00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өткөрмө бекеттерди жабуу — Кытай тараптын демилгеси. "Кытайда Эмгек күнүнүн майрамдалышына байланыштуу "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү бекеттери 1-майда жабык болот. Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2-майда кайрадан жанданат", — дейт айтылат маалыматта.
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров мандатынан ажыратылды. Тиешелүү маселе БШКнын 26-апрелдеги жыйынында кабыл алынды. Маалыматка ылайык, мындай чечимди кабыл алууга Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы ѳкүмү негиз болгон. БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Таалайбеков Адахан Мадумаров жыйынга чакырылганын, бирок келе албасын айтканын билдирди. Буга чейин Биринчи май райондук соту Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин 209 ("Алдамчылык") жана 338инчи ("Бийликтен аша чабуу") беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан бошоткон. Ошол эле учурда саясатчы өкүм күчүнө киргенге чейин камакта калтырылып, 25-апрелде абактан бошотулган. Депутат соттун өкүмүнө даттанарын билдирген. Мадумаров былтыр сентябрда кармалган. Анда эл өкүлү мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган болчу. Анткен менен чоо-жайы ачыкталбай келет. Бирок өзүнүн айтымында, анын кармалышы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу. 2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турганда Кыргызстан аталган жерди тажик тараптан 49 жылга ижарага алуусу каралган протоколго кол койгону айтылып келет. Кыргызстан бул документти тааныган эмес.
Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны өттү.Иш-чаранын алкагында Россия Федерациясынын жана Кыргызстандын коргоо министрлери Сергей Шойгу менен Бакытбек Бекболотовдун жолугушуусу болду.Шойгу Россиянын Коргоо министрлиги кыргызстандык кесиптештери менен көп тараптуу жана эки тараптуу форматта ШКУ, КМШ жана ЖККУнун алкагында тыгыз байланышта экенин белгиледи.
Бишкектин жашоочулары шаардагы жолдордун абалы тууралуу мэрияга түз маалымдай алышат. Калаа бийлиги билдиргендей, көчөлөрдөгү абал тууралуу маалыматтарды топтоп, көйгөйдү тез арада жоюу максатында ыкчам байланыш каналы уюштурулду. Ал аркылуу жашоочулар жолдордун абалын, тактап айтканда, талкаланган, чөгүп кеткен, аң-чөнөк пайда болгон тилкелер тууралуу сүрөт жана видеолорду жөнөтө алышат. Транспорт, жол транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин шаардагы төрт районго жооптуу кызматкерлери маалыматты иргеп чыгышат. Андан соң райондук администрациялар "Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасы менен бирге жолдун талкаланган жерин оңдошот.
Бишкекте үч күн бою арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, ведомство 30-апрель жана 1, 2-май күндөрү Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте "Жаз — 2024" жарманкесин уюштурууда", — деп жазылган маалыматта.Жарманке Разаков көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде өтөрү кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0