Педагог: билим берүүнүн сапатын арттыруу үчүн мугалимдин статусун көтөрүү зарыл
Жазылуу
40 жылдык педагогикалык тажрыйбасы бар, алгачкы билим берүү мыйзамын иштеп чыгууда жумушчу топтун мүчөсү болгон Дүйшөн Батырбеков билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат туура эмес пайдаланылып келет деген пикирин билдирди.
Учурда башталгыч класстарда окуучулардын саны 55ке чейин жетти. Албетте, бул билим сапатына терс таасирин тийгизет. Бирок билим берүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатууда тоскоолдук жараткан негизги себеп бул эмес. Мындай ою менен Дүйшөн Батырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Педагог: билим берүүнүн сапатын арттыруу үчүн мугалимдин статусун көтөрүү зарыл
Анын айтымында, кадрлар баарын чечет деген маселе билим берүү тармагында да учурда өтө актуалдуу болуп турат.
"Ички миграция күчөп, калк, өзгөчө жаштардын чоң шаарларга агылуусу менен Бишкек, Ош сыяктуу калааларда башталгыч класстарда окуучулардын саны 50-55ке чейин чыгып кетүүдө. Учурда бийлик бул маселени чечүү үчүн мектептерди курууга басым жасап жатат. Тилекке каршы, 32 жылда чогулган көйгөйдү дароо чечүү мүмкүн эмес. Ошентсе да мектептердин саны көбөйүп, бул маселе жакынкы жылдары чечилет. Бирок ошону менен эле балдардын билим алуусунун сапаты жогорулап калабы деген суроо жаралат. Жок, анткени бул негизги көйгөй эмес. Мисалы, 1950-60-жылдары эч кандай шарты жок деле бир үйдү мектеп кылып алып, жалаң гана тактай, бор менен билим берген мугалимдер келечектеги академиктерди тарбиялап чыгарышкан. Демек, маселенин бардыгы кадрда жатат. Ошондогу мугалимдер жалындап, ишке бүтүндөй дитин коюп иштеген. Дилгирлик болгон. Ал эми азыркы мугалимдердин дилгирлигин ойготуу үчүн аларга мыкты камкордук зарыл. Мамлекет айлыктарын көтөргөнү менен ал 20 миң сомдон ашпай жатат. Педагогдордун социалдык маселелери чечилбей турат. Мейли ал айылда же шаарда жашасын, жанын багыш үчүн мугалимдиктен сырткары да башка иштер менен алектенгенге мажбур болууда. Ал өтүүчү сабагына жеткиликтүү даярданып, ар бир балага тиешелүү көңүл буруп иштей албай, чыныгы мугалим боло албай жатат. Бардык келген министрлер эле билим берүүнү өнүктүрүүнү ар башка багыттардан издөөдө. Бири чет өлкөнүн системасын киргизгенге аракеттенсе, экинчиси компьютерлештиргенге далалаттанат. Дагы башкасы өнүктүрүүнүн себебин сырттан издейт. Ошентип өкмөт бөлгөн акча натыйжалуу пайдаланылбай калууда. Биз алгач мугалимдердин статусун жогорулатуу үчүн аларга шарт түзүп берүүдөн башташыбыз керек. Окутуучулардын статусун көтөрмөйүн бир да реформа билим берүүнүн сапатын жогорулата албайт", — деди Батырбеков.
Ал мугалимдик кесипке окугандарды аралыктан окутуу, сырттан билим берүү маселелери да жеткиликтүү педагогдорду даярдап чыгууда кедергисин тийгизип жатканын кошумчалады.