00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:17
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
18 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:18
49 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
Жазылуу
Непалдын Катманду шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ачылыш аземине Кыргызстагдын Непалдагы элчиси Аскар Бешимов, өлкөнүн дипломатиялык корпусунун жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Салтанаттуу иш-чарада элчи Бешимов Кыргызстандын ардактуу консулу Рамеш Шармага, Непалдын курулуш тармагындагы эң ири компаниялардын биринин жетекчисине консулдук патентти тапшырып, кеңсенин ачылышы менен куттуктады. Бешимов өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштарды чыңдоо, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Непалда жашаган мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн кыргыз консулдугунун ишинин жогорку маанисин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров жарандарды турак жай менен камсыздоонун үчүнчү баскычы башталганын жарыялады. Ал учурда Кыргызстанда анын тапшырмасынын негизинде көпчүлүк жарандар үчүн көйгөйлүү маселе – турак жай менен камсыздоону чечүү багытында иштер кызуу жүрүп жатканын белгиледи. «Мисалы ала турган батири 60 миң доллар турса, анын 30 миңин төгүш керек. Ал эми жарандын колунда 20 миң доллары гана бар дейли. Калганын кайдан алат? Бул маселеде жардам бериш үчүн мамлекеттик РСК банкы менен Мамлекеттик ипотекалык компанияны өнөктөш кылдык. Эки аптанын ичинде РСК банкынын аталышы «Элдик банк» болуп өзгөртүлөт», — деди ал. Жапаров билдиргендей, мыйзам коомдук талкууга коюлду. Күзгө чейин кабыл алып, болжол менен октябрдын он бешинен баштап «Элдик банк» жарандарга насыя бере баштайт.
19-майда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кочкор айылындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулуш долбоорлору менен таанышты. Министрлер кабинетинин төрагасына 2024-жылга Нарын облусунда пландалып башталган объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча маалымат берилди. Планга жалпысынан 64 объект киргизилген. Анда жаңы автобекет, көпүрө, мектеп, турак-жай комплекси, спорт комплекси, мал базар куруу жана жолдорду реконструкциялоо боюнча пландар презентацияланды.
Кылымдын башынан бери Россиянын экономикасы 8 эсеге жакшырып, өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү эң ири 10 экономиканын катарына кирди. Бул тууралуу РИА Новостинин Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын маалыматтарына жасаган талдоосунда айтылат. 23 жыл мурун Россиянын экономикасы 260 млрд долларды түзгөн. Бул убакыттын ичинде ал эки триллион долларга чейин өстү. Бул тизмеде биринчи орунда БРИКСке кирген Эфиопия турат – кылымдын башынан бери ал 19 эсеге өсүп, 160 миллиард долларга жетти. Кийинки сапта 17 триллион доллар менен Кытай турат. Ал эми үчүнчү орунду Казакстан ээлеп, экономикасы 14 эсеге, тагыраагы, 261 миллиард долларга өскөн. Акыркы жылдарда ИДПнын эң жай өсүүсү Грецияда болду, ал 83%ды гана түздү. ИДПнын кыскарышын көрсөткөн жападан жалгыз өлкө G7нин мүчөсү Япония болду. Анын экономикасы өткөн кылымдын аягындагы 5 триллион до
Жаңылыктар түрмөгү
0