Адис: Ысык-Көлдө суу транспорту үчүн насостук станциялар керек

© Пресс-служба ВСК МО РФ / Медиабанкка өтүүНасос станциясынын жабдуулары. Архив
Насос станциясынын жабдуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Ысык-Көлгө насостук станциялар керек. Бул тууралуу Кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча Кыргызстандын Улуттук платформасынын катчылыгынын жетекчиси Алмабек Айдакеев Sputnik агенттигиндеги маегинде билдирди.
Ал туризмди өнүктүрүү менен бирге көлдүн тазалыгын сактоого да өзгөчө көңүл бөлүү зарылдыгын белгиледи.
“Дизель менен жүрүүчү кемелердин моторунун алдына майлуу суулар сарыгат. Ушул майлуу сууларды көлгө агызбоо үчүн насостук станция керек. Экинчиден, жуунуучу жайлардан агып чыккан суулардын көлгө кошулбашы үчүн да борборлоштурулган канализация зарыл. Бизде кемелер үчүн май куйган бир да жай жок. Мен билгенден учурда буларга челектеп ташып май куюп жүрүшөт. Мындай учурда сууга төгүлүп кетүү коркунучу өтө жогору. Үчүнчүдөн, кемелердин корпусун үч же беш жылда бир тазалап туруу зарыл. Буга да мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Насостук станциялар шаардык коммуникацияга кошулушу керек. Бул да жок. Муну жеке менчик тараптар ишке ашырабы же мамлекетпи? Себеби кемелердин 95 пайызы менчик. Маселени Транспорт министрлиги чечиши керек”, - деди адис.
Ал ошондой эле инфраструктура толук курулмайынча суу транспортунун иштешине уруксат берилбеши керектигин кошумчалады.
Маектин толук вариантын шилтемеден окуңуз.
Мурдагы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, туризм багыты боюнча эксперт Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Радио
Жаманкулов: туризмди инвестиция тартуу менен гана өнүктүрө алабыз
Жаңылыктар түрмөгү
0