00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду. Маалыматта алынчу каражат “Шарият стандарты боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбооруна жумшалары айтылды.“Долбоор ишке кириши менен миңдеген муктаж үй-бүлөлөрдү ипотека аркылуу батир менен камсыз кылат. Калкты турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири жана ал президенттин көзөмөлүндө турат”, — деди өкмөттүн өкүлү.Мындан тышкары, Касымалиев ИӨБдүн жетекчисин Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун долбоору менен тааныштырып, Кыргызстан уюштуруп жаткан ушул жылдын июнь айында Вена шаарында өтө турган Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышууга чакырды.Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчиси өз кезегинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоого катышуу маселесин карап чыгарын айтты.
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өткөрмө бекеттерди жабуу — Кытай тараптын демилгеси. "Кытайда Эмгек күнүнүн майрамдалышына байланыштуу "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү бекеттери 1-майда жабык болот. Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2-майда кайрадан жанданат", — дейт айтылат маалыматта.
Бишкектин жашоочулары шаардагы жолдордун абалы тууралуу мэрияга түз маалымдай алышат. Калаа бийлиги билдиргендей, көчөлөрдөгү абал тууралуу маалыматтарды топтоп, көйгөйдү тез арада жоюу максатында ыкчам байланыш каналы уюштурулду. Ал аркылуу жашоочулар жолдордун абалын, тактап айтканда, талкаланган, чөгүп кеткен, аң-чөнөк пайда болгон тилкелер тууралуу сүрөт жана видеолорду жөнөтө алышат. Транспорт, жол транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин шаардагы төрт районго жооптуу кызматкерлери маалыматты иргеп чыгышат. Андан соң райондук администрациялар "Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасы менен бирге жолдун талкаланган жерин оңдошот.
Россиянын Федералдык жыйыны менен Жогорку Кеңештин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын Х жыйыны өттү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова менен Мамлекеттик Думанын экология, жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жетекчиси Дмитрий Кобылкин төрагалык кылышты. "Жыйында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде евразиялык интеграциялык бирикмелердин алкагында маданият, билим берүү, энергетика, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралды. Миграциялык саясатты укуктук жөнгө салуу чөйрөсү талкууланды. Жыйындын катышуучулары Жеңиштин 80 жылды
Жаңылыктар түрмөгү
0