00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
16 000 сом сый акы же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу. Мыйзамсыз курал алып жүрүүдө мыйзам эмне дейт?
11:05
40 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
Археология, музеи и кражи: кто охраняет прошлое
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
15:04
40 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
Победа с масштабом ЕАЭС: студент КРСУ признан лучшим на международном конкурсе
16:04
42 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Көз мончок
Студенттер жайкы эс алууда эмне менен алектенишет?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Тема дня
Что ждать от форума ЕАЭС в Минске: экономика, бизнес, перспективы
18:05
40 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Туяк
Алыкул менен Мидиндин мамилеси жакшы болгон. Куйкум сөздү Мидин Алыбаевден “чоңдор” эмнеге чочулаган?
19:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
21:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Против смога — дымоходами: в Кыргызстане обсуждают российские технологии очистки воздуха
08:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
IV Евразия экономикалык форуму — ири иш-чарага Кыргызстан кандай даярданууда?
09:04
40 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ысык-Көлгө поезд менен - “Кыргыз темир жолу” кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт?
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Цифровая торговля без границ: новый вектор развития для ЕАЭС
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу сакталууда — климат, миграция, баанын өсүшү таасирин тийгизеби?
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Прародина кыргызов: почему историки до сих пор не пришли к единому мнению?
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гипертониялык жана жүрөк оорулуулар ысыктан кантип туруштук бере алышат - кардиолог менен маек
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Без виз и с правом на работу: что даёт статус «Мекен-карт». Разбираемся в деталях
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкө экономикасын өстүрүүдө илимдин иши кандай жүрүүдө?
17:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как Кыргызстан меняет правила игры для иностранных бизнесменов
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лето, жара и отравления: санэпиднадзор закрывает точки общепита
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гипертониялык жана жүрөк оорулуулар ысыктан кантип туруштук бере алышат - кардиолог менен маек
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын I кварталында Кыргызстандын экономикасы 8,8 пайызга, ал эми Кумтөрдү кошпогондо 9,8 пайызга өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөт башчы бул жөн эле сандар эместигин айтып, президенттин командасынын үч жылдык тынымсыз ишинин натыйжасы экенин белгиледи. "Биз туура жолдо баратабыз. Мындан ары да мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүүгө жана капиталды өнүктүрүүгө көңүл буруп, алдыга жыла беришибиз керек", — деген кабмин башчысы.
Депутаттар бала бакчалардагы тамак-ашты ата-энелер гана төлөгөн норманы алып салды. Демилгени депутат Элвира Сурабалдиева баштаган бир нече депутат иштеп чыккан. "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында үчүнчү окууда кабыл алынды. Баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Аида Исатбек кызы мыйзам долбоорунун максаты мектепке чейинки билим берүү боюнча жарандардын конституциялык укуктарын камсыздоо болуп эсептелерин белгиледи. Ошондой эле бала бакчаларда тамак-ашты ата-энелер гана төлөгөн ченемди алып салуу болуп саналарын кошумчалады. Мында "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.
Ушул жылдын 29-февралына карата өлкө аймагында иш алып барган коммерциялык банктардын саны 23тү түзгөн. Алардын филиалдары 319га жетет. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. Билдирмеге ылайык, банк секторунун суммардык активдери жыл башынан тартып беш пайыздык өсүү менен 645 миллиард сомду түзгөн. Аталган тармактагы кардарлардын кредит портфелинин көлөмү жыл башынан бери 0,5 пайызга жогорулады. Анда көрсөткүч 259,1 миллиард сомго жетет. Улуттук банк Кыргызстандагы банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы жыл башынан тартып 4,1 пайызга өсүү менен 449 миллиард сомду түзгөнүн белгиледи.
Бишкекте ысык суу 22-апрелден тарта 1-июнга чейин өчүрүлө турганын ТЭЦтин директору Алпбек Садыров брифингде билдирди. Буга чейин Энергетика министрлиги быйыл масштабдуу оңдоп-түзөө иштеринен улам ТЭЦ толук токтотуларын айткан. Адатта ремонт иштери бир айга созулчу. Эскерте кетсек, борбор калаада жылуулук берүү 22-мартта токтотулган.
Бишкекте күрөштүн үч түрү боюнча Азия биринчилиги башталды. Баалбандар ар бир түр боюнча 10 салмак категорияда күч сынашат.11-12- апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер, 15-16-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт. Беттештердин башталышы "Бишкек аренада" 11:00дө, ал эми финалдык күрөштөр 18:00дө болот. Белгилей кетсек, 19-21-апрель күндөрү борбор калаада күрөштүн үч түрү боюнча лицензиялык турнир өтөт.
Газа тилкесине жасалган чабуулдан палестиналык ХАМАС кыймылынын аталган аймактагы саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын үч уулу менен бир нече небереси көз жумганын РИА Новости билдирди. Хания балдарынын өлүмүнө комментарий берип жатып бул окуя кыймылдын Газадагы согуш отун токтотуу боюнча талаптарына таасирин тийгизбей турганын айткан. Ал Израиль менен каршылашып келген жылдардын ичинде 60ка чукул тууган-уругу, жакындары каза тапканын билдирген. Исмаил Ханияга Түркиянын, Ирандын, Палестинанын башчылары көңүл айтты. Буга чейин Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну бир нече ирет "канкор" жана "баш кесер" деп атаган. Ал өзүнүн саясий карьерасын улантуу жана Израилде ага карата башталган сот процессинен кыйгап өтүү үчүн Газа тилкесинде геноцид жасаганын белгилеген. Анкара ХАМАСты террордук уюм деп таануудан баш тартканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0