Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Бугун 30-апрелде, жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктай турганын Мамлекеттик салык кызматы эскертти. Маалыматка ылайык, бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны саат 24:00гө чейин кабыл алышат. 1-майга чейин төмөнкүлөр салык декларациясын тапшырат: жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер; менчигинде салык алынуучу мүлкү жана жер тилкеси (короо-жайынан башка) бар жеке жактар; юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар; мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери; эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу барлар; жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммага мүлк сатып алган жеке жактар.
"Унаа" мамлекеттик ишканасы майрам күндөрү иштей турган бөлүмдөрүнүн тизмесин жарыялады. Ага ылайык, 4-майда саат 08:30дан 17:30га чейин (12:00-13:00 тыныгуу) төмөнкү бөлүмдөр ишейт: Ч.Валиханов көчөсү, 2 ("Аю Гранд" соода комплекси) дарегинде жайгашкан Бишкек шаардык бөлүмү, сурап-билүү үчүн телефон: 0312 63-23-63; Военно-Антоновка айылындагы ("РИОМ-Авто" унаа базары) аймак аралык бөлүм, сурап-билүү үчүн телефон: 312 46-39-10; Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 168 ("Жапалак" унаа базары) дарегиндеги Ош-2 сектору. Мекеме 6-майдан тарта бардык каттоо бөлүмдөрү кадимки тартипте иштей баштаарын кошумчалады. Белгилей кетсек, өлкөдө май майрамдарына байланыштуу 1-майдан 6-майга чейин эс алуу күндөрү болот.
Бала-Саруу гидро электр станциясынын Киров суу сактагычына курулуп жаткан үч агрегаты 17-майда ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев кабарлады. Ал белгилегендей, Бала-Саруу ГЭСи Киров суу сактагычындагы гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Анткени ГЭС суу сактагыч курулгандан бери колдонулбай келген. Белгилей кетсек, Бала-Саруу ГЭСи жалпы кубаттуулугу 25 МВт кубаттуулуктагы үч агрегаттан турат. Анын орточо жылдык электр энергиясын иштеп чыгуусу 92 млн кВт саатты түзөт.
Бишкекте "Ала-Тоо" аянтындагы Ардак кароол менен Кыргызстандын желеги төрт айга алынды. 27-апрель күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты оңдоп-түзөө иштери үчүн жабыла турганын калаа мэриясы билдирген. Аянттын аймагындагы коомдук жайлар убактылуу жабылат. Анын ичине тротуарлар менен скверлер кирет.Муниципалитет Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бийиктиги 100 метрди (учурда 45) түзгөн жаңы флагшток орнотууну пландоодо. Чектөөлөр 31-августка чейин күчүндө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0