00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Новости науки и новых технологий
20:55
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Философский аспект "Мертвых душ" как метафоры утраты духовности и человечности
18:06
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
ЕАЭБдин айыл чарба өндүрүшү 136 млрд. долларга баалануудаЭмомали Рахмон элине "чоочун" кийимдерди кийип жүрүүгө тыюу салдыОштон Ысык-Көлгө сезондук аба каттам жанданды алдыда кененирээкБилим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер 28-июнда тапшырыларын билдирди. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүктөр 28-июнда саат 9да, 11-классты аяктагандарга аттестаттар саат 11де тапшырылат. "Быйыл 11-класстын 76 миң 244 жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышат. Бул системанын негизги өзгөчөлүгү бүтүрүүчүлөрдүн документтери "Түндүк" порталынын базасында сакталат", — деп жазылат маалыматта. Учурда "Күбөлүк" платформасы иштеп жатканы белгиленди.
Ош шаарынан Тамчыга сезондук каттамдар жанданды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.Маалыматка ылайык, бүгүн "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна Оштон 96 жүргүнчү учуп келди. Июлдан тарта Ош жана Жалал-Абад шаарларынан күн сайын каттамдар аткарылары айтылды.
ЕАЭБдин айыл чарба өндүрүшү 136 миллиард долларга бааланууда. 10 жыл ичинде ал 30 пайызга өсүп, уюмдун өзүн-өзү камсыздоосу 93 пайызды түзөт. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. Маалыматка ылайык, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ар биринин айыл чарба тармагында күчтүү жагы бар. "Кыргызстан сүт азыктары 110,5%, жашылчалар 96% жана картошка 94% өз керектөөсүн жабат. Республика азык-түлүктүн дан 88,1%, эт 80%, мөмө-жемиш менен 74% камсыздалган", — деп айтылат билдирүүдө. Бардыгы болуп уюмга мүчө өлкөлөр тоңдурулган балык, буудай жана зыгыр үрөнүн экспорттоо боюнча дүйнөдө биринчи орунду, буудай уну, күн карама жана рапс майы боюнча экинчи, арпа жана рапс боюнча үчүнчү орунду ээлей турганы кошумчаланды.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бейшемби күнү "Салтанаттар тууралуу" мыйзамга кол коюп, өлкө маданиятына чоочун кийим кийүүгө тыюу салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматына таянуу менен РИА Новости жазды. Аталган мыйзамдын долбоору парламентке Тажикстандын президенти тарабынан киргизилген, төмөнкү палатанын депутаттары аны кабыл алып, 19-июнда сенаторлор бекитип берген. Мыйзам бузулган учурда айып пул каралган, бирок "улуттук маданиятка чоочун" деп кайсы кийим-кече белгиленип, сатууга жана кийүүгө тыюу салынганы көрсөтүлгөн эмес.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өлкө жетекчилигинин Кытай компаниялары менен кызматташканына батыш өнөктөштөрүнүн сын пикирин кош стандарт деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Буга чейин АКШнын Грузиядагы элчиси Робин Даниган Кытайдын Коммунисттик партиясы Грузияда биринчи ирет тереңдикте салына турган Анаклия портун курган компаниянын ири пакетине ээ экендигин билдирген. "АКШнын элчиси туурасында айтсам, ага урматымды дагы бир ирет билдирем жана грузин-америка алкаларынын жакшырышына өзүнүн зор салымын кошот деп ишенем. Ал эми жалпы эле Кытай темасына келсек, конкреттүү өнөктөштөрдүн мамилесин адилетсиз деп эсептейм. Кытай Европа биримдигинин, АКШнын маанилүү өнөктөшү экенин баары билет. Мындай шартта Грузияны Кытай менен тереңге кеткен экономикалык мамиледе деп күнөөлөгөнүн угуп жатабыз. Бул — биз кабыл ала албай турган кош стандарт", — деген Кобахидзе журналисттерге. 2023-жылы Тбилиси менен Пекин стратегиялык өнөктөштүккө кадам таштаган. Кытай Грузиянын башкы соода өнөктөштөрүнүн катарында турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0