгө кеткен жол
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
Поисковики с Алтая и Кыргызстана восстанавливают судьбы солдат Великой Отечественной
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Көптөгөн балдар логопеддин жардамына муктаж. Мамлекет социалдык көйгөйдү кантип чечет
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстандык окуучулар биринчи жолу Россиядагы "Орлёнок" балдар борборунун лагеринде эс алышмакчы. Бул тууралуу "Алтын түйүн" инженердик-техникалык академиясынан кабарлашты. Делегациянын курамына академиянын сегиз тарбиялануучусу жана "Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз" эл аралык жаштар форумунда гран-прини жеңген Чүй, Ысык-Көл облустарынан эки жаш ойлоп табуучу кирген. "Биздин өлкөнүн атынан лагерге окууда, ойлоп табууда ийгиликтерди көрсөткөн балдар, республикалык жана эл аралык техникалык сынактардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери бармакчы", — деп жазылат маалыматта. Кайра "Орлёноктун" балдары 26-июндан 5-июлга чейин Кыргызстанга келип, республикалык "Технодром" лагерине катышат. Иш-чараны Ысык-Көлдө "Алтын түйүн" академиясы уюштурмакчы.
Чүй облусундагы тоок фабрикасында мыйзамсыз иштеп жүргөн 45 чет өлкөлүк жаран аныкталып, депортацияга даярдалып жатканын УКМК билдирди. Маалыматта эмгек мигранттарынын визасынын мөөнөтү өтүп кеткени айтылат. Аныкталган 45 кишинин 12си Пакистандын жарандары болсо, 33ү бангладештик. "Тартип бузгандар Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп, андан ары Кыргызстандын аймагынан депортацияланат", — деп айтылат кабарда. УКМК терс кесепеттерге жол бербөө үчүн жеке жана юридикалык жактарды колдонуудагы миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырган.
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясы 2027-жылдын 31-июлуна чейин кургатылган кокос жаңгагын бажы алымысыз импорттоо чечимин кабыл алды. ЕЭКтин маалымат кызматы билдиргендей, чечим жарыялангандан 30 күндөн кийин күчүнө кирет. Учурда бул продукцияны ташып кирүүгө бажы алымы үч пайызды түзөт. "Максат — кокос күкүмүнүн өздүк наркын төмөндөтүү. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кондитердик продукциясынын экспортун өстүрүп, тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу", — деп айтылат маалыматта. Уюмдун кокос күкүмүнө болгон муктаждыгы толугу менен импорт аркылуу жабылары кошумчаланды.
Россиянын президенти Владимир Путин 3-4-июлда Астанада өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат. Бул туурасында РИА Новости анын жардамчысы Юрий Ушаковго таянып билдирди. Анын айтымында, Путиндин башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү пландалган. "Россиянын президенти жакынкы күндөрү биз үчүн бир топ таасирдүү жана мааниге ээ болгон ШКУнун саммитине катышат. Иш-чара Казакстандын Астанасында өтөт. Анын алкагында мүчө жана чакырылган өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда", — деген Ушаков. Мурдараак Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев ШКУнун Астана отуруму көп тараптуу диалогду арттырып, тынчтыкты бекемдөө менен өнүгүү темасына арналгандыгын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0