Жаан-чачындан улам күйдүргү жуктургандар арбын болот деген божомол бар
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун дарыгер-эпидемиологу Сооронбек Ташкенов күйдүргүнүн кооптуулугу тууралуу айтып берди.
Кыргызстанда күйдүргү менен жылына 30дай адам ооруп, катталып турат. Бул тууралуу Сооронбек Ташкенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жаан-чачындан улам күйдүргү жуктургандар арбын болот деген божомол бар
Анын айтымында, Кыргызстан боюнча күйдүргүнүн 570 эски очогу аныкталып, каттоого алынган.
"Былтыр 20 киши күйдүргү менен ооруп калса, ушул жылдын 5-майына карата сегиз учур катталды. Күйдүргүдө өз убагында медициналык жайга кайрылбаса, үйүндө өз алдынча дарыланып жата берсе оору өтүшүп, кабылдап, акыры өлүмгө алып келиши мүмкүн. Күйдүргү — малдан адамга жугуучу оору, бирок кишиден кишиге тарабайт. Бул илдет негизинен айыл чарбасы өнүккөн мамлекеттерде көп кездешет. Адатта ылаңдаган малды союп, терисин сыйрып, устукандап, ичегисин тазалап жана башка иштерин жасаганда жуктурушат. Бирок микроб оңой эле кирип кетпейт. Маселен, адамдын денесинин бир жери кесилип, жаракат алып, былжыр чели ачылып калганда тез кирет. Ооруп түшкөндөрдүн көбү аялдар болуп жатат. Күйдүргү катталган жер тосулуп, атайын белгилер коюлуп, айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп, көз салып туруу милдеттендирилген. Өлкөдө союз мезгилинен кийин күйдүргүнүн 1 258 очогу калган. Кыргызстан боюнча бул дарттын 570 эски очогу аныкталып, каттоодо. Калганы табылбай турат. Азыр жаан-чачынга байланыштуу ооруну көбөйтө турган таякчалар жердин үстүнө чыгып жайылып жатат. Андыктан күйдүргү жуктуруп алгандар арбын болот деген божомол бар", — деди Ташкенов.
Ал микроб организмде көбөйгөндө интоксикацияланат, тагыраагы, дене уулана баштап, өз алдынча дарыланууга болбой турганын кошумчалады.