00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
06:04
38 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
5 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Об экономике и не только
Будущее атомной энергетики в Кыргызстане: перспективы и вызовы
20:06
37 мин
Особый акцент
Эмне үчүн аутизм менен ооруган балдар көбөйүүдө? — белгилери, симптомдору жана себептери
23:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дин маселеси мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керек. Окумуштуу Саралаевдин маеги

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКуран китебин окуп жаткан киши. Архив
Куран китебин окуп жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2024
Жазылуу
Кыргызстанда 4000ден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Бул тизме дагы да уланууда. Светтик мамлекет дин жаатында ар ким өз билгенин кылсын дегенди билдирбейт. Демек, бул багытта да тартип болушу шарт. Дин маселеси өтө кылдат мамилени талап кылат.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто Улуттук илимдер академиясынын Философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор Нур Саралаев болду. Биз мамлекеттик идеологиядагы улуттук баалуулуктар, анын орду, бүгүнкүсү тууралуу сөз кылдык.
© Sputnik / Асылбек БактыбековУлуттук илимдер академиясынын Философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор Нур Саралаев
Директор Института философии Национальной академии наук, доктор философских наук, профессор Нур Саралаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2024
Улуттук илимдер академиясынын Философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор Нур Саралаев
— Президенттин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы", "Улуттук нарк жөнүндөгү" жарлыктарын турмушка ашыруунун алкагында жана диний чөйрөдөгү кырдаалды талкуулоо максатында "Мамлекеттик идеологиядагы улуттук жана диний баалуулуктардын орду" аталышындагы кереге кеңеш өттү. Бул теманын учурдагы мааниси кандай? Негизи эле өлкөдөгү дин маселесине кандай баа берүүгө болот?
— Иш-чарага муфтияттын, дин агенттигинин өкүлдөрү, аалымдар, саясатчылар жана окумуштуулар чакырылган. Кыргызстанда дин маселеси өтө курч турат. Себеби бүгүнкү күндөгү дин өзүнүн башкы функциясынан чыгып кеткен. ЮНЕСКОдо философия менен дин адамзаттын жетишкендигинин баалуулугу болуп эсептелет. Дин өзү маданияттын бир формасы катары көз караштын деңгээлинде гана болушу керек эле. Бирок бүгүнкү күндө андай болгон жок. Дин өз нугунан чыгып кетти. Геосаясат жана теоcаясат деген түшүнүк бар. Теологиялык саясат диндин өз нугунан чыгып кетишине түрткү болгон. Карап көрсөк, бүгүнкү күндө дин — бул идеология, саясат, финансы, билим, медиа, биотехнология жана кандайдыр бир курал. Дин ишениминдеги адамдардын баары тең саясий процесстерге электорат болуп берет. Кыргызстанда 4000ге жакын диний уюм бар. Мындай көрүнүш Казакстанда да кездешет, аларда 3 729 дин уюму катталган. Ошол эле светтик мамлекет аталган Түркмөнстанда 133 диний уюм бар. Дин маселеси ар кимдин жеке иши эмес, ал мамлекеттин көзөмөлүндө болушу шарт. Кыргызстан светтик өлкө, дини эркин болушу керектигин айтып жатабыз. Бирок "светтик" дегенди туура түшүнүп алуу кажет. Жүргүзүп жаткан саясатыбыз да, аалымдар да "светтик" деген сөздү бир жактуу түшүнөт. Мамлекет качан гана диний уюмдардын, конфессиялардын коомдо өз калыбында иштөөсүнө шарт түзүп берсе, ошол эле учурда диний уюмдар жана конфессиялар коом үчүн кандайдыр бир коркунучтарды жаратпаса гана светтик болуп эсептелинет.
Коомчулукта "светтик өлкө болгондон кийин динге киришпеш керек" деген туура эмес пикир калыптанган. Светтик болгону үчүн 4000ге жакын диний уюмдарды каттап, окуу жайларды ачып, медреселер каалаганындай окутуп жатат. Муну дин аалымдары, диний ишмерлер түшүнүшү керек. Диний уюмдарды ушуга чейин каалагандай эле каттап келдик жана каттап жатабыз. Бирок мындай кыла берүүгө да болбойт. Баалуулуктар тууралуу өтө кеңири сөз кылуу кажет. Тил, тамак-аш, акыл-эс да баалуулукка кирет. Коомдун кайсы жеринде вакуум болсо, кандайдыр бир идеология же процесс ошол жерге чап кенедей жармашат. 30 жылдын ичинде бизде да ошондой вакуум болду. Ошол аралыкта ар кандай идеологиялар, ар кандай конфессиялар келди.
— Баалуулук тууралуу кеп кылсак...
— Баалуулукту акын-жазуучулар, сүрөтчүлөр, композиторлор жана элита жаратат. Ар бир элдин өз баалуулугу болот. Бирок аны сууруп чыгуу, атайын бир теорияга айлантуу жогорудагы адистердин милдети. Бизде төрт баалуулук бар. Биринчиси — үрп-адат, каада-салт, экинчиси — ислам дининин баалуулуктары, үчүнчүсү — светтик баалуулуктар. Ал эми төртүнчүсү — либералдык баалуулук. Бүгүн биздин улуттук баалуулуктарыбызга калган үч баалуулук коркунуч жаратууда. Либералдык баалуулуктардын катарына ЛГБТ деген келди. Анын желегин көтөрүп алып келин-кыздарыбыз, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кошулуп, "мен кайненесиз жашайм" өңдүү ураандарды көтөрүп көчөгө чыгышты. Мунун өзү чоң коркунуч.
— Мындай учурда мамлекеттик идеологиянын болушу жана анын мааниси зарыл го...
— "Бизге идеологиялык стратегия керек" деп жатабыз. Конституция идеологиянын негизи болушу керек. Ал идеологиянын же юридикалык документтердин нугунан чыкпашы зарыл. Идеология өтө татаал нерсе. Бүгүн "идеологиябыз жок" деп да айта албайбыз, анткени Конституция турат. Бирок анда да бүгүн анархия, себеби ар түрдүү идеологиялар кирип калган.
Ошол эле социализм, демократия, глобализация да идеология болуп эсептелет. Түрдүү идеологияны колдогон адамдар турганда жогорудагы ар түрдүү идеологиянын формасынан кутула албайбыз. Билим берүү, маданиятка окшогон ар тармакта эле жайнаган идеологиялар кездешет. Ал эми баалуулуктар кечээ эле пайда болуп калган эмес, идеологияны колго албасак эртең-бүрсүгүнү башкача болуп калышы мүмкүн. Америкалык окумуштуу Самуэл Хантингтон менен Фрэнсис Фукуяманын "Конец истории" жана "Столкновение цивилизаций" деген эмгектеринде "эгер бир баалуулук экинчи баалуулуктун үстүнөн арбитрге айланса, ал башка бир баалуулукту радикалдуулукка түртөт" деген ой камтылган. Анткен менен бизде өзүбүздүн баалуулуктарды таркатып, коргоп, сактаганга аракеттенген адамдар бар.
Ушундан улам коомдо улуттук, ислам жана ошондой эле либералдык баалуулуктар турса, ар түрдүү идеологиянын формаларынан эмнени алып, кайсынысын элге таркатуу керек деген маселе жаралат.
Бишкекте Курман айтта учурнда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Алба-далба кийингендер, даават, билимдүүлөр. Жапаровдун кезектеги маеги
— Ушул айтылган ойлорду элге жеткирип, коомду туура нукка буруп жатабызбы? Бүгүнкү жолубуз кандай болууда?
— Жогоруда айткандай, биз бардык дин уюмдарын каттоого уруксат берип жатабыз. Бирок ислам дининдеги аалымдар ойлонуп коюшу керек. Анткени Орто Азиянын эли исламдагы акыйдада (кудайга ишенүү) матуриди жана ханафий мазхабына баш иет. Кудайга ишенүү матуриди акыйдасынын чегинде болушу зарыл. Ал эми ханафий мазхабы исламдагы юриспруденция болуп эсептелинет. Ханафий мазхабындагы принциптерди жөнөкөй нерсеге айлантып, тебелеп-тепсеп жатканы өтө туура эмес. Биздеги молдолор, аалымдар "Кыргызстандагы окумуштуулардын баары тең мурунку атеист, материалисттер, динден эч түшүнүгү жок" деп ойлошот. Диний маселелер көтөрүлгөн кезде сырттан көз салып турам. Дин — бул ар ким кирип, тебелеп-тепсей бере турган нерсе эмес. Ал бирөөнүн жеке ишине кирбейт. Мамлекеттин көзөмөлүндө болушу шарт. Динге шарт түзүлүп жаткандан кийин диндеги адамдардын баары ошол принциптерди кармашы зарыл. Эгер бүгүн биз ар кандай диний уюмдарды каттай берүүнү токтотпосок Дон Кихот болобуз. Дон Кихот өзү курган тегирмени менен кармашып, аны "жеңем" деп жатып өлгөн. Ушул себептен конференция өтүп, ага президенттик аппараттан, дин аалымдарынан, министрликтерден өкүлдөр келди. Улуттук илимдер академиясында маданий диалог үчүн аянтча түзүлдү. Муфтийдин өкүлү "ушундай чогулушту үч айда бир өткөрөлү, кийинкисин муфтият уюштурсун" деди. Бул абдан жакшы көрүнүш. Анткени дин өкүлдөрүн, ошол эле учурда окумуштууларды беттештириш, аларды кандайдыр бир бүтүн ойго алып келүү өтө татаал нерсе. 2026-жылга чейин дин боюнча концепция, иш-чаралар планы да бар. Ошол пландарды кайра карап чыгуу керек. Себеби субъективдүү факторлордон улам ага ар кандай нерселер кирип кеткен.
Дин бизге керек, аны сылап-сыйпап багуу зарыл. Дин коомдун өнүгүшүнө тескери таасир берет деген туура эмес. Анда да улуттук каада-салтыбызда камтылган "ушак сүйлөбө, ууру кылба" деген өңдүү жакшы догматтар бар. Ушул окшоштуктарды синтездеп, диндин жакшы догматтарын, принциптерин таркатууга аракет кылуу зарыл.
— Конференцияда кандай тезистер айтылганына кыскача токтолуп койсоңуз...
— Биринчиси, Дин агенттиги ушул аянтчада квартал сайын ар кандай темадагы дискуссияларды өткөрүп турушу керек. Резолюция кабыл алынды. Андагы пунктулар боюнча иштейбиз. Эгер бул ишке ашса чоң тезис болуп эсептелинет.
— Сиз теосаясат тууралуу айттыңыз. Бизде ал кандай болушу керек? Деги эле теосаясат барбы?
— Советтер Союзу ыдырагандан кийин геосаясат "глобализация" деген ат менен келген. Глобализациянын максаты да кандайдыр бир коом куруу болуп эсептелген. Ошонун арты менен коммунисттик идеологиянын ордуна теологиялык саясат (дин саясаты) келди. Миссионерлер каржылоо аркылуу динди алып келип киргизген. Анын негизинде күчтүү диний саясат бар. Аны өзүбүздүн адамдар күчөтүп жатат. Муну мамлекет көзөмөлгө албаса болбойт. УКМК тарабынан өткөн жылы бир канча мечиттер текшерилген. Каттоого алынган 4 000 диний уюмдун канчасы университет, медресе, мечит жана куран жаттоо борбору? Каалайбызбы-каалабайбызбы, процесс жүрүп жатат. Медалдын эки бети болсо, анын бир жак бетине гана сүйөнүп колдогон адамдар көп. Кыргыз эли үчүн дин чоочун эмес. Ислам дини келгенден бери салттуу исламды карманып келгенбиз. Кыргызстандыктар ислам болушу керекпи же мусулманбы деген эки концепция бар. Биз мусулман болушубуз керек. Ал биздин улуттук үрп-адатыбызга, каада-салтыбызга толук жооп берет. Салттуу исламды ата-бабабыз тутунуп келген, анчалык радикалдуулукка барбаган исламдын догматтарын, принциптерин өз жашоо-турмушунда пайдаланып келген, эч качан исламдын принциптерин, догматтарын кандайдыр бир бийликти алууда, башкарууда колдонгон эмес.
Бүгүн мамлекеттин өнүгүшү үчүн "сен теңирчи, сен ислам" деп бөлүнүп-жарыла берсек болбойт. Бишкекте көп кыздар-балдарыбыз кирип кеткен вахабиттик, католиктик жана башка диний уюмдар бар. Алар кантип биздин балдарды тартып кетүүдө? Бул — өтө чоң маселе. Эмне үчүн өзүбүздүн салттуу исламдын догматтарын кармай албай, жаштарга түшүндүрүп бере албай жатабыз? Иш ушул багытта жүрүшү керек.
— Өтө көйгөйлүү маселелерди белгилеп жатасыз. Чынында көйгөйлөр абдан көп экенин байкоого болот. Муну комплекстүү чечүү үчүн ишти эмнеден баштаган туура болот?
— 2026-жылга чейин кабыл алынган концепциянын негизинде иш-чаранын пландары иштелип чыккан. Бүгүн биз жогорудагыдай идеологиялык стратегияны кабыл ала турган болсок иш-чаралар планын түп-тамырынан карап чыгуу зарыл. Анын күчтүү жана алсыз жактарын карап, ошонун негизинде иштөө зарыл. Дин маселесине келгенде баары тең эле аалым эмес. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү эгер дин аалымдары, дин өкүлдөрү барып калса алар менен ачык сүйлөшүп, кандайдыр бир көйгөй болсо аны чогуу чечүүгө аракет кылышы керек. Бүгүн биз биригишибиз керек. Антпесек болбойт. Бириккенде гана алдыдагы маселелер чечилет. Иш болгон жерде гана көйгөйлөр болот. Кыргызстан өтө кичинекей мамлекет, бирок мүмкүнчүлүгү да өтө чоң.
— Кыргызстандыктардын диний сабаттуулугу кандай?
— Дин жагынан сабаттуу деген аалымдын кайсы жерде окуганы, кандай дин аалымынан сабак алганы, ал дин аалымы кайсы мазхабда болгону белгисиз. Ошол себептен бирөөнү "диний жактан сабаттуу" деп айтуу кыйын. Мен муну дин маселесине көптөн бери аралашып, келечекте теолог болом дегендер менен же дин агенттигинде, муфтиятта иштегендер менен аралашып жүргөн киши катары айта алам. Текшерип, изилдеп көрүп гана анын кайсы акыйдада, кайсы мазхабда экенин аныктоого болот. Бүгүн Пакистан, Бангладеш, Түркия, Египет, Иордания жана Сауд Арабиясында диний билим алгандар көп. Булардын көпчүлүгүнүн артыкчылыгы менен кемчилигин, кимисинин кандай деңгээли бар экенин жакшы билем. Дин маселесинде өтө этият болуп, диндеги адамдарды электорат катары пайдаланууга жол берилбеши керек.
Судьянын балкасы жана ноутбук таразанын фонунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Кыргызстанга коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам зарылбы? Талдоо
Жаңылыктар түрмөгү
0