Абал жакшы эмес, бирок аны ого бетер начарлатышууда. Эксперт Ысык-Көл тууралуу
21:12 05.05.2024 (Жаңыртылды: 11:06 06.05.2024)
Жазылуу
Ысык-Көл пансионаттардын көбөйүшүнөн жок болуп кетеби? Эс алган зоналарга эмнеге тазалоочу жабдуулар орнотулбайт. Кыргыз берметин кантип сактап кала алабыз. Sputnik Кыргызстандын ушул жана башка суроолоруна эколог Сергей Криворучко жооп берди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, учурда Ысык-Көл районунда эс ала турган 1 127 объект болсо, анын 841инде ыплас сууларды тазалоочу жабдуулар орнотулган эмес. Президенттин жарлыгынын негизинде 2023-жылдын январынан тарта Көлдүн аймагындагы эс алуучу жайларга, коттедждерге, конок үйлөргө жогорудагыдай системасыз иштөөгө тыюу салынды. Экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу боюнча эксперт Сергей Криворучко ишкерлерге чынында эле мыйзам талап кылгандарды аткаруу жеңил эместигин айтат.
— Саркынды сууларды тазалоочу курулмалар негизи кандай иштейт?
— Алардын бир нече түрү бар: чарба тиричиликтин саркынды сууларын биологиялык тазалоо, ал жерде "химия жок" жана өнөр жайдан чыккандарды физикалык-химиялык жол менен тазалаган атайын курулмалар. Экинчиси тууралуу кеп кылбайбыз, себеби бизди Ысык-Көлдө колдонулган ыкмасы кызыктырат.
Жөнөкөй мисал менен түшүндүрүп кетейин. Мисалга сүттү алалы. Ага кандайдыр бир биологиялык зат түшүп калса ирип, аны менен азыктанган бактериялар пайда болот. Жыйынтыгында сыворотка менен тунган сууну алабыз.
Саркынды сууларды тазалаган процесс да болжол менен ушундай, ал бактериялардын биоценоз принцибине негизделген. Алар канчалык тыгыз болуп көбүрөөк азыктанса, суу ошончолук таза болот. Ал эми чөккөн кара масса "чийки ылай" деп аталат.
Тазаланган суунун сапаты бир катар параметрлерди сактоого байланыштуу болот. Алар: температура режими, тазалана турган суюктуктун температурасы, убактысы, канчалык деңгээлде булганганы жана башка факторлор. Ал тазаланган саркынды суу деп аталат жана нормативдик документте жазылган талаптарга жооп бериши керек. Аны кайсы жерлерге колдонуу туурасында да айтылган. Мисалы, сугатка, жашылдандыруу жана башкаларга пайдаланса болот. Варианттары көп. Бирок мындай сууларды дарыяларга, көлдөргө, көлмөлөргө кошуп жиберүүгө тыюу салынат.
Тазалоочу курулмалардагы чийки ылай кооптуу деген категорияга кирет. Ал таштанды сактоочу атайын жайларга, башка колдонбогудай болуп сакталышы шарт. Жөн гана топтоло берет, саркынды суу көп болсо, ошого жараша чийки ылай да арбыйт.
© Photo / Roskosmos / Ivan VagnerСергей Криворучко: саркынды сууларды тазалаган процесс да болжол менен ушундай, ал бактериялардын биоценоз принцибине негизделген. Алар канчалык тыгыз болуп көбүрөөк азыктанса, суу ошончолук таза болот.
Сергей Криворучко: саркынды сууларды тазалаган процесс да болжол менен ушундай, ал бактериялардын биоценоз принцибине негизделген. Алар канчалык тыгыз болуп көбүрөөк азыктанса, суу ошончолук таза болот.
© Photo / Roskosmos / Ivan Vagner
— Сиз эксплуатация кылууда анча деле кыйынчылыкты жаратпаган системаны сүрөттөп бердиңиз. Алар ар кыл көлөмдө болуп жана наркы жагынан айырмаланат. Анда эмне үчүн 800дөн ашык эс алуу жайлары бул системаны өзүнө орнотуп ала албайт.
— Ысык-Көлдүн өзгөчөлүгүн эске алуу керек. Маселен, сиз тоого чыгып бара жатканда организм башкача иштей баштаганын сезесиз да? Аба азайып, сууктай баштайт... Саркынды сууга "отургузулчу" бактериялар деле ошондой болот. Алардын ойдогудай болушу үчүн бийиктикти ченеген бирдиктин балтикалык системасы менен алганда +20 градуста 0 метр болушу шарт. Климат же бийиктик боюнча "жыла баштаганда" эле технологиялык процесстерге өзгөртүү киргизүү керек.
Ысык-Көлдөгү сууну деңгээли — 1608 метр, ал эми тазалоочу курулмалар 1600–1800 метрге жакын турат, тагыраагы, жетиштүү эле бийик. Демек, бактерия башкача "иштей" баштайт...
Мисал келтирейин, факультативдик бактериялардын ишин солгундоосунда градация бар. Бул тазалоодогу өзүнчө процесстерди камсыздап турат. Нитрификация деп аталган процессте бактерия азотту сууга жиберет, андан сырткары, денитрификация деген да бар, бул аталган заттын алынышы. Мунун баары эгерде чыпкаланган суу +12 градустан төмөн эмес, +14 градуска жакын болгондо жасалат. Температура ылдыйласа денитрификация токтоп калат. Эгерде +10го чейин жетсе дагы бир процесс башталат. +6…+8де баары токтойт, себеби бактериялар тоңуп, анабиозго түшөт.
Ысык-Көлдө климат тез өзгөрүлүп турат, жайында мөндүр жаап салат. Тагыраагы, сууну тазалоодо технологиялык жактан алып караганда, "секирик" болот. Андан ары кетели. Ири шаарларды, маселен, Чолпон-Ата же Караколдо саркынды сууларды тазалаган системалардын баасы 3-10 миллион доллардын айланасында.
Анча чоң эместери (отелдердин тобу үчүн дейли) 180-200 миңдин тегерегинде. Аларды ташып келиш керек, орнотуу керек... Көлдөгү пансионаттар жылына болгону 3-4 ай иштейт. Алар 200 миң долларга сууну тазалай алышабы? Ким билет...
Жаңы мыйзам бизнесмендерди тазалоочу курулмаларды алууга мажбурлоодо, ал эми тигилердин чамасы чак келбейт. Мындан ары эмне болот? Ишкерлер пара берип же кармалып калганча байкалбай иштегенге аракет кылышат. Же жаап туруп, буга чама-чаркы жеткен ири ишкерлерге өткөрүп беришет.
© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСергей Криворучко: жаңы мыйзам бизнесмендерди тазалоочу курулмаларды алууга мажбурлоодо, ал эми тигилердин чамасы чак келбейт. Мындан ары эмне болот? Ишкерлер пара берип же кармалып калганча байкалбай иштегенге аракет кылышат. Же жаап туруп, буга чама-чаркы жеткен ири ишкерлерге өткөрүп беришет.
Сергей Криворучко: жаңы мыйзам бизнесмендерди тазалоочу курулмаларды алууга мажбурлоодо, ал эми тигилердин чамасы чак келбейт. Мындан ары эмне болот? Ишкерлер пара берип же кармалып калганча байкалбай иштегенге аракет кылышат. Же жаап туруп, буга чама-чаркы жеткен ири ишкерлерге өткөрүп беришет.
© Sputnik / Виталий Белоусов
/ —Чындыгында эле бул эс алуучу жайлардагы сууну тазалоого милдеттендирген биринчи мыйзамбы?
— Албетте, жок. "Ысык-Көлдүн өзгөчө экологиялык аймагы жөнүндө" деп аталган 2004-жылы чыккан мыйзам бар, ал түздөн-түз иштейт, эч кандай интерпретация жок, бирок президенттин жарлыгындагыдай "мүмкүн эмес" деп так жазылган.
Мындан тышкары, жаратылышты коргоо мыйзамдарында да ушундай талаптар 1997-жылдагы "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү" мыйзамда, техникалык регламенттерде бар. Башкача айтканда, ылай сууларды тазалай турган курулмаларды орнотуу зарылдыгы 30 жылдан айтылып жатканы менен буга анчалык көңүл бурулбай келет.
— Эс алуучу аймактардын көбүндө бул курулмалар жок. Анда саркынды суулар түз эле көлгө кошулуп кетип жатабы? Же казылган чуңкурларга куюшабы?
— Буга так жооп бере албайм, анткени бизнес-объектидеги тигил же бул процесс чындыгында кандай болорун көрүш үчүн кирип кароого уруксат беришери күмөн. Аны тактап аныкташ үчүн кыдырып, белгилеп, текшерген кишилерди жалдаш керек. Сиз айткан эки вариант тең колдонулуп жатышы мүмкүн деп ойлойм.
Совет мезгилинде курулган пансионаттарда (анда саналуу эле эмес беле) түтүктү 50-100 метрден терең эмес кылып, көлдүн борборуна алып киришчү да, суунун ички агымы жээктен алыстатып алып кетчү. Ал эми азыр эмне болуп жатканы белгисиз.
— Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев эгерде жээктеги пансионаттардын саны өсүп кетсе Ысык-Көлгө зыянын тийгизерин айтты. Биздин берметибизди чынында эле ушундай тагдыр күтүп жатабы?
— Ысык-Көл — өтө чоң көл. Бул кирдөө көлгө өтө зыян алып келбегени менен "бирок" деген нерсе бар. Анын 20 метр тереңдикке чейинки жерлери. Ал бөлүгүндө балыктар бар, ошол жерде урук чачып, көбөйөт. Дал ушул жери зыян тартат.
Ысык-Көлдүн космостан тартылган сүрөттөрү бар. Жыргалаң менен Түптө көлгө бир нече дарыя куйганда ылайды кошо алып келип жатат (сүрөттө күрөң болуп көрүнүп турат), бул кадыресе көрүнүш. Ал эми ортоңку бөлүгү менен түндүк тарабындагы жээкти караганда бир да булак куйбаганын көрүүгө болот. Күрөң тактар бүдөмүктөнүп турат, ал Жыргалаңга караганда көбүрөөк. Муну кантебиз?..
Чабактан айрылып жатабыз. Ооба, жашаган жайын, урук чачып, көбөйгөн жерин тартып алдык. Көлдүн жээгинде, үстүндө ар кыл техникалар кумду будуң-чаң кылып жүрсө алардын кайсы уруктары аман калып, көбөймөк эле?
Жээкке чыгалы. Совет мезгилинде Ысык-Көлдүн чычырканактары дүйнөдөгү арбын өсүмдүктөрүн бири деп эсептелчү. Азыр алардын кол жуудук. Ысык-Көлдү "дүйнөнүн кареги" дейбиз. Макул, анда өзүбүздүн көзүбүздү эле карайлычы. Кирпигибизди кыркып салсак конъюнктивитке, көз ооруга чалдыгабыз. Адамзат да Ысык-Көлдү ошентип салды. Жээгиндеги чычырканак жана башка бадал өсүмдүктөр — аны үстүнөн саркынды суулардан тазалап турган жаратылыштык чыпкалар. Жамгыр жаап өтүп, топурак, ылайдын баары бул калың токойлордогу саздарга агып түшчү. Мындай саздар, албетте, ошол жерге курулуш түшүргөндөргө жаккан жок, туризмди өнүктүрбөй этектеп жатса бакалар менен чымын-чиркейлерди ким жакшы көрсүн... Жерлерди кургатып, бетондоп, көлгө түз бара турган жол салып жатышат. Ошол жерлерди байырлаган коендор, түлкүлөр, таш бакалар, жыландар жок болду... Ошентип жаратылыштын азыктанып турган чынжырчасын үздүк.
© © SputnikСергей Криворучко: Совет мезгилинде курулган пансионаттарда (анда саналуу эле эмес беле) түтүктү 50-100 метрден терең эмес кылып, көлдүн борборуна алып киришчү да, суунун ички агымы жээктен алыстатып алып кетчү. Ал эми азыр эмне болуп жатканы белгисиз.
Сергей Криворучко: Совет мезгилинде курулган пансионаттарда (анда саналуу эле эмес беле) түтүктү 50-100 метрден терең эмес кылып, көлдүн борборуна алып киришчү да, суунун ички агымы жээктен алыстатып алып кетчү. Ал эми азыр эмне болуп жатканы белгисиз.
© © Sputnik
— Ысык-Көлдүн экологиясы канчалык деңгээлде тездик менен бузулуп жатат деп ойлойсуз? Эмнеге баратабыз?
— Абал ансыз деле жакшы эмес, бирок аны ого бетер начарлатып жатышат. Кайсы бир учурларда ар кайсы жактан талкалап киргенде жаман болгонмун, азыр моюн сунуп, болгону карап, байкоо салып гана калдым. Ысык-Көлгө болгон мамиледе экономика жагы басымдуулук кылып жатканын түшүндүк. Азыр акча жасай турган нерсенин баары жарай берет.
Анткен менен таяктын башка учу да бар. Эгерде туризмди бюджетти кураган, пайда алып келген бөлүк катары карасак, анда бул процессти мыйзамдын экономикалык блогу тыкыр карашы керек.
Эгерде кандайдыр бир продукция чыгарсак, экономикалык жактан алып караганда, алгач сырье даярдап, аны табыш керек, тазалап, анан гана жогорку сапаттагы товарды даярдоого болот. Начар серьедон жакшы продукция алууга мүмкүн эмес.
Продукция жогорку сапатта болгону менен туризмге биз эч нерсе салбайбыз. Эгерде бүгүнкүдөй кылып урунсак, ал бир жолу колдонгонго гана жарап калат. Мисалы, чычырканакты эле алалычы, кыйып салдык, аны тез арада калыбына келтиребиз десек да мүмкүн эмес. Ал жылына болгону 10 сантиметрден гана өсөт.
— Аттиң деп өкүнүп, Ысык-Көлдү сактап калууну чечтик. Биринчи эмне кылыш керек?
—Мындай көңүл чөктүргөн нерсенин да чечиле турган жолу бар. 1980–1990-жылдары бизде Экология боюнча мамлекеттик комитет иштеген эле. Ага жаратылышты колдонууга байланышкан метеорология, өзгөчө кырдаалдар жана башкалар боюнча жүк артылган.
Комитеттин адистери КМШда эң күчтүү мыйзамдардын бири болгон экологиялык мыйзамдардын мыкты комплексин даярдаган. Андан кийин мамкомитетти ӨКМден бөлүп, андан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, метеорология жана башка функциялары ошол комитеттен бөлүнүп, ал ошол кездеги Экология министрлигине кыскартылган. Анан дагы бир нерсе туура эмес болгонбу, департамент Экология, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке айланган. Кийинчерээк Токой чарбасы Айыл чарба министрлигине "көчтү"... Жыйынтыгында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги пайда болду. Ал өзү бир нерсе өндүрүп, өзүнүн тармагында мамлекеттик саясатты өзү иштеп чыгып жана өзүн-өзү көзөмөлдөш керек экен. Бул кандай болуп калат? Силердин сурооңорго келсек... Менимче, эң алгач жаратылышты коргоо боюнча мыйзамды карап чыгуу зарыл. Ал эскирди. Карап, терип, тазалап, ылайыктап, башкалар, ири алдыда башка блоктор менен эриш-аркак иштегендей кылуу керек. Бул абдан маанилүү нерсе, себеби мыйзамдык жактан карап, тиешелүү база түзүлбөсө канчалык коңгуроо кагып, башыбызда ташка ургуласак да эч нерсе жасай албайбыз.