00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Почему помощь семьям становится приоритетом государства
16:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Батырбеков: кесип тандоодо үч нерсеге көңүл буруу шарт

© Sputnik / Асель СыдыковаАлгачкы билим берүү мыйзамын иштеп чыгууда жумушчу топтун мүчөсү болгон педагог Дүйшөн Батырбеков
Алгачкы билим берүү мыйзамын иштеп чыгууда жумушчу топтун мүчөсү болгон педагог Дүйшөн Батырбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2024
Жазылуу
40 жылдык педагогикалык тажрыйбасы бар, алгачкы билим берүү мыйзамын иштеп чыгууда жумушчу топтун мүчөсү болгон Дүйшөн Батырбеков кесип тандоодо ата-эне баласына жардамчы гана болушу керектигин айтты.
Өлкөдө дагы деле юриспруденция жана экономикалык багытта билим алгандар көп. ЖОЖдордун дээрлик баарында юридикалык факультети бар жана аларды жылына 800дөй студент-юрист бүтүрүп чыгат. Бул тууралуу Дүйшөн Батырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Батырбеков: кесип тандоодо үч нерсеге көңүл буруу шарт
Анын айтымында, кесипти туура тандоо адамды жашоосунан ырахат алып өмүр сүрүүгө жетелейт.
"Кесип тандоодо биз дагы деле эски түшүнүктөрдөн арыла албай келебиз. Юридиканы бүтүп бир жерде сот, прокурор болуп, үстөмдүк кылып жашоону балдарыбызга бакыт катары сүрөттөйбүз. Ошол эле убакытта бул багытта билим алгандын баарына эле мамлекеттик кызмат даяр турбаганын эске албайбыз. Биздин өлкө кичинекей, ар бир бүтүрүүчү мамлекеттик кызматта иштеп кала албайт. Конкурстук негизде тандалып, анын да өзүнүн түйшүгү болорун балдарга түшүндүрсөк. Андыктан, биринчиден, балага ошол кесип жагар-жакпасына олуттуу көңүл буруу зарыл. Ал — өзүнчө бир жекелик, адам. Сиздин каалооңуз эмес, өзүнүн жөндөмүнө жараша кесипке ээ болушу шарт. Экинчиден, ушул мамлекетте жашап кала турган болгон соң өзүбүзгө ылайыкташкан кесиптерге ээ болууга далалаттануу зарыл. Биз тоолуу өлкөбүз, медицина тармагында окуй турган болсо ушул багытта керектелүүчү адистиктерге басым жасаганыбыз туура. Болбосо агрардык кесиптер, мал чарбачылыгында эгемендүүлүк алгандан бери эле кадр тартышыгы жаралып келет. Айылда чоңойгон балдар көзү менен көрүп, билип жүргөн тармагына тапшырса окуп кетиши да, кесибин аркалашы да жеңил болот. Анткени бардык бүтүрүүчү эле шаарда жашап калбайт да. Жашоосун ошого ылайыкташтыры керек. Үчүнчүдөн, баланын дараметине караган туура. Эгер балаңыз мектепти ортозаар аяктаган болсо аны кыйнап жогорку билим алууга шыкактагандан эмне пайда? Азыр базарда отургандын ар бир үчүнчүсү жогорку билимдүү адис экенин айтат. Андан көрө колу менен жасап, акчаны жакшы тапкан электрик, механик, тигүүчү, ашпозчу сыяктуу кесиптерди аркалаганы жакшы эмеспи", — деди Батырбеков.
Педагог бүтүрүүчүлөрдү окуу жайдын аброюна эмес, ээ болчу кесиптин келечегине карап план түзүүгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0