00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
6 мин
Күн башат
Ысык-Көлдө дүйнөлүк "Рух санат" салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт — өзгөчөлүгү эмнеде?
11:07
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Суд в прямом эфире: зачем вводят онлайн-трансляции заседаний
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБде жумушсуздукту жоюу боюнча Кыргызстан алдыда – Элди ишти менен камсыздоо үчүн кандай долбоорлор даярдалды?
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Сердце и жара: как пережить лето гипертоникам - беседа с кардиохирургом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Тамеки тарткан окуучулар көбөйдү — Өкмөт кандай чара көрүп жатат?
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Артек: был, есть и будет. Как живёт главный лагерь СНГ в свой вековой юбилей
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Табигый жашаруу: Кымбат каражаттарсыз жаш жана сергек көрүнүү мүмкүнбү?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как получить кыргызское гражданство: сроки, документы, нюансы
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Бакен Кыдыкееваны музасына айлантып, мыкты спектаклдерди жараткан Ажыгабыл Айдаркулов
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Криптобиржи в Кыргызстане — формула успеха или повод для осторожности?
20:06
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Тамеки тарткан окуучулар көбөйдү — Өкмөт кандай чара көрүп жатат?
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
Жазылуу
Кыргызстанда оюн-зоок ишкерлигин жарнамалоого уруксат берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Сыдыков менен Гүлшаркан Култаева коомдук талкууга чыгарды. Мыйзамдын негиздемесинен кеп букмекердик конторалар жана тотализаторлор тууралуу болуп жатканын аңдоого болот. Демилгечилер оюн бизнесин жарнамалоо бул рыноктун ачык-айкындуулугун камсыздап, мыйзамсыз иштеп жаткан букмекердик кеңселерден арылууга жардам берерин айтышууда. Ошондой эле демилге спорттук жана маданий иш-чараларга, ошондой эле бюджетке кошумча каржы тартууга мүмкүндүк ача турганы белгиленген."Мыйзамдуу жарнама индустриясы мамлекетке кумар бизнесин жана анын жарнамасын легалдаштыруудан экономикага кошумча салыктык түшүүлөрдү жана инвестицияларды алууга мүмкүндүк берет, аны менен катар бул чөйрөдөгү бардык субъектилерди коргоого мүмкүнчүлүк алат", — деп жазылат маалыматта.Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунда квалификациясы жок психологдордун кызматын жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда.
Транспорт каражатын тийиштүү мекемеге барбай эле жеринен каттоого мүмкүнчүлүк берилет. Тиешелүү документ "Коом талкуу" сайтына жайгаштырылды. "Азыркы учурда кээ бир унаа ээлери транспорт каражатын каттоо же кайра каттоо үчүн ар түрдүү себептер менен ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө өздөрү келе алышпайт. Буга байланыштуу эрежелерге "көчмө тариздөө" терминин киргизүү сунушталат. ", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле документте транспорт каражатынын ээсинин айыптары болсо кайра каттоо үчүн анын баары төлөнүшү керектиги айтылган. Мындан тышкары, М1 категориядагы транспорт каражаттарынын кузовун алмаштыруу боюнча каттоо иш-аракеттерине тыюу салуу сунушталган.
Көк бөрү Казакстанда өтө турган V Көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Рамис Жунусалиев билдирди. Анын айтымында, маселе Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон апрелдеги иш сапарында чечилген. Эми коңшу өлкөдө өтө турган иш-чарага Кыргызстан көк бөрү жана көк пар боюнча эки курама команда даярдап барат. Буга чейин көк бөрү Көчмөндөр оюндарынын тизмесине кирбей калганы айтылган. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү менен таанышуу үчүн Астанага барган делегация аталган оюндарды тизмеге киргизүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстан көк бөрү, көкпар боюнча эки курама команда алып келүүгө даяр экендигин билдирген.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Украина жакынкы 30 жылда НАТОго мүчө боло албайт деген ойдо экенин РИА Новости жазды. НАТОнун аскер комитетинин башчысы март айында Украинанын альянска мүчөлүк маселеси чечилгендигин, бирок "бул качан болору жана эмне үчүн" экендигин талкуулоо уланарын айткан. 2022-жылдын сентябрында Владимир Зеленский Киев аталган уюмга тез кирүү кирүү үчүн арыз бергендигин билдирген. Бирок НАТОнун Башкы катчысы Йенс Столтенберг согуш учурунда Украинанын альянска толук мүчө болушу мүмкүн эместигин айткан эле. АКШнын альянстагы өкүлү Жулианн Смит Украина маселеси курч тургандыктан апрелдин аягында Зеленский уюмдун июлда пландалган Вашингтондогу саммитине чакырылгандыгын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0