Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 24-25-апрелге белгиленген визиттин алкагында мамлекет жетекчиси Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана мындан ары өнүгүүнүн келечегин талкуулайт. "Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча президенттердин биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат", — деп айтылат маалыматта.
1-майдан баштап билим берүү ишмердүүлүгүнө уруксат алуу үчүн арыздар Лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (ЛАБАС) аркылуу гана кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Аталган тармакты лицензиялоо окутуучу мекеме мыйзамдын алкагында иш алып барышы үчүн жүргүзүлөт. "Учурда бала бакча ачууга же кошумча билим берүү программасы боюнча окутуу үчүн лицензия талап кылынбайт", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле өтүнмөнү аралыктан берүү убакыт, каражатты үнөмдөп, коррупцияны алдын аларын айтышты. Өтүнмөнү шилтеме аркылуу берүүгө болот.
Кечээ Чүй облусунун тоо этегиндеги айылдарында сел жүрүп, учурда анын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди. Алсак, Он бир Жылга айылындагы Карагул капчыгайында сел жүргөн, жабырлануучулар катталган жок. Учурда абал туруктуу деп бааланып, суу каптаган жерлерде атайын техника иштеп жатканы айтылды. Мындан тышкары, жаандан улам Бурана дарыясы ташкындап, суу жээгинен чыгып кеткен. Жаңы-Жол, Ак-Бешим айылдарында арыктар улам-улам тазаланып, көпүрөнүн айланасы иреттелип жатат. Бул жаздан берки суу каптаган экинчи учур. Селдин кесепетин жоюу иштерине айыл өкмөттөрү менен райондук администрациялардын техникасы тартылган. Мындан тышкары, ӨКМ кызматкерлери да иштеп жатканы айтылды.
Бишкекте коомдук транспортко жол кирени көтөрүү пландалган жок. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Бүгүн Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров бир жаңы автобус канча убакытта өзүн актаарын сураган. Ага мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгөнчөков жооп берип, азыркы тарифте автобустар өзүн актабай турганын айткан. Ал автобустар өзүн 8-10 жылда акташ үчүн тарифти 25 сомго көтөрүү керектигин билдирген. Мэрия бул муниципалитеттин позициясы эмес экенин, автобустардын өзүн-өзү актоо мезгилин түшүндүрүү үчүн алдын ала божомол гана болгонун белгиледи. "Мэрия коомдук транспорттун тарифтерин көтөрүүнү пландаган жок", — деп жазылат билдирүүдө. Азыр ордо калаада жол кире накталай 20 сом, накталай эмес (карта) 17 сом.
"Бишкек электр түйүндөрү" ишканасы эртеңден тарта карызы бар 5100дөн ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөрүн билдирди. Ишкана электр энергиясы үчүн карызды өз убагында төлөөгө чакырып, анын суммасын компаниянын сайтындагы "Абоненттик баланс" бөлүмү аркылуу текшерип алууга болорун эскертти. Ошондой эле турак жай ээлери "Менин жарыгым" мобилдик тиркемеси аркылуу карызын биле алары белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0