8-майга карата аба ырайы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСуусамыр өрөөнүндөгү көлмөнүн жанынан өтүп бара жаткан аял. Архив
Суусамыр өрөөнүндөгү көлмөнүн жанынан өтүп бара жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
8-майга караган түнү өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Шаршембиде республика аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Баткен жергесинде +26...+31, Талас аймагында +23...+28, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +20...+25 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +27...+29, Ош шаарында +29...+31 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көлдөгү сезон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Абал жакшы эмес, бирок аны ого бетер начарлатышууда. Эксперт Ысык-Көл тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0