00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Пробация департаментинин иши эффективдүү жүрүүдөбү?
23:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргыз-кытай чек арасында ачыла турган "Бедел" өткөрмө бекетине 77 миллион 857 миң сом керектелет. Бул тууралуу эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылат. Маалыматка ылайык, документти министрлер кабинети демилгелеген. Каражат ЕАЭБдин талаптарына ылайык инфраструктура түзүүгө жана аны тейлөөгө бөлүнгөн штатты кармоого жумшалары белгиленди. "Кыргыз-кытай чек арасында "Бедел" өктөрмө пунктун ачуу өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, товар жүгүртүүнү жана соода-сатыкты өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде. Ошондой эле бул өткөрүү бекетинин ачылышы Кашкар — Торугарт — Нарын — Бишкек транспорт коридоруна салыштырмалуу Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан жүк ташууну кыйла тездетери кошумчаланды.
Кыргызстан ЕАЭБге кошулуунун алкагында өткөрмө пунктуларын жайгаштыруу жана жабдуу жагынан алган бардык милдеттенмелерди аткарды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Ведомство буга чейинки "Оптималдуу чечимдерди жана альтернативаларды илгерилетүү бирикмеси" ассоциациясынын "Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурда республиканын алдына коюлган шарттарды аягына чейин аткара элек" деген маалыматын четке какты. Маалыматка ылайык, учурда бардык 14 өткөрүү пункту ЕАЭБдин бирдиктүү эрежелерине ылайык келет. "Акыркылардан болуп "Кызыл-Бел" өткөрмө пункту модернизацияланды. Мартта атайын комиссия аталган өткөрмө жайды ЕАЭБ талаптарына дал келтирилгенин тастыктады", — деп айтылат маалыматта.
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 24-июндагы жыйынында «Жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана тамеки түтүнүнүн, аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов, Марлен Маматалиев, Исатбек кызы Аида демилгелеген. Долбоорго ылайык, электрондук тамекини пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамды бузган жеке жактарга 40 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Электрондук сигареттерди сатууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамды бузуу жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң айып салууга алып келет. Электрондук сигареттерди ташып келгендерге 150-200 миң сомго чейин айып салынат же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
БРИКС оюндарында командалык тизмеде кыргызстандыктар 9-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында маалымдалган. Ага ылайык, өлкө капчыгында 51 медаль (2 алтын, 11 күмүш жана 38 коло) топтолду. Оюндарга жалпысынан 90дон ашык өлкөнүн спортчулары катышты. Алдыңкы бештикке Россия, Беларусь, Кытай, Өзбекстан, Бразилия кирген. Аталган иш-чара 12-июндан 23-июнга чейин Казань шаарында өттү.
Жаңылыктар түрмөгү
0