БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Спартак" стадионунун кичи аренасы министрлер кабинетинин чечими менен муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.Маалыматка ылайык, аталган аренанын аймагындагы курулмалар жер титирөөгө туруктуу эмес жана авариялык абалда деп техникалык корутунду чыккан.Ошондой эле "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын адистери чакан аянтчанын долбоорун иштеп чыкканы белгилүү болду.Эскерте кетсек, буга чейин Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалык кичи аренанын аймагындагы кафелерди демонтаждаган. Бошотулган аймактын ордуна жашыл зоналар калыбына келтирилет.
Муниципалитет эскирген стадиондун кичи аренасынын сүрөттөрүн жана келечектеги эскиздерин жарыялады.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Спартак" стадионунун кичи аренасы министрлер кабинетинин чечими менен муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Долбоордо спорт залдар, калыстар бөлмөлөрү, чечинүүчү жана машыктыруучу жайлар, административдик жана башка имараттар каралган
"Жакында жаңы кичи аренанын курулушу башталат. Долбоордо спорт залдар, калыстар бөлмөлөрү, чечинүүчү жана машыктыруучу жайлар, административдик жана башка имараттар каралган", — деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалык кичи аренанын аймагындагы кафелерди демонтаждаган. Бошотулган аймактын ордуна жашыл зоналар калыбына келтирилет.