00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бир катар шаарлар ирилештирилип, Кант менен Кара-Балта облустук маанидеги шаарга айланатЗеленский АКШ Украинаны дагы 10 жыл колдоорун айттыУлуттук банк өткөн аптада 50,3 миллиондон ашык доллар сатып алды алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын күнү менен борбор калаанын тургундарын жана меймандарын куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирип, куттуктоонун текстин жарыялады. Анда өлкө башчы борбор калаанын аймагында байыркы Жүл шаары жайгашканын айтып, бул жерде белгилүү окуялар байма-бай болуп келгенине токтолгон. Ошондой эле учурда Бишкекте Кыргызстан калкынын 20 пайызынан ашыгы жашап, административдик-аймактык реформанын натыйжасында калаанын аянты кеңейип, калкынын саны көбөйөрү айтылган. Мындан тышкары, президент буга чейин жол, тротуарлар жасалса, эми имараттардын көрүнүшү жакшыртылып жатканын баса белгилеген.
Бир катар шаарлар ирилештирилип, Араван жана Гүлчө райондук маанидеги калаа болуп түзүлүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга алып чыкты. Аталган мыйзам сынамык режимде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан. Мыйзам долбоору менен 235 ирилештирилген айыл аймактары, Бишкек жана Ош шаарларынын административдик аймактары түзүлгөнү айтылган. "Каракол, Балыкчы, Жалал-Абад, Токмок, Чолпон-Ата, Кербен, Таш-Көмүр, Айдаркен шаарлары айыл аймактарынын эсебинен ирилештирилип жатат. Мындан тышкары, Чүй облусунун Кант жана Кара-Балтага облустук маанидеги шаарлардын статусу берилип, Шамалды-Сай поселогу Таш-Көмүрдүн курамынан чыгарылып, Ноокен районунун курамында райондук маанидеги шаар болуп түзүлүүдө", — деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде. Мындан тышкары, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын, Бишкек жана Ош калааларынын административдик-аймактык чек араларын түзүү жана бекитүү каралганы кошумчаланган.
Өткөн аптада Улуттук банк 50 миллион 350 миң доллар сатып алды. 22-апрелде Улуттук банк валюта рыногунан 25 миллион 850 миң доллар, ал эми жума күнү, 26-апрелде, 24,5 миллион доллар сатып алды. Акыркы аптада доллардын орточо курсу 32 тыйынга түшүп, 89,43 сомду түздү. Улуттук банк валютанын курсун жөндөө үчүн чет элдик валютаны сатуу жана сатып алуу менен алектенет. Жыл башынан бери ал жети ирет интервенция жасады. Тагыраагы, эки жолу сатса, беш ирет чет элдик валютаны сатып алган.
Украина АКШ менен Киевди дагы 10 жыл аскердик жана финансылык жактан колдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул туурасында РИА Новости Владимир Зеленский өзүнүн видеокайрылуусунда айтканын жазды. Анын айтымында, сүйлөшүү коопсуздук жаатында эки тараптуу түзүлгөн кызматташуу боюнча макулдашуунун алкагында жүрүүдө. Анткен менен Киев коопсуздук боюнча бул документти башка өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу "күчтүүрөөк" кылганга аракеттенүүдө. "Быйыл жана алдыдагы 10 жылда колдоонун конкреттүү деңгээлдерин карап, белгилеп туруу боюнча да иш алып барып жатабыз. Анын ичинде куралдануу жактан көмөк кылуу, финансылык, саясий жана курал-жаракты биргелешип чыгаруу бар", — деген Зеленский. Буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак Бириккен Падышалык Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү сунуштаарын, ал кеминде мындай деңгээлде ушул 10 жылдыктын соңуна чейин уланарын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0