00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Бишкеку - 148: история города, которую можно пройти пешком
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Балдардын суудагы коопсуздугу толугу менен ата-энелеринен көз каранды!». Сууга түшүүдө кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше денег, меньше вакансий: изменит ли реформа кадровый кризис в школах КР
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу өлкөнүн тышкы карызын көбөйтпөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.Анын айтымында, жол курулгандан кийин Кыргызстан жылына 7 миллион тоннадан 15 миллион тоннага чейин жүк өтө турган транзиттик өлкөгө айланат. Ошондой эле ал аталган долбоор 2050-жылы ИДПнын көлөмүн 200 миллиард долларга чыгарууга өбөлгө болоруна ишеним артып жатканын кошумчалады.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2004-жылдын үлгүсүндөгү AN сериясындагы ID-картаны 2024-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-картага алмаштыруу боюнча улуттук кампаниянын башталгандыгын жарыялады.Эскерте кетсек, кечээ президент Садыр Жапаров социалдык баракчасына паспортторду алмаштырууга акция жарыяланганын жазып, өнөктүк 1-июлдан 31-августка чейин созуларын билдирген.Министрлик тараткан маалыматта 2024-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-карта чиби жок сары түстөгү пластикалык паспорт болору айтылат."Кампания 2024-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин өлкө аймагында жана чет өлкөлөрдөгү мекемелерде аты-жөнүн өзгөртүү, жоготуу, бузуу сыяктуу себептер менен ыктыярдуу жана акысыз негизде жүргүзүлөт. Жаңы ID-карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтыйт. ID-картаны алмаштыруу базадагы маалыматтарды актуалдаштырууга, шайлоо жол-жоболорун оптималдаштырууга жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат кабарда.Министрлик 2004-жылдын үлгүсүндөгү AN сериясындагы ID-карталар гана алмаштырыларын белгиледи.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору куткаруучу болууну каалагандарды окууга чакырат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Талап боюнча, он күндүк окууга 18ден 45 жашка чейинки адамдар алынат. Тандоодон өзгөчө талаптарга жооп берген, тагыраагы, ден соолугу чың, психикасы туруктуу болгондор өтөт."10 күндүк курстун баасы кыргызстандыктар үчүн 3 400 сом, КМШга мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн 6 800 сом, ал эми башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн 13 600 сомду түзөт. Окуудан өткөндөргө билимин тастыктаган сертификат берилет. Ал башка өлкөлөрдө да таанылып, иштөөгө уруксат берет", — деп айтылат маалыматта.Мындан сырткары, аталган борбор суучулдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча дагы бир айлык курстарды өтөт.
"Бишкек жылуулук тармагы" өзүнүн абоненттери үчүн уюлдук тиркемени ишке киргизди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун максаты — санариптештирүү жана кагаз квитанцияларды колдонууну азайтуу. "Колдонмо Play Market жана App Store аркылуу жеткиликтүү. Абоненттер анын жардамы менен электрондук квитанция алып, төлөм жүргүзө алат. Ошондой эле эсептегичтин көрсөтмөлөрүн жөнөтүп, карыздар тууралуу билдирме алышат. Тиркемеден ишкананын жаңылыктары жана оңдоо иш-чаралары тууралуу маалыматтар менен таанышууга болот", — деп жазылган маалыматта. Ишкана келечекте абоненттердин муктаждыктарына жараша тиркеменин функционалдуулугу кеңейтилерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0