Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тотубаева: Ысык-Көлдүн жалпы ресурсунун 50%ын пайдаланып койдук

© Sputnik / Асылбек БактыбековБиология илимдеринин кандидаты, экология жаатында эксперт Нурзат Тотубаева
Биология илимдеринин кандидаты, экология жаатында эксперт Нурзат Тотубаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
Биология илимдеринин кандидаты, экология жаатында эксперт Нурзат Тотубаева ар бир системанын өзүн калыбына келтирүү потенциалы болорун айтты.
Көл жээгиндеги чычырканактардын көбүн кыйып салдык. Табияттын уникалдуулугу менен чычырканак сууну бир топ зыяндуу нерселерден сактап турган касиетке ээ. Бул тууралуу Нурзат Тотубаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Тотубаева: Ысык-Көлдүн жалпы ресурсунун 50%ын пайдаланып койдук
Анын айтымында, көлгө жакын жерлерди трансформациялап, азыр да кык ташып жатышат. Мунун баары көлгө зыян.
"Ар бир системанын өзүн калыбына келүү потенциалы болот. Ысык-Көлүбүздүн өзүн-өзү калыптандыруу дарамети аябай жогору. Көл абдан терең. "воронка" образдуу система менен кирдеткич заттар акырындан түбүнө чөгөт. Башка көлдөр сааттын жебеси менен айланса, Ысык-Көлдү Санташ жана Улан шамалы тескери айлантат. Негизи суунун жээгинен 100 метр аралыкка чейин эч нерсе курулбашы керек. Анткени саркынды суулар ошол аралыкта чыпкаланып, анан көлгө кошулушу зарыл. Биз ал мүмкүнчүлүктү да бербей жатабыз. Көлдүн жээгине пансионаттарды салып, ар кандай бак-дарактарды тигүүдөбүз. Көлдүн жээги "биотүрдүүлүккө ээ" деп мактанганыбыз менен маданий өсүмдүктөрдү жайнатып отургузганыбызды түшүнө албайм. Азыр биз алып келип жаткан павловниянын тамыры өтө терең жайгашып, чырмооктой тарап, ар кайсы жерден өсүп чыга берет. 10 жылдан кийин ага ээ боло албай, көлдүн тегеретесин толук павловния каптап кетсе кантебиз? Көлдүн жээгине гилас өңдүү мөмө бактарын тигип жатабыз. Анын баарын өстүрүүгө эмне деген жер семирткич ташылууда. Ошонун баарынан көлгө азот, фосфор өңдүү органикалык элементтер түшүп жатат. Ал эми көлдө пайда болгон балырлар азот, фосфор менен азыктанып массасын тез көбөйтүп жиберет. Органикалык жер семирткичтерде да азот, фосфор арбын. Мунун баары сууга түшүп жатат. Азыр Көлдүн 50 пайыз ресурсун колдонуп койдук. Көл белгилүү убакытка чейин өзүн калыбына келтирип турат. Бирок система бир бузулса калыбына келтирүү кыйын. Эгер биз 60 пайыздан ашык ресурсун колдонсок система өзүн-өзү тазалай албай калат", — деди Тотубаева.
Ал 700 гектардан ашык жерде чычырканак кыйылып кеткенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0