00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Утро хорошего дня
Полжизни в театре – творческий путь заслуженной артистки КР Галины Кетовой
06:03
46 мин
Күн башат
Өлкөнүн биотүрдүүлүгүн изилдөө иштери кандай жүрүүдө?
07:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Утро хорошего дня
Летний уход за кожей: секреты свежести и защиты от эксперта
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Жаңы төрөлгөн ымыркайларда да рак илдети аныкталууда. Кыргызстандагы жалпы абал
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Первый Национальный рейтинг ВУЗов: оценка качества образования в Кыргызстане
12:04
34 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте өткөн "KGтай" жаш таланттардын эл аралык фестивалына жети өлкөдөн балдар келди. Кандай өнөрлөрдү тартуулашты?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
14-июнь Кан донорлорунун бүткүл дүйнөлүк күнү. Бүгүнкү күндө донорлорго муктаждык канчалык деңгээлде
13:31
23 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как правильно похоронить — беседа с юристом о новом законе
14:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстан мөмө-жемиш өндүрүүдө дүйнөдө лидерлердин катарына кантип кошулат?
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
Жазылуу
Камбар – Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык иштер жылдын этегинде жыйынтыкталат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирип, эмне иштер жасалганын тизмектеди. "Энергетиктердин негизги максаты — жыл аягына чейин даярдык иштерин бүткөрүү. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга багытталган даярдык иштери эки жылга пландалып, анда көпүрө салуу, суунун нугун буруу, туннель казуу, жол салуу жана аны бетондоо, электр зымдарын тартуу, жумушчулар учун убактылуу лагерь куруу каралган", — деп жазылат маалыматта.
Ушул жылдын апрель, май айларында жаан-чачындын көп болушунан улам сугат мезгилине даярдалган мамлекеттик ирригациялык объектилер кыйроого учурады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, жалпысынан республика боюнча ирригациялык 33 объект бузулган. Бул абал мамлекеттик ирригация системасына 13,6 миллион сомдук зыян алып келген. "Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бөлүмдөр кыйроого учураган объектилерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Сугат суу берүү жандандырылып жатат", — дешти министрликтен.
Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы эң ири күн электр станцияларынын биринин курулушун каржылайт. Бул тууралуу банктын сайтында жазылган. Кеп Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы кубаттуулугу 300 мегаваттка жеткен станция жөнүндө болуп жатат. Евразия өнүктүрүү банкы 15 жылга 210 миллион долларга чейин каражат бөлмөкчү. Объектини ишке киргизүү 2025-жылдын аягына пландаштырылды. Банктын башкаруучу директору Денис Ильин долбоор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун жогорулатып, электр станциясы эл аралык экологиялык жана техникалык стандарттарга жооп берерин белгилеген.
Мындан ары жарандар жол эрежелерин бузгандардын видео, сүрөттөрүн кабарлай алат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады. Маалыматка ылайык, кайрылуулар 0777 102-102 Whatsаpp номери аркылуу күнү-түнү кабыл алынат. "Жарандар көчөлөрдө туура эмес токтотулган унааларды, жол тыгындарын, кырсыктарды, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелери бузулган фактыларды көрсө түз ушул номерге сүрөт жана видео жөнөтүп койсо болот", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле кайрылууну алган кызматкер тийиштүү чараларды көрүп, аны жөнөткөн адамга жообун бере турганы кошумчаланды.
ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык алака бекемделүүдө. Бул тууралуу ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев билдирди. Маалыматка ылайык, Улан-Батордо 21-майда "Монголия менен ЕАЭБдин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги" аттуу илимий конференция өткөн. "Монголия ЕЭК менен байланыштарды 2015-жылы жолго салган. Келерки жылы алаканын түзүлгөнүнө 10 жыл болот. Биримдиктин өлкөлөрү менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу үчүн аракеттерди көрүү зарыл", — деген ал. Министр келечекте улуттук валютада соода жүргүзүү, геологиялык чалгындоо, кен казып алуу, сырьену кайра иштетүү, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүү, инфраструктуралык жана транспорттук-логистикалык долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.
Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 88 сом 2 тыйынга 1 евро 95 сом 49 тыйынга 1 рубль 97 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 64 сом 50 тыйындан баштап, 65 сом 90 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 71 сом 90 тыйындан, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫЖума күнү республтканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын жергесинде +21...+26 градус жылуу болот. Бишкек менен Ошто күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +25...+27, Ошто +27...+29 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0