00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
18 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:18
49 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бишкекте саат 13. Жанылыктар менен тааныштырып микрофондо Асель Сыдыкова. Саламатсыздарбы! Бул чыгарылышта...Азия чемпионатында Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов коло алды
Бишкекте кулаган тик учакта жабыркаган аскерлердин абалы айтылды
Президент орус, англис тилдери боюнча пикирин билдирди
Орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабарга" берген маегинде билдирди. Журналист Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев наристелердин тили орусча чыгып жатканын айтып, муктаждык болсо балдар үчүн чет тилдеги контентке бөгөт коюу керектигин айтканы боюнча пикирин сураган. Мамлекет башчы орус, англис тилдери боюнча айтканы Нурланбек Шакиевдин жеке пикири экенин белгилеп, мамлекеттик саясат таптакыр башка экенин кошумчалады. "Орус, англис тилдери дүйнөлүк тилдер. БУУда канча тил болсо орус, англис тилдери алардын ичинде. КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. КМШ өлкөлөрү эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот. Өздөрү "биз орус тилчи котормочу аркылуу сүйлөшөбүз" деп айтышат", — деген мамлекет башчы маегинде. Ошондой эле ал спикердин кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча сунуштарына эч ким каршы эместигин кошумчалаган.
Бишкектин батыш тарабында кулаган Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учактан жабыркаган эки аскердин толук айыгышына бир жылдай убакыт керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Руслан Мукамбетов билдирген. Анын айтымында, учкуч-методисттин көп жери сынган. "Анын толук сакайып кетишине болжол менен жарым жылдай, экинчисине бир жылдай убакыт керек. Биздин жана Түркиянын хирургдары бутун кеспей эле койсо болорун айтышты. Бирок ага бир нече операция керек. Айтор, жыйынтыктар жакшы эле", — деген Мукамбетов. Ал аскерлер бутуна туруп кетиш үчүн медиктер колдон келген аракетин көрүп жатканын кошумчалаган.
Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов үчүнчү орунга ээ болушту. Спорттук мелдеш “Бишкек Аренада” өтүүдө. Бүгүн чемпионаттын ачылышы болуп, алгач эркин күрөш боюнча кармаштарга старт берилди. Жолдошбеков 65 килограмм салмактагылар арасында күрөштү. Ал беттештин башында жеңилип, кийин атаандашы өз каршылашын уткандан кийин үчүнчү орун үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Коло үчүн беттеште өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде жеңип алды. Ал эми Алибек Осмонов 70 килограммга чейинки салмак ченинде килемге чыгып, чечүүчү кармашта Мустафо Ахмедов аттуу тажикстандык балбанды утуу менен коло байгеге татыды. Азия чемпионаты 16-апрелге чейин болмокчу.
Россия лидери Владимир Путин Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолугушууда РФтин Украинанын энергообъектилерине жасаган чабуулдарын демилитаризация деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Президенттин айтымында, мындай жол Украинанын коргонуу өнөр жай комплексине түздөн-түз таасир этет. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жарандык объектилерине жасаган соккусуна жооп кылып россиялык аскерлер өлкөнүн энергетика, коргонуу өнөр жайы, аскердик башкаруу жана байланыш тармагынын инфраструктураларына чабуул жасап келет. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков армия эл жашаган үйлөр менен социалдык объектилерди бутага албастыгын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0