00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Грузия бирөөнүн вассалы эмес! Каха Каладзе АКШга жооп кайтарды

© Photo / political party "Georgian Dream"Тбилисинин мэри Каха Каладзе
Тбилисинин мэри Каха Каладзе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2024
Жазылуу
Мамдепартаменттин өкүлү чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамдын айынан Грузия "олуттуу саясий кесепеттерге" дуушар болорун эскерткен.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Грузиянын АКШ менен мамилесин кайра карап чыгуу керек. Анткени мындай абалда кызматташуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Тбилисинин мэри Каха Каладзе билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Ал АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мэтью Миллердин билдирүүсүнө жооп берген. Буга чейин Миллер чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамдын айынан Грузия "олуттуу саясий кесепеттерге" (потенциалдуу санкциялар, визалык чектөөлөр жана каржылык жардамды кайра карап чыгуу) дуушар болорун эскерткен.
"Грузия бирөөнүн вассалы эмес, башканын кызыкчылыгы үчүн Украинанын тагдырын кайталабайт. Биз бул өлкөнү коргойбуз жана тынчтыкты сактоону каалайбыз", — деди Каладзе.
РИА Новости жазгандай, Миллер буга чейин брифинг учурунда Грузиянын ондогон жарандарына АКШга кирүүсүнө чектөө киргизилерин айткан.
"Бул — визалык чектөөлөрдүн биринчи бөлүгү. Ал парламенттеги "Грузин кыялы" партиясынын мүчөлөрүнө, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана жеке адамдарга тиешелүү", — деген Миллер.
Анын айтымында, Тбилиси бул кырдаалда "адамдарды жана демократиялык умтулууларды сындырууга" аракет кылууда.
"Биз грузин өкмөтүнө кандай мыйзамдарды кабыл алуу керектигине көрсөтмө бербейбиз, бирок бул норманын эпкини ушул сыяктуу мыйзам кабыл алган башка өлкөдөн келген. Модели Россия болгону айкын", - деди Миллер.
Ал эми Грузиянын вице-премьери Теа Цулукиани АКШнын санкциялары тууралуу сөздү жеңил ойлуулук деп атады.
"Бул биздин мамилебиздеги ката жана ал оңдолот деп ишенем" — деген Цулукиани.
Анын айтымында, санкциялар өкмөт менен элдин ортосунда ажырым жаратууга багытталган, анткени АКШ Грузиянын азыркы бийлигин көйгөй катары кароодо.
"Алардын негизги максаты (санкцияларды киргизүү – ред.) — улуттун алсыз болуусу жана жат десе жаткан, тур десе турган Вивамедде (клиника – ред.) отурган адамдын бийликке келиши. Ушуларды башынан өткөргөн эл, ага кызмат кылып, соккуларды өзүнө алган өкмөттү кетирбейт", — деп кошумчалаган Цулукиани.
Белгилей кетсек, Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзеге да эскертүү жасалган. Ал Еврокомиссарлардын бири менен Грузияда кабыл алынган чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүдө Словакиянын премьер-министри Роберт Фицонун өмүрүнө кол салуу болгону тууралуу кеп козголгонун айткан. Кийинчерээк Еврокомиссар Оливер Вархели Кобахидзе менен сүйлөшүүдө Фицого кол салуу аракети болгонун айтканын, бирок анын сөздөрү коркутуу эмес, "контексттен алынганын" белгилеген.
Бирок Кобахидзе Еврокомиссар Оливер Вархели тарабынан коркутуулар боюнча далилдерди берүүгө даяр экенин билдирди.
"Бизди ар кандай коркутушту, анын ичинде Словакиянын премьер-министринин тагдыры кайталанары айтылды. Эгер кайсы бир өлкөнүн кызыкчылыгы болсо, анда тергөөгө тиешелүү маалыматтарды жана далилдерди берүүгө даярмын", — деп кошумчалады Грузиянын премьер-министри.
Эске салсак, дүйшөмбү күнү, 5-июнда, президент Саломе Зурабишвили чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга кол коюудан баш тарткандан кийин грузин парламентинин спикери Шалва Папуашвили кол койгон. Эми эки айдын ичинде Грузиянын Юстиция министрлиги электрондук портал түзүп, анда бюджетинин 20 пайыздан ашыгы чет жактан каржыланган уюмдар жана ЖМКлар каттоодон өтүп, 2023-жылга карата каржысын декларациялоого тийиш.
Мыйзам нааразычылыктарга, АКШ менен Евробиримдиктин санкциялары менен коркутууларына карабастан кабыл алынган.
АКШдагы Мамлекеттик департаменттин имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2024
АКШ Грузияга санкцияларды токтоосуз салууга ниеттенүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0